Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-марты № 107
Кадамжай шаардык мэриясынын алдындагы жер жана турак жай комиссиянын 2019-жылдын 19-февралындагы өткөрүлгөн конкурсуна ылайык жана Кадамжай шаардык кеңешинин жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын карап, талкуулап чыгып Кадамжай шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаардык мэриясынын 2019-жылдын 19-февралындагы өткөргөн конкурсуна ылайык женүүчү деп табылган «Кереметтүү Кадамжай» коомуна баштапкы баланстык баасы 2.087 млн сом ошондой эле Маматов Шакиржандин демилгеси менен элдин салымы болгон 13.563 млн сом менен болгон биргеликте 15,650 млн сомдук(кыймылсыз мүлктөрдү баалоо боюнча консультациялык агенттигинин 2018-жылдын 3-декабрындагы № 34|18 катына негиз) имарат жана ага тиешелүү болгон 1.84 га жер аянты социалдык комплекс ( профилдештирилген окуу жайы, ислам борбору, медициналык диагностикалык борбор, мейманкана, балдар бакчасы, спорт комплекси) куруу үчүн Кыргыз Республикасынын «мүлк муниципалдык менчик жөнүндөгү» Мыйзамынын 15-беренесине, КР нын «Жер кодексинин» 7-беренесине ылайык 24 жылга ижарага берилсин.
2. Шаардык мэриянын алдындагы муницпалдык менчик департаменти менен «Кереметтүү Кадамжай» коому ортосунда түзүлгөн келишимдин долбоору жактырылсын (1, 2, 3-долбоорлор тиркелет).
3. Токтомдун мыйзамдуу аткарылуусун камсыз кылуу шаардын мэри Б. Бегалиевге жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кенештин жер, курулуш жана транспорт туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Абдраимов |
Кадамжай шаарынын Чал Таш айылындагы курулушу бүтпөй турган имаратты жана ага тиешелүү болгон 1,24 га жер аянтты убактылуу ижара шартында пайдаланууга берүү боюнча
Кадамжай шаары №__________ __________ 2019-жыл
Биз, төмөндө кол коюучулар, Кадамжай шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин директору: Искендеров Бактыбек Токтобаевич (мындан ары «ИЖАРАГА БЕР//Ч/» деп аталат). «Кереметтүү Кадамжай» коомдук фонду уставдын негизинде аракеттенген президенти Абдипаизов Узакбай Мейрачович (паспорт №ID 0585532 МКК 211011) Кадамжай шаарынын Чал Таш айылындагы 1,24 га жер аянттагы курулушу бүтпөй турган имаратты толугу менен бүткөрүп, Ислам университетин (Орозбеков айыл округунун 06.07.2012-жылдагы №225-а токтому) жана жогорку профилдештирилген кесиптик-техникалык окуу жай ачуу үчүн __________ жылдык мөөнөткө ижара шартында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571-токтому менен бекитилген типтүү Жобонун жана 2019-жылдын 19-февралындагы комиссиянын протоколунун негизинде убактылуу пайдаланууга алган тарап болуп (мындан ары «ИЖАРАЧЫ» деп аталат) төмөндөгүдөй келишим түздүк:
2. Келишимдин мааниси жана шарттары
1.1. “Ижарага берүүