Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 8-июлу № 7
Т. Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2016-2019 -жылдарга карата жайыт башкаруу планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жайыт жөнүндө” мыйзамынын 4-беренесине ылайык жана «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Жалал-Абад шаардык мэриясынын 04.07.2016-жылдагы № 04-04/1578-сандуу катын шаардык кеӊештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы жана бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиялары карап чыгып, туруктуу комиссиялардын корутундусунун негизинде, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезектеги XХXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т. Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2016-2019-жылдарга карата жайыт башкаруу планы № 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2016-2019-жылдарга карата жайыт башкаруу планындагы иш чараларды жана долбоорлорду мыйзам чегинде аткаруу жагы Т. Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгынын башчысына (А.Паизов) жана жайыт комитетинин төрагасына (Б. Акаевге) милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеӊештин жооптуу катчысына (Б. Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин жана аткарылгандыгы жөнүндө маалыматтык шаардык кеңешке берүү жагы Т. Тайгараев атындагы АБнын башчысына (А.Паизов) милдеттендирилсин.
5. Токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага | Э. Ормоков |
Тиркеме
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин
08.07.2016-ж. кезектеги XXXIV сессиясынын
№____токтому менен бекитилди
Тайгараев аймактык башкармалыктын Жайыт Пайдалануучулар Бирикмесинин (ЖПБ) 2016-2019 жылдарга карата жайыт башкаруу планы»
Жалал-Абад шаары 2016-ж.
.
Киришүү.
Тайгараев аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмеси тарабынан жакынкы торт жылдык мезгилге иштелип чыккан жайыт пайдалануунун жаматтык планы ушул ЖК караштуу жайыт участкаларын жакшыртуунун перспективдуу иш пландарын иш жүзүнө ашырууну карап чыгат. Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндөгү” мыйзамы 19.06.2009-ж токтомунун негизинде 2010-жылдын 21-майдан Тайгараев аймактык башкармалыктын Жайыт Пайдалануучулар Бирикмеси түзүлүп иштей баштады. Жайыт пайдалануучулар бирикмеси (ЖПБ) жөнундөгү кыскача маалымат: Жайыт пайдалануучулар бирикмеси Тайгараев аймактык башкармалыктын территориалдык коомдук өзүн-өзүн башкаруу органы болуп эсептелет. ЖПБ- бул Тайгараев аймактык башкармалыктын тургундарынан өз ыктыярдуулугу менен куралган бирикме.
ЖПБ- Жалал-Абад шаарына караштуу Тайгараев аймактык башкармалыгынын териториясында жайгашып бүтүндой Тайгараев округунун территориясында иш жүргүзөт.
ЖПБ иш аракетинин мөөнөтү чектелген эмес.
ЖПБ коммерциялык эмес уюм болуп эсептелет, анан уюштуруу-укуктук формасы аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органы болуп саналат. ЖПБ мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып өз иштерин жүргүзүү боюнча юридикалык жактын статусуна, укугуна жана милдеттерине ээ болот жана соттордо доогер,жооп берүүчү катары чыгат. ЖПБ нын аталышы түшүрүлгөн мөөрү, кыргыз жана орус тилдеринде штампы, эсептик, жана башка банктык эсептер бар ЖПБ юридикалык адреси: Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад шаары, Качкынчы айылы.
ЖПБнын уставы Жайыт пайдаланучулар бирикмесинин Жалпы жыйынында № 1 протоколу 21-май 2010-жылы бекитилген.
ЖПБ нын башкаруу органы болуп: Жалпы чогулушу – жогорку башкаруу органы болуп эсетелет; Аткаруу орган- Жайыт комитети;
Тайгараев айыл окмотунун жайыт комитетинин курамы 15 адам, анын ичинен 4-Ш/К депутат. ЖПБ нын ревизиалык комиссиясы 3– ревизиялык контролдоочу орган.
Тайгараев А/О ЖПБнин түзүлушү:
Коомдук башкаруу уюму тарабынан макулдашылган.
ЖПБ нин курамы– 15 адам
Устав 2010- жылы юстициядан катоодон откон.
