Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-майы № 142/21-4
Токмок шаарынын мэриясынын Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын жемкорлук коркунучтарга жакын кызматтардын тизмесин жана жепкорлук коркунучтардын тизмесин бекитүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап чыгып, Токмок шаардык кеңешинин мандаттык, депутаттардын этикасы жана өз алдынча башкаруу түзүлүшү боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын чечимине эсепке алуу менен, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 30-беренесин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 706 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө” Жобосун жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын жемкорлук коркунучтарына жакын кызматтардын тизмеси бекитилсин. (Тизмеси тиркелет).
2. Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын жемкорлук коркунучтарынын тизмеси бекитилсин. (Тизмеси тиркелет).
3. Ушул токтомду көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин мандаттык, депутаттардын этикасы жана өз алдынча башкаруу түзүлүшү боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жана Токмок шаарынын мэрине жүктөлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |
Тиркеме № 1
Токмок шаардык кенешинин
2018-жылдын 14 -майындагы
сессиясыны № 142/21-4 токтому менен
«БЕКИТИЛГЕН»
№ | Жемкорлук коркунучуна кабылуучу кызмат орду | Кызматтык укуктар | Жемкорлук коркунучу | Жемкорлук коркунучунун деңгээли |
| Муниципалдык менчик объектилерин эсепке алуу боюнча бөлүмдүн башчысы. | -Андан ары ижарага берүү үчүн жер тилкелерин топтоо боюнча сунуштарды киргизүү. -Ижара төлөмдөрүнүн эсебинин тууралыгы менен төлөмдөрдүн өз учурунда түшүүсүнө көзөмөлдүк жүргүзүү. -Жер пайдалануучуларга жер тилкелерин ижарага алуу маселелери боюнча кеңеш берүү. -Документациялык-укуктук камсыздоо бөлүмү менен биргеликте муниципалдык мүлктү пайдалангандыгы үчүн ижара төлөмдөрү боюнча карыз болгондор менен планды аткарууну камсыздоо боюнча иштерди өткөрүүнү камсыздоо. -Жер тилкелерин убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө Токмок шаардык мэриясынын токтомдорун каттоодон өткөрүү. -Жер тилкелерине ижара келишимдерин каттоодон өткөрүү. | Сүйлөшүү учурунда келишип алуу мүмкүндүгү; Ижарага алуучуларга карата муниципалдык менчик объектилерин берүүнүн “катуу” жана “жумшак” талаптарды колдонуу мүмкүнчүлүгү.
|
Орто |
| Объектилер жана Курулмалар боюнча башкы адис. | -Турак эмес муниципалдык мүлк объектисин пайдаланууну талдоодон өткөрүү жана пайдаланып жаткан муниципалдык мүлккө бааны жөнгө салуу боюнча сунуштарды киргизүү. -Муниципалдык мүлк объектисин ижарага берүүдөн түшкөн акча каражаттарынын өз учурунда түшүшүнө көзөмөлдүк жүргүзүү. -Турак эмес муниципалдык мүлк объектисине ижара төлөмдөрүнүн эсеби менен ижара келишимин түзүүлөрдү тапшыруу. | Документтерди кароону жана чечимдерди даярдоону “ылдамдатуу” же “кечеңдетүү” мүмкүндүгү. |
Орто |
| Жер маселелери боюнча жетектөөчү адис. | -КР мыйзамдарына ылайык муниципалдык менчик объектилеринин (жер тилкелеринин) эсеби менен реестрин жүргүзүү. -Муниципалдык мүлктүн сакталышы үчүн көзөмөлдүк жүргүзүү, ошондой эле ар квартал сайын, ай сайын каттоо өткөрүү -Муниципалдык мүлктү пайдаланууну талдоодон өткөрүү жана пайдалануудагы жер тилкелерине бааны жөнгө салуу боюнча сунуштарды киргизүү. -Муниципалдык жер тилкелерин ижарага берүүдөн түшүүчү акча каражаттарынын өз учурунда түшүшүнө көзөмөлдүк жүргүзүү. -Муниципалдык жер тилкелерин пайдаланууга ижара төлөмдөрүнүн эсеби менен ижара келишимдерин түзүүнү сунуштоо. -Документациялык-укуктук камсыздоо бөлүмү менен биргеликте муниципалдык менчик объектилерин (жер тилкелерин) пайдалануу боюнча карыздарды ыктыярдуу, же мажбурлап (сот аркылуу) төлөө боюнча иштерди өткөрүү. | Сүйлөшүү учурунда документтерди кароону жана чечимдерди даярдоону “ылдамдатууну” же “кечеңдетүүнү” келишип алуу мүмкүндүгү.
|
Орто |
| Ижара боюнча жетектөөчү адис. | -КР мыйзамдарына ылайык муниципалдык менчик объектилеринин (жер тилкелеринин) эсеби менен реестрин жүргүзүү. -Муниципалдык мүлктүн сакталышы үчүн көзөмөлдүк жүргүзүү, ошондой эле ар квартал сайын, ай сайын каттоо өткөрүү. - Муниципалдык жер тилкелерин ижарага берүүдөн түшүүчү акча каражаттарынын өз учурунда түшүшүнө көзөмөлдүк жүргүзүү. -Жер пайдалануучуларга эскертүүлөрдү жөнөтүү, алардын жеткирилишине жана алар боюнча эсеп жүргүзүүгө көзөмөлдүк кылуу. -Жерди, имараттарды жана курулмаларды пайдалануучуларга жер тилкелерин ижарага алуу маселелери боюнча кеңеш берүү. -Муниципалдык менчикти өз бет алдынча пайдаланууну жоюу боюнча ишти уюштуруу жана ага тикелей катышуу. -КР мыйзамдарына ылайык ижара келишимин түзүү жана каттоо үчүн берилген документтерди кабыл алууну ишке ашырат жана толуктугун текшерет. | Сүйлөшүү учурунда документтерди кароону жана чечимдерди даярдоону “ылдамдатууну” же “кечеңдетүүнү” келишип алуу мүмкүндүгү.
|
Жогору |
| Жер маселелери боюнча адис. | --Жер пайдалануучуларга эскертүүлөрдү жөнөтүү, алардын жеткирилишине жана алар боюнча эсеп жүргүзүүгө көзөмөлдүк кылуу. - Муниципалдык менчикти өз бет алдынча пайдаланууну жоюу боюнча ишти уюштуруу жана ага тикелей катышуу. | Сүйлөшүү учурунда документтерди кароону жана чечимдерди даярдоону “ылдамдатууну” же “кечеңдетүүнү” келишип алуу мүмкүндүгү. . |
Орто. |
| Мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн башчысы. | -Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамынын жоболоруна ылайык сатып алууларды уюштуруу жана өткөрүү. -Сатып алуулардын жогорку натыйжалуулугун жана үнөдүүлүгүн камсыздоо. -Соодага катышкан баардык жабдып туруучуларга (подрядчыларга) акыйкат мамилени камсыздоо. -Сатып алуулардын ачык-айкындуулугун камсыздоо. -Үч жыл аралыгында өз Бөлүмүндө сатып алууга тиешеси бар (маалымат базасы, келишимдер, ишеним каттар ж.б.) документтердин эсепке алынышын, жүргүзүлүшүн жана сакталышын камсыздоо. -Жабдып туруучулар, подрядчылар тарабынан келишимдик милдеттенмелердин аткарылышына көзөмөлдүк жүргүзүү. | Жеке кызыкчылыктын бар экендиги (кызыкчылыктардын кагылышы); Пайдаланууну туура баалоонун жоктугу, бюджетти жана сатып алууларды натыйжалуу эмес пландоо; Кош мааниде кабылдоого түрткү берген бүдөмүк, так эмес мүнөздөмө, же бир гана компанияга тиешелүү азыкты сыпаттаган мүнөздөмөнү түзүү; жеңүүчүнү тандап алууда түшүнүксүз, объективдүү эмес, же өз кезегинде ачылбай калган баа берүү; Сооданын катышуучуларынын өткөрүлүп жаткан сатып алуулар жөнүндө маалыматка кирүү иреттүүлүгүнүн жоктугу; Катышуучуларды алдын ала баалоого түрткү берген кызыкчлыктардын кагылышы; Түзүлгөн контракты аткаруу үчүн көзөмөлдүктүн жетишсиздиги (бул негизинен сапат менен мезгилдүү рамкаларга тиешелүү). |
Орто. |
| Мамлекеттик сатып алуулар боюнча башкы адис. | -Бөлүмдүн ишмердүүлүгүнө тиешелүү тендердик жана башка документтердин эсеби менен сакталышын ишке ашыруу. -Квалификациялык иштерди өткөрүүнүн алдында квалификациялык иштер үчүн документтерди топтойт жана жабдып туруучуларды (подрядчыларды) квалификациялык тандоодон өткөрөт. -Чечим кабыл алынган күндөн эки жумушчу күнүнөн кечиктирбестен ар бир жабдып туруучуларга (подрядчыларга) алардын квалификациялык тандоодон өткөндүгүнүн жыйынтыгы жөнүндө билдирет. -Аларды алгандан кийинки 3 жумушчу күнүнүн ичинде талап булактарын ачыкка чыгарбастан тендердик документтер берилген баардык жабдып туруучуларга (подрядчыларга) түшүнүктөрдү берет жана атаандаштардын баардык суроолоруна жооп даярдайт. - Тендерной комиссиянын сунушунун негизинде жеңүүчүгө келишимди тапшыруу үчүн добуш берүүгө катышат. -Сатып алуулардын жол-жоболорунун протоколун түзөт. | Жеке кызыкчылыктын бар экендиги (кызыкчылыктардын кагылышы); талаптарды бирдей баалоонун жоктугу, бюджетти жана сатып алуулардын жол-жоболорун натыйжалуу эмес пландоо; такталган бир компаниянын азыгын сыпаттаган мүнөздөмөнү түзүү, же кош мааниде кабылдануусуна түрткү берген бүдөмүк, так эмес мүнөздөмө; жеңүүчүнү тандап алуудагы түшүнүксүз, объективдүү эмес, же өз учурунда ачылбаган булактар; сооданын катышуучуларынын өткөрүлүп жаткан сатып алуулар жөнүндө маалыматка кирүү иреттүүлүгүнүн жоктугу; катышуучуларды алдын ала баалоого түрткү берген кызыкчлыктардын кагылышы; түзүлгөн контрактты аткарууга көзөмөлдүктүн жетишсиздиги (бул негизинен сапат менен мезгилдүү рамкаларга тиешелүү). |
Жогору |
| Тендердик документацияны даярдоо боюнча жетектөөчү адис | -Бөлүмдүн ишмердүүлүгүнө тиешелүү тендердик жана башка документтердин эсеби менен сакталышын ишке ашыруу. -Сатып алуулардын жол-жоболорун өткөрүү боюнча тендердик жана башка документацияларды иштеп чыгуу. -Жалпыга маалымдоо каражаттарында жана мамлекеттик сатып алуулар порталында алдыдагы соодалашуу жөнүндө кулактандырууну жарыкка чыгаруу боюнча иштерди өткөрүү, ал эми зарыл болгон учурларда тендерге катышуу чакырыгын потенциалдуу жабдып туруучуларга (подрядчыларга) жөнөтөт. -Сатып алуулардын жол-жоболоруна катышуу ниетин билдирген, тендердик документтерди алышкан баардык атаандаштарга тендердик документтердин берилгенин каттоочу журналга каттоо. -Тендердик документацияларга өзгөртүүлөр киргизилген учурда баардык жабдып туруучуларга (подрядчыларга) токтоосуз кат түрүндө билдирилет. -Тандап алуудан кийинки 3 күн аралыгында тендердик тапшырыкты утуп алганын жеңүүчүгө кат түрүндө билдирүү иштерин жүргүзөт. | Катышуучуларга мыйзамда “каралбаган” кошумча талаптардын киргизилиши: жабдып туруучуну аныктоо шарттарынын, контрактты аткаруу шарттарынын, сатып алуу объектисин кабыл алуунун шарттарынын, кепилдик шарттарынын, тапшырыкты пайдалануучулардын чөйрөсү менен алган ордун аныктоонун, билдирүүлөр менен документацияларды жарыялоонун, документтердин толук эмес комплектисин жайгаштыруу, бүдөмүктүгү (түшүнүксүздүгү, так эместиги) жана карама каршылыгы; документацияларда зарыл маалыматтын жоктугу.
|
|
| Сметаларды түзүү боюнча жетектөөчү адис. | -Оңдоо иштеринин (курулуш, монтаж, сантехника, ж.б.) баардык түрлөрүнүн смталык баасын аныктоо үчүн оңдоо баасын талдоонун негизинде жыйынтык маалыматын даярдайт. -Сметалык-ченемдик база боюнча иштеп жаткан муниципалдык ишканалардын жана курулмалардын жаңы курулушунун, реконструкциялоонун, капиталдык оңдоодон өткөрүүнүн, кеңейтүүнүн жана кайрадан техникалык жабдылышынын сметалык-каржылык документациясын түзөт. -Баа, же иштин көлөмү өзгөргөн учурда сметалык-каржылык эсепке тиешелүү тактоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизет. -Иштин сметалык баасы жөнүндө зарыл маалымкат даярдайт. -Бөлүмдүн ишмердүүлүгүнө тиешелүү сметалык жана башка документтердин эсеби менен сакталышын ишке ашыруу.
| Бюджет менен сатып алуулардын жол-жоболорунун натыйжалуу эмес пландалышы. |
Төмөн |