Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КР Президентинин 2009-жылдын 24-февралындагы № 131

Жарлыгына ылайык

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

1998-жылдын 24-апрели ПУ № 140

Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жобону бекитүү тууралу

(КР Президентинин 1999-жылдын 15-февралындагы № 48 жарлыгынын редакциясына ылайык)

"Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жобо (1-тиркеме);

- Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясынын курамы (2-тиркеме).

2. Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасынын милдеттери Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жумалиев Кубанычбек Мырзабековичке жүктөлсүн.

3. Төмөнкүлөр күчүг жоготту деп табылсын:

- "Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жобону бекитүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 1997-жылдын 7-октябрындагы № 281 Указы;

- "Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жобого өзгөртүү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 1997-жылдын 29-октябрындагы № 301 Указы.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А.Акаев

 

 

2-тиркеме

 

 

Кыргыз Республикасынын

Президентинин 1998-жылдын

24-апрелиндеги № 140

Указы менен бекитилген

(Күчүн жоготту)