Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жалпак-Таш айылдык Кеңешинин V чакырылыштагы кезектеги 18-сессиясы
2016-жылдын 17-августу № 23
Жалпак-Таш айыл аймагынын ички жана тышкы жайыттарга болгон ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү жөнүндө
Жалпак-Таш айылдык кенеши Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» мыйзамынын 4-беренесине(2009-жылдын 26 январындагы №30 жаны редакциясы 2011-жылдын 11-июлундагы №91) таянып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жалпак-Таш айыл аймагына караштуу жалпы аянты 9882га,( анын ичинде жазгы-кузгу жайыт 2581га, жайкы жайыт 2180га) жайыт жерге болгон Жалпак-Таш айыл окмотунун ыйгарым укуктары коомчулуктун мучолорунун жайыттарды башкарууга активдүү катышуусун камсыздоо учун Жалпак-Таш Жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткүрүлүп берилсин.
2.Ыйгарым укуктарды откоруп беруу учун Жалпак-Таш айыл өкмүтү менен Жайыт пайдалануучулар бирикмеси ортосунда келишим тузулсун. (келишим тиркелет)
3.Токтомдун аткарууга алуу жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүө жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын козомолдоо «Айыл чарбасы, онор жай, курулуш, транспорт, энергетика маселелери» боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | М. Суранов |
| Тиркеме №1 Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2016-жылдын “17”августундагы № 23 токтомуна тиркеме |
Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктарды жайыт падалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү жөнүндө типтүү
«Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесин аткаруу максатында,ошондой эле Ош облусунун Озгон районунун Жалпак-Таш айыл окмотунун жайыт жерлерин натыйжалуу башкаруу жана сарамжалдуу пайдаланышын камсыз кылуу учун бир тарабынан Жалпак-Таш айыл округунун башчысы: Паизов Сооронбек(мындан ары –жергиликтуу оз алдынча башкаруу органы)жана экинчи тарабынан Ош облусунун Озгон районунун Жалпак-Таш айыл округунун Жайыт пайдалануу чулар бирикмесинин: котоо №109991-3306-У-е,ОКПО 26579724,ИНН 02401201010012 каттоо датасы:24.01.2010ж Дареги: Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Озгон району, Жалпак-Таш айыл округу, Курбу-Таш айылы. Жайыт комитетинин торагасы: Конурбаев Самарбек (мындан ары- жайыт пайдалануучулар бирикмеси) томонкулор тууралуу Келишим тузушту:
1.Келишимдин негизи.
1.1Жергиликтуу оз алдынча башкаруу органы Жайыт пайдалануучулар бирикмесине Ош облусунун Озгон районунун Жалпак-Таш айыл округунун берилуучу жайыт жерлеринин балансына(ушул Келишимдин № 1 тиркемеси)ылайык жалпы аянты 9882га. Анын ичинде жазгы-кузгу 2581га, жайкы 2180га жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктарын откоруп берет.
1.2 Жогоруда аталган жайыт жерлери менен кошо Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт инфраструктурасынын обьектилерин кабыл алуу-откоруп беруу актысына(ушул Келишимдин № 2 тиркемеси) ылйык откоруп берилет.
2.Тараптардын укуктары жана милдеттери.
2.1Жергиликтуу оз алдынча башкаруу органы томонкулорго укуктуу:
-жайыт башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктарын Жайыт пайдалануучулар бирикмесине откоруп берууго;
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, жайыт башкаруу жана пайдалануу боюнча жамаатардын планына жана жайыттарды пайдалануунун жылдык планына ылайык жайыт башкаруу жана пайдаланышын контролдоого;
-Жайыт пайдалануучулар бирикмесинен мыйзамдардагы,жайыт башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттардын планындагы жана жайыттарды пайдалануунун жылдык планындагы укук бузууларды четтетууну талап кылууга;
Жайыттардын абалы жана сапаты тууралуу маалымат сурап алууга, жайыт башкаруу жана пайдалануу боюнча откоруп берилген ыйгарым укуктарды аткаруунун жыйынтыгы жонундо Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин отчетторун угууга;
-Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыттарды жана жайыт инфраструктурасын башкаруунун жана пайдалануунун,аларды жакшыртуунун жана коргоонун алдынкы талаптарын сунуш кылууга;
-Мыйзамдарда каралган башка ыйгарым укуктарды ишке ашырууга.
2.2. Жергиликтуу оз алдынча башкаруу органы томонкулорго милдетуу:
-Жайыт пайдалануучулар бирикмеси берген жайыт башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттардын планын жана жайыттарды пайдалануунун жылдык планын кароого жана бекитууго;