Загрузка документа…
ХАЛМИОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-июну № 43
" Муниципалдык менчикте турган негизги каражаттарды эсептеп чыгаруу тартиби жөнүндө типтүү жобо жана муниципалдык менчикте турган автотранспорт каражаттарын сатуу тартиби жонундогу типтүү жобо жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Өкмөүнө караштуу жергиликтүү өз алдынчы башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер мамлекеттик агентигинин 06 04 2018-жыл №01-18/41 буйругу менен жактырылган муниципалдык менчикте турган негизги каражаттарды эсептеп чыгаруу тартиби жөнүндө типтүү жобо жана муниципалдык менчикте турган автотранспорт каражаттарын сатуу тартиби жонундогу типтүү жобону карап таанышып, талкуулап чыгып Кыргыз Республикасынын “Мулккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7-абзасын аткаруу максатында Халмион айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынчы башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер мамлекеттик агентигинин 06 04 2018-жыл №01-18/41 буйругу менен жактырылган жобо;
а). Муниципалдык менчикте турган негизги каражаттарды эсептеп чыгаруу тартиби жөнүндө типтүү жобо №1 тиркемеге ылайык жактырылсын.
б). Муниципалдык менчикте турган автотранспорт каражаттарын сатуу тартиби жонундогу типтүү жобо №2 тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Жактырылган жобонун белгиленген тартипте аткаруу жагы Халмион айыл өкмөтунүн алдында түзүлгөн муниципалдык менчикти башкаруу комиссия курамына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын айылдык кеңештин төрагасын орун басары Т Кудайкуловго жүктөлсүн.
Төрага | Г. Матажиев |
БЕКИТЕМИН:
Халмион айыл аймагынын айылдык
кеңешинин төрагасы:_________ Г Матажиев.
“29” 06. 2018-ж. №43
токтомуна 1-тиркеме
Муниципалдык менчикте турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө типтүү жобо
1. Бул жобо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын муниципалдык менчигинде турган негизги каражаттарды (мындан ары - мүлк) эсептен чыгаруу тартибин аныктайт.
2. Бул жобо төмөнкү муниципалдык менчиктеги мүлккө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына чарба жүргүзүү жана оперативдүү башкаруу укугунда бекитилип берилген, белгиленген тартипте сатууга, башка ишканаларга акысыз өткөрүп берүүгө мүмкүн болбогон муниципалдык мүлккө карата колдонулат:
- курулушу бүтө элек обөекттер;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан андан ары пайдаланууга жараксыз болуп калган, атап айтканда курулушка, кеңейтүүгө, кайра конструкциялоого жана техникалык кайра жабдууга байланыштуу моралдык же физикалык жактан эскирген жана башкаруунун башка ыкмаларын колдонууга мүмкүн болбогон, авариядан же жаратылыш кырсыгынын натыйжасында бузулган жана калыбына келтирилбөөчү мүлк.
3. Негизги каражаттардын баланстык наркын өнүктүрүүнү токтотуу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
- жарабай калуу;
- аны эксплуатациялоодон келечектеги кандайдыр бир экономикалык пайда же кызматтык потенциал күтүлбөсө.
4. Негизги каражаттар обөекттин таанууга байланыштуу пайда болгон пайда же чыгаша, мындай обөектти таанууну токтотуудан улам болгон пайдага же чыгашага милдетүү түрдө киргизүүгө тийиш.
5. Негизги каражаттар обөекттин таанууга байланыштуу пайда болгон пайда же чыгашасы, эгер мындайлар бар болсо, эсептен чыгаруудан түшкөн таза кирешелер менен бул обөекттин баланстык наркынын айырмасы катары аныкталат.