Тайгараев айыл аймагынын жайыт комитетинин |
КУРАМЫ |
№1 Таблица
№ | Аты жөнү | Жашаган жери | Кызматы |
1. | Паязов Афтандил | С.Жээнбеков | АБ башчысы |
2. | Ормоков Эрнист | г.Жалал-Абад | ЖК торагасы |
3. | Акаев Бегалы | Тоо-Кызыл-Суу | ЖтК торагасы |
4. | Маматов Н | Котур-Каман | ЖК депутат |
5. | Осмонов С | Д.Баев | ЖК депутат |
6. | Ботокараев К | Чапкынчы | ЖК депутат |
7. | Маматова А | Д.Баев | ЖК мучо |
8. | Солпиева А | Чапкынчы | ЖК мучо |
9. | Шералиева Г | Кыргызстан | ЖК мучо |
10. | Асанов А | Чапкынчы | ЖК мучо |
11. | Жусупалиев К | Чапкынчы | ЖК мучо |
12. | Усенов А | Кыргызстан | ЖК мучо |
13. | Джороев А | С.Жээнбеков | ЖК мучо |
14. | Кушбаков А | Тош-Кутчу | ЖК мучо |
15. | Маматов С | Котур-Каман | ЖК мучо |
Тайгараев жайыт комитетинин ревизиялык комиссиясынын курамы
№2 Таблица
№ | Аты жөнү | Жашаган жери | Кызматы |
1 | Ж.Усенов | С.Жээнбеков | РК торагасы |
2 | Р.Токтакунова | С.Жээнбеков | РК мучо |
3 | Тологонов Н | Кыргызстан | РК мучо |
Тайгараев жайыт комитетнини МДКТ мучолорунун
курамы
№3 Таблица
№ | Аты жөнү | Жашаган жери | Кызматы |
1 | Капаров Тениз | Тош-Кутчу | ПОЗЖ торагасы |
2 | Маматов Б | Качкынчы | Мучо |
3 | Келгенбаева А | Качкынчы | Мучо |
Тайгараев А/О территориясынын табигый шарттары жана өзгөчөлүктөрү.
Жайгашкан жери.
Тайгараев аймактык башкармалыгы Жалал-Абад шаарынын тундук-чыгыш тарабынан орун алып Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын курамына кирет. Шаардын борборунан 12 км алыстыкта жайгашкан. Чыгыш тарабынан Багыш айылдык округу менен, туштук тарабынан Таш-Булак айылдык округу менен чектешкен. Дениз деңгээлинен 735 м бийиктикте жайгашкан.
1.2.2. Климаты.
Тайгараев АБ териториясынын климаттык мелуун, кышкысын шамалдуу аймакка кирет: Дыйканчылык зонасы, адыр-сырт зонасы жана кээ бир айлдары тоолуу зонадан турат. Жалпысынан а/б териториясы кээ бир айылдары тоолуу жана шаарга жакын аймакка кирет, мал чарбасынада ынгайлуу. Жаан чачындардын өлчөмдөрү негизинен кыш, жаз, күз мезгилдерине көбүүрөөк болуп, орточо жылдык жаан чачын 110-150 мм.ди тузот. Жайкысын ысык, кышдасы толу айылдары суук болуп, кыш мезгили декабырдан март айына чейин созулат. Кышкы эн суук мезгилде абанын температурасы -20-30 градусту тузот, тоолу зоналарда жаан-чачындардын өлчөмү ылдыйкы зоналарга салыштырмалуу жогору, бул болсо жайкы мал багууга шарттарды түзөт.
1.2.3. Топурак.
Тайгараев аймактык башкармалыктын жайыттарынын кунгөй жерлеринин, кыштоолорунун топурагы кара-сары топурактуу жана токойлуу келет. Жайлоолорунун жана жаздоо, куздоо жайыттары кара-ак топурактуу келет.
1.2.4. Гидрология.
Тайгараев а/б териториясынан агып өтүүчү негизги суулар негизги суу, тоо башындагы мөнгүлөрдүн эрүүсүнөн жана өзөндөрдөн агып чыккан булак сууларынан башталат. Дыйканчылыкка жана малдарды сугарууга Кок-Арт суусу пайдаланылат.
Жайыттарда жана жайкы жайлоолордо колоттордон аккан булак сууларынан, малдарды суугарууда пайдаланылат.
1.3. Калкынын саны тууралуу маалымат:
Тайгараев а/б калкынын саны- 8562 киши.
Тутундун саны- 1710
1-болум Малды инвентаризациялоо
Жайыт пайдалануучулар бирикмесиндеги малдын саны тууралуу маалымат
№4 Таблица
Малдын туру | Саны |
Уйлар | 2103 |
Торпоктор | 1089 |
Кой-эчки | 9535 |
Жылкылар | 713 |
Эшектер | 111 |