Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 19-октябры № 706
Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан жер тилкесин «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Бишкек шаарынын Октябрь районунун аймагында социалдык-маданий жана тиричилик багытындагы объекттери жана жер алдындагы автопаркинги бар көп кабаттуу турак үйлөрдү куруу максатында, Бишкек шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 12-августундагы № 204 токтомун, Бишкек шаарында жер участокторун которуу (трансформациялоо) боюнча жер комиссиясынын 2026-жылдын 24-июлундагы корутундусун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесинин 13-пунктуна, «Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин экинчи бөлүгүнүн 121-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Бишкек шаарынын Октябрь районунун аймагында № 544, № 545 контурларда жайгашкан Шамшиев Айбек Джыргалбековичтин жеке менчигинде турган, жалпы аянты 2,0 га сугат айдоо жер тилкеси «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Бишкек шаарынын мэриясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
2) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесин максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
3) курулуш ченемдерин жана эрежелерин так сактоо менен шаар куруу жана архитектура жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесинин шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
4) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесинде тарыхый-маданий мурас объекттери табылган учурда аларды күтүүнү жана коргоону, Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамдарына ылайык казууларды жана курулуш иштерин жүргүзүүдө археологиялык көзөмөлдөө үчүн археолог адисти тартууну;
5) айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу суммаларын төлөө бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 16-беренесинин талаптарын сактоону;
6) жеке каражаттардын эсебинен аймактын жашоо-тиричилигин камсыз кылуу системасынын иштөөсүн жана өнүктүрүүнү, социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү уюштурууну;
7) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкеси пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда аны баштапкы абалына келтирүүнү караган чараларды көрүүнү;
8) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесинин бирдей маанидеги аянтын калыбына келтирүүнү, асылдуулугу төмөн жерлерге талдоо жүргүзүүнү жана аларды айыл чарба жүгүртүүсүнө киргизүүнү;
9) жамгырдын жана эриген кардын сууларын коопсуз буруу системасынын иштөөсүн, башкы пландагы жер титирөөгө каршы иш-чараларды жана тиешелүү аймактагы кооптуу процесстерге жана кубулуштарга мониторинг жүргүзүү, болжолдоо боюнча колдонмону сактоону;
10) коомдук саламаттык сактоо жаатындагы ченемдик актыларды сактоону;
11) чарбалык жана башка ишти жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо жана санитардык-эпидемиологиялык бейпилдик жаатындагы мыйзамдарына ылайык экологиялык жана санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткарууну;
12) электр өткөрүүчү аба линияларын коопсуз жана талаптагыдай пайдалануу үчүн коргоо аралыктарын сактоону;
13) «Автомобиль жолдору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык автомобиль жолунун бөлүнгөн тилкесин сактоону.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 20-октябрындагы № 79 (3839) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |