Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2013–жылдын 23-декабры № 52/8
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы №76/9, 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/25 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 26-апрелиндеги №60 “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзамына ылайык келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасы тарабынан 2002-жылдын 11-сентябрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2002-жылдын 25-октябрында №135-02 номеринде каттоодон өткөн №37/2 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана иши жөнүндө” жобого;
2) Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 31-январында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 5-мартында №27-07 номеринде каттоодон өткөн №5/1 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык компанияларды лицензиялоо, кайра өзгөртүп түзүү жана жоюу жөнүндө” жобого;
3) (КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/25 токтомунуна ылайык күчүн жоготту)
4) Улуттук Банк Башкармасы тарабынан 2000-жылдын 30-ноябрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2000-жылдын 15-декабрда №201 номеринде каттоодон өткөртүлгөн №42/1 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө” жобого;
5) Улуттук Банк Башкармасы 2011-жылдын 27-июлундагы №40/4 токтому менен бекитилген “Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө” жобого
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы №76/9, 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/25 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Юридика башкармалыгы:
- ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтына жарыяласын;
- токтом расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Иштеп турган микрокредиттик компаниялар ушул токтом күчүнө кирген күндөн кийинки он эки ай ичинде уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүн Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2002-жылдын 11-сентябрындагы №37/2 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана иши жөнүндө” жобонун 2.8-пунктунун талаптарына ылайык келтиришсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Улуттук банктын Төрагасынын орун басары З.Л. Чокоев мырзага жүктөлсүн.
Төрага | З. Асанкожоева |
| Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2013-жылдын “23” декабрында № 52\8 токтомуна карата тиркеме |
“Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы №76/9, 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/25 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы №76/9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 31-январында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 5-мартында №27-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн, №5/1 “Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык компанияларды лицензиялоо, кайра өзгөртүп түзүү жана жоюу жөнүндө” жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1) Жобонун 1.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
«1.1. Улуттук банктан лицензия алган жана юридикалык жактарды жана жеке адамдарды микрокредиттөөнү жана Кыргыз Республикасынын “Микрофинансылык уюмдар жөнүндө” мыйзамында каралган операциялардын башка түрлөрүн, анын ичинде, жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды тартууну жүзөгө ашырышкан, акционердик коом формасында түзүлгөн, адистештирилген финансы-кредиттик мекеме, микрофинансылык компания болуп саналат”. Микрофинансылык компаниялар Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын негизинде, операцияларын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууга укуктуу.
2) Жобонун 1.2-пунктундагы “микрокредит” деген сөз “микрофинансылык кызмат көрсөтүүлөр” деген сөздөргө алмаштырылсын.
3) Жобонун 1-бөлүгү төмөнкү мазмундагы 1.4-пункту менен толукталсын:
«1.4. «Микрофинансылык сектор үчүн системалык мааниге ээ микрофинансылык компаниялар система түзүүчүлөр болуп саналышат. Системалык маанилүүлүк критерийи Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен аныкталат. Система түзүүчү микрофинансылык компанияларга карата жөнгө салуунун жана көзөмөлдүктүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банк тарабынан белгиленген атайын режими колдонулат».
4) Жобонун 2.3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
«2.3. Жеке адамдар жана юридикалык жактар –Кыргыз Республикасынын резиденттери же резидент эместери микрофинансылык компаниянын уюштуруучуларынан жана акционерлеринен боло алышат, мында юридикалык жактын аны контролдоочу же ал тарабынан контролдонуучу же аны менен жалпы контролдукта турган кайсы болбосун башка юридикалык жактын үлүшү менен биргеликте микрофинансылык компаниянын добуш берүүчү акцияларынын 20 пайызынан ашпоого тийиш. Бул чектөө Улуттук банктын талаптарына ылайык келген шартта, банктык жана/же финансылык иш менен алектенген юридикалык жакка, ошондой эле чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмга таркатылбайт».
5) Жобонун 2.4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
«2.4. Уюштуруучулардан болушкан юридикалык жактар мыйзамда белгиленген тартипте каттоодон өткөн болууга, туруктуу финансылык абалга ээ болууга жана кеминде эки жыл ичиндеги салыктарды жана ага барабар төлөмдөрдү төлөө боюнча өз милдеттенмелерин аткарууга тийиш (үч жылдан ашык иштешкен уюштуруучулардан болушкан – юридикалык жактар үчүн).
Төмөндөгү бир же бир нече белгилерге дал келген адамдар микрофинансылык компаниянын уюштуруучусу же акционери (катышуучу) болуусуна жол берилбейт:
1) уюштуруучунун же акционердин финансылык кудуретсиздиги (банкроттугу)»;
2) уюштуруучунун же акционердин (катышуучунун) финансылык же экономикалык кылмыш чөйрөсүндө мыйзамда белгиленген тартипте алынып салына элек же төлөнө элек соттолгондугу болгон болсо;
3) уюштуруучуга же акционерге (катышуучуга) карата банк ишин жүзөгө ашырууга тыюу салган, соттун чечими бар болсо;
4) оффшордук аймакта катталган же ушундай аймактарда катталган адамдар жана/же аффилирленген жактар, же болбосо тизмеси Улуттук банк тарабынан белгиленген оффшордук аймакта жашаган жеке адамдар катышуучусу болуп саналган юридикалык жактар;
5) оффшордук аймактардын резиденттеринен болуп саналышкан, тизмеси Улуттук банк тарабынан белгиленген оффшордук аймакта жашашкан жеке адамдар;
6) акчанын изин жашырууга жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү боюнча эл аралык стандарттарды иштеп чыгуу жана жайылтуу боюнча эл аралык уюмдардын сунуш-көрсөтмөлөрүн колдонушпаган жана терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттерди көрүү жагында эл аралык кызматташууга катышышпаган мамлекеттерде катталган же ушундай өлкөдө катталган адамдар жана/же аффилирленген жактар, же болбосо тизмеси Кыргыз Республикасынын терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттерди көрүү жагында мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген ошол мамлекеттердин аймагында жашашкан жеке адамдар катышуучусу катары саналган юридикалык жактар;
7) акчанын изин жашырууга жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү боюнча эл аралык стандарттарды иштеп чыгуу жана жайылтуу боюнча эл аралык уюмдардын сунуш-көрсөтмөлөрүн колдонушпаган жана терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттерди көрүү жагында эл аралык кызматташууга катышышпаган мамлекеттердин резиденти болуп саналган жана/же ушундай мамлекетте жашаган адамдар булардын тизмеси Кыргыз Республикасынын терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттерди көрүү жагында мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген ошол мамлекеттердин аймагында жашашкан жеке адамдар катышуучусу катары саналган жеке адамдар;
8) Кыргыз Республикасы да кошулган эл аралык уюмдардын бул мамлекеттердин жеке адамдары жана юридикалык жактары менен кызматташууга тыюу салууларды жана/же чектөөлөрдү караган санкцияларды колдонуу жөнүндө чечим кабыл алынган мамлекеттерде катталган жана/же ушул мамлекеттерде катталган адамдар жана/же аффилирленген жактар катышуучусу болуп саналган юридикалык жактар. Тышкы иштер чөйрөсүндө ыйгарым укук чегерилген мамлекеттик орган жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органы Улуттук банктын талабы боюнча эл аралык санкциялар тууралуу маалыматты сунушташат;
9) Кыргыз Республикасы да кошулган эл аралык уюмдардын бул мамлекеттердин жеке адамдары жана юридикалык жактары менен кызматташууга тыюу салууларды жана/же чектөөлөрдү караган санкцияларды колдонуу жөнүндө чечими кабыл алынган мамлекеттердин резиденттеринен болуп саналышкан жана/же ошол мамлекеттердин аймагында жашашкан жеке адамдар. Тышкы иштер чөйрөсүндө ыйгарым укук чегерилген мамлекеттик орган жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органы Улуттук банктын талабы боюнча эл аралык санкциялар тууралуу маалыматты сунушташат.
6) Жобонун 3.2-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«3.2. Микрофинансылык компания Улуттук банк тарабынан белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен төмөнкүдөй банктык операцияларды жүзөгө ашыра алат:
1) камсыздалган жана камсыздалбаган микрокредиттерди берүү;
2) кардарлардын жыйымдарын топтоо максатында, жеке адамдардан жана юридикалык жактардан кайтарымдуулук шарттарында мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу;
3) карыздык милдеттенмелерди сатып алуу жана сатуу (факторинг);
4) финансылык лизинг боюнча операцияларды жүзөгө ашыруу, мында микрофинансылык компания мүлктү сунуштоочунун же анын ээсинин мүлкүнүн сатылышын андан сатып алуу жана сатып алуучуга кредит шарттарында сатуу аркылуу каржылоо менен, мүлктү сунуштоочу менен мүлк ээсинин ортосундагы ортомчу катары иш алып барат;
5) банк менен агенттик келишим боюнча чекене банктык кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруу – микрофинансылык компанияда кардарларга эсеп ачуусуз эле;
6) Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык, чет өлкө валютасын өз атынан сатып алуу жана сатуу;
7) бир карыз алуучуга кредиттин максималдуу өлчөмүнүн микрокредит (лизинг) менен чогуу алгандагы нормативинен ашпаган өлчөмдө гарантияларды берүү;
8) ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык микрокаржылоо кызматтарын сунуштоо. Мында, компания кардарлардын жыйымдарын топтоо максатында жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды кайтарымдуулук шарттарында кабыл алууга лицензиясы болгон шартта гана «Мудараба» жана «Кард Хасан» бүтүмдөрү боюнча каражаттарды тартууга укуктуу.
Улуттук банктын кошумча лицензиясы (лицензияда көрсөтүлсө) болгон шартта микрофинансылык компания ушул пункттун 1-3 жана 6-пунктчаларында көрсөтүлгөн операциялардын бардыгын же айрымдарын гана чет өлкө валютасында жүзөгө ашырууга укуктуу.
Микрофинансылык компаниянын карыз алуучусу (лизинг алуучу) же карыз алуучулар тобу микрокредиттин негизги суммасы, пайыздар жана (же) микрокредитти төлөөгө байланыштуу башка төлөмдөрдү кошо алганда, кредит кайсыл валютада алынса, ошол валютада, б.а чет өлкө валютасында сыяктуу эле, улуттук валютада төлөй алат. Мында карыз алуучу (лизинг алуучу) же карыз алуучулар тобу микрокредиттик (лизинг) төлөөгө улуттук валютадагы төлөмдөрдү, чет өлкө валютасынын, эгерде келишимде башка курс белгиленбесе, Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык аныкталган төлөө күнүндөгү расмий курсу боюнча жүзөгө ашырылат.
7) Жобонун 3.11-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Бул тыюу салуу туунду банктарга же туунду микрофинансылык компанияларга, эгерде алар негизги (башкы) банктардын же микрофинансылык уюмдардын (башкы) аталышын алып жүрүшсө, таркатылбайт.».
8) Жобонун 3-бөлүгү төмөнкү пункттар менен толукталсын:
- төмөнкү мазмундагы 3.12-пункт менен:
«3.12. Микрофинансылык компания, анын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү жайгашкан жеринде алардын аталышы жазылып турууга тийиш.».
- төмөнкү мазмундагы 3.13-пункт менен:
«3.13. Микрофинансылык компания, анын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү жайгашкан орду өзгөргөн шартта, каттоодон өткөртүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына бул тууралуу өз убагында маалымдоого тийиш.».
9) Жобонун 4.2-пунктунун 8-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:
«8) Шариат кеңешинин мүчөлөрү тууралуу маалыматты кошо алганда, МФКнын кызмат адамдарынын тизмеси (ишин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырышкан компания үчүн), ошондой эле алардын Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келишин тастыктаган анкеталар жана маалыматтар;».
10) Жобонун 4.6-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
«4.6. Чет өлкө валютасындагы камсыздалган жана камсыздалбаган микрокредиттерди берүү укугуна; ишин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырышкан компаниялар үчүн «Мудараба» жана «Кард Хасан» (каражаттарды тартуу) бүтүмдөрүн кошо алганда, кардарлардын чет өлкө валютасындагы жыйымдарын топтоо максатында, жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды кайтарымдуулук шарттарында кабыл алууга; чет өлкө валютасында карыздык милдеттенмелерди сатып алуу жана сатууга (факторинг); бир карыз алуучуга кредиттин максималдуу өлчөмүнүн микрокредит менен чогуу алгандагы нормативинен ашпаган өлчөмдө, чет өлкө валютасындагы гарантияларды берүүгө; чет өлкө валютасын өз атынан сатып алууга жана сатууга кошумча лицензия алуу үчүн Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгына төмөнкү документтер эки нускада сунушталат:
1) кошумча лицензияны талап кылган, операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия берүү жөнүндө өтүнүч кат;
2) уюштуруучунун чечиминин же акционерлердин жалпы чогулушунан протоколдун түп нускасы же нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, аларда кошумча лицензияны талап кылган операцияларды жүзөгө ашыруу жөнүндө чечим/кошумча лицензияны талап кылган бир нече операцияларды жүргүзүү укугуна лицензиялар камтылат;
3) МФКнын уставынын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, анда кошумча лицензияны талап кылган операциялардын жүзөгө ашырылышы/кошумча лицензияны талап кылган бир нече операцияларды жүргүзүү укугуна лицензиялар каралган;
4) кошумча лицензияны талап кылган операциялардын жүзөгө ашырылышын/кошумча лицензияны талап кылган бир нече операцияларды жүргүзүү укугуна лицензияларды эске алуу менен иштелип чыккан бизнес-план;
5) МФКнын уюштуруу түзүмү жөнүндө маалыматтар;
6) каражаттардын МФКнын уставдык капиталы катары коммерциялык банктагы топтоо эсебине салынгандыгын тастыктаган документ (ушул Жобонун 2.6-пунктуна ылайык);
7) аудитордук уюмдун уюштуруучулардын финансылык абалы тууралуу корутундусу же алардын финансылык жактан ийгиликтерин тастыктаган башка маалыматтар;
8) лицензиялык жыйымдын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө жана тартипте төлөнгөндүгүн тастыктаган документ”
МФК аманатчы менен макулдашылган шартта, өз атынан депозиттерди тартуу укугуна лицензия алуу учурунда ушул Жобонун 4.6-пунктунда көрсөтүлгөн документтерге кошумча Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамында каралган документтерди банктык лицензияны алуу үчүн сунуштайт, мында МФКнын жайлары, анын ичинде филиалдарынын жайлары да техникалык чыңдалышы, жабдылышы, өрт коопсуздугу боюнча Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин жана Улуттук банктын 2010-жылдын 11-февралындагы N 97/24-0 буйругу менен бекитилген “Кыргыз Республикасында банктардын, финансы-кредиттик мекемелердин техникалык чыңдалышы жана аларды коргоо тартиби боюнча бирдиктүү талаптар жөнүндө” нускоодо белгиленген талаптарга ылайык келүүлөрү тийиш, бул тууралуу МФК менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ортосунда тиешелүү актылар түзүлүүсү зарыл.
11) Жобонун 4.11-пунктундагы «отуз календардык күн» деген сөздөр «эки ай» деген сөзгө алмаштырылсын.
12) Жобонун 5.2-пунктундагы «отуз календардык күн» деген сөздөр «эки ай» деген сөзгө алмаштырылсын.
13) Жобонун 7.1-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«МФК филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн чет мамлекеттин аймагында жүргүзгөн иши, алар ачылган өлкөнүн мыйзамдарынын жана/же мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдердин негизинде жүзөгө ашырылат.».
14) Жобонун 7.5-пунктунун биринчи абзацында “Улуттук банкка билдирилген” деген сөздөр «ачылышына документтерди Улуттук банкка сунуштоо» деген сөздөргө алмаштырылсын.
15) Жобонун 9.7.2-пункту төмөнкү мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
«Уставдык өлчөмү көбөйтүлгөн шартта, уюштуруучулардын акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого өбөлгө түзгөн маалыматтар сунушталат».
16 Жобонун 9.8.5-пунктундагы “беш” деген сөз “үч” деген сөзгө алмаштырылсын.
17) Жобонун 9.8.6-пунктундагы “беш” деген сөз “үч” деген сөзгө алмаштырылсын.
18) Жобонун 10.2-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
“Микрофинансылык компанияны жоюу, анын ичинде Улуттук банк тарабынан лицензиясы кайтарылып алынышы учурунда милдеттери анын катышуучуларына (акционерлерине) же микрофинансылык уюмдун уставы менен ыйгарым укук чегерилген башкаруу органына жүктөлөт, мында төмөнкү учурлар эске алынбайт:
- төлөөгө жөндөмсүз (банкроттук) шартында микрофинансылык уюм Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамына ылайык жоюлат;
- мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу укугуна ээ микрофинансылык компанияларды жоюу Кыргыз Республикасынын “Банктарды банкроттоо жана жоюу жөнүндө” мыйзамына ылайык жүзөгө ашырышат.
19) Жобого карата 3-тиркеменин 7-пунктундагы “Директорлор кеңеши” деген сөздөн кийин “Шариат кеңеши” деген сөздөр менен толукталсын.
20) Жобого карата 4-тиркеменин 13-пунктундагы “Директорлор кеңеши” деген сөздөн кийин “Шариат кеңеши” деген сөздөр менен толукталсын
21) Жобого карата 7-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин:
| Кыргыз Республикасынын аймагындагы МФКларды лицензиялоо, кайра өзгөртүп түзүү жана жоюу жөнүндө жобого карата 7-тиркеме |
(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2012-жылдын 11-июлундагы N 29/5 токтомунун редакциясында)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ Улуттук валютада айрым банктык операцияларды жүргүзүү укугуна N ______ ЛИЦЕНЗИЯ "___" _____________ 200__ ж.
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы миркофинансылык уюмдар жөнүндө” мыйзамына ылайык, жакырчылыкты жоюу, жумуштуулук деңгээлин жогорулатуу, ишкердикти өнүктүрүүгө көмөктөшүү жана калайык-калкты социалдык жактан мобилизациялоо үчүн микрокаржылоо боюнча жеткиликтүү кызматтарды сунуштоо максатында түзүлгөн микрофинансылык компания ____________________________________________________________________________
(толук аталышы)
МФКнын юридикалык дареги ________________________________________ _______________________________________________________________________
(кыскартылып аталышы)
1. Бул лицензия төмөнкү айрым операцияларды жүзөгө ашырууга уруксат берет:
1.1) камсыздалган жана камсыздалбаган микрокредиттерди берүү;
1.2) кардарлардын жыйымдарын топтоо максатында жеке адамдардан жана юридикалык жактардан аманаттарды кайтарымдуулук шарттарында мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу;
1.3) карыздык милдеттенмелерди сатып алуу жана сатуу (факторинг);
1.4) банк менен агенттик келиишм боюнча чекене банктык кызмататрды жүзөгө ашыруу – микрофинансылык компанияда кардарларга эсептерди ачуусуз эле;
1.5) бир карыз алуучуга кредиттин максималдуу өлчөмүнүн микрокредит (лизинг) менен чогуу алгандагы нормативинен ашпаган өлчөмдө гарантияларды берүү»
2. Айрым банктык операцияларды жүргүзүүгө чектөө баракчалары ушул лицензиянын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
Лицензия Улуттук банктын Төрагасынын Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин түздөн-түз тескөөгө алган орун басары кол койгондон тартып күчүнө кирет.
Лицензия анда түздөн-түз чагылдырылган операцияларды жүзөгө ашыруу укугун сунуштайт.
Лицензия ажыратылгыс (өздүк) болуп саналат. Ушул лицензиядан улам келип чыкан укуктар үчүнчү жактарга берилбейт.
Мөөр
Улуттук банктын Төрагасынын орун басары
22) Жобого карата 8-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин:
| Кыргыз Республикасынын аймагындагы МФКларды лицензиялоо, кайра өзгөртүп түзүү жана жоюу жөнүндө жобого карата 8-тиркеме |
Улуттук валютада айрым банктык операцияларды жүргүзүү укугуна 200__жылдын “___”_________ берилген №_______ лицензияга карата N _____ ЧЕКТӨӨ БАРАКЧАСЫ "___" _____________ 200__ ж.
"_______________________________________микрофинансылык компания _____________________________________________________________________
(юридикалык жактан толук аталышы)
Банктык операциялардын катар номери | Чектөөлөрдүн болушу | Чектөөлөр күчүнө кире баштаган күн | Эскертүү |
1.1 | Жок |
|
|
1.2 | Жок |
|
|
1.3 | Жок |
|
|
1.4 | Жок |
|
|
1.5 | Жок |
|
|
Улуттук банктын Төрагасынын орун басары
23) Жобо төмөнкү мазмундагы 11-тиркеме менен толукталсын:
| Кыргыз Республикасынын аймагындагы МФКларды лицензиялоо, кайра өзгөртүп түзүү жана жоюу жөнүндө жобого карата 11-тиркеме
|
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ Улуттук валютада айрым банктык операцияларды жүргүзүү укугуна N ______ ЛИЦЕНЗИЯ "___" _____________ 200__ ж.
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы миркофинансылык уюмдар жөнүндө” мыйзамына ылайык, жакырчылыкты жоюу, жумуштуулук деңгээлин жогорулатуу, ишкердикти өнүктүрүүгө көмөктөшүү жана калайык- калкты социалдык жактан мобилизациялоо үчүн микрокаржылоо боюнча жеткиликтүү кызматтарды сунуштоо максатында түзүлгөн микрофинансылык компания ____________________________________________________________________________
(толук аталышы)
МФКнын юридикалык дареги ________________________________________ ____________________________________________________________________
(кыскартылып аталышы)
1. Бул лицензия төмөнкү айрым операцияларды жүзөгө ашырууга уруксат берет:
1.1 ) камсыздалган жана камсыздалбаган микрокредиттерди берүү;
1.2) кардарлардын жыйымдарын топтоо максатында жеке адамдардан жана юридикалык жактардан аманаттарды кайтарымдуулук шарттарында мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу;
1.3) карыздык милдеттенмелерди сатып алуу жана сатуу (факторинг);
1.4) банк менен агенттик келиишм боюнча чекене банктык кызматтарды жүзөгө ашыруу – микрофинансылык компанияда кардарларга эсептерди ачуусуз эле;
1.5) бир карыз алуучуга кредиттин максималдуу өлчөмүнүн микрокредит (лизинг) менен чогуу алгандагы нормативинен ашпаган өлчөмдө гарантияларды берүү»
2. Айрым банктык операцияларды жүргүзүүгө чектөө баракчалары ушул лицензиянын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
Лицензия Улуттук банктын Төрагасынын Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин түздөн-түз тескөөгө алган орун басары кол койгондон тартып күчүнө кирет.
Лицензия анда түздөн-түз чагылдырылган операцияларды жүзөгө ашыруу укугун сунуштайт.
Лицензия ажыратылгыс (өздүк) болуп саналат. Ушул лицензиядан улам келип чыкан укуктар үчүнчү жактарга берилбейт.
Мөөр
Улуттук банктын Төрагасынын орун басары
24) Жобо төмөнкү мазмундагы 12-тиркеме менен толукталсын:
| Кыргыз Республикасынын аймагындагы МФКларды лицензиялоо, кайра өзгөртүп түзүү жана жоюу жөнүндө жобого карата 12-тиркеме |
Улуттук валютада айрым банктык операцияларды жүргүзүү укугуна 200__жылдын “___”_________ берилген №_______ лицензияга карата N _____ ЧЕКТӨӨ БАРАКЧАСЫ
"___" _____________ 200__ ж.
"_______________________________________" микрофинансылык компания _______________________________________________________________________
(юридикалык жактан толук аталышы)
Банктык операциялардын катар номери | Чектөөлөрдүн болушу | Чектөөлөр күчүнө кире баштаган күн |
Эскертүү |
1.1 | Жок |
|
|
1.2 | Жок |
|
|
1.3 | Жок |
|
|
1.4 | Жок |
|
|
1.5 | Жок |
|
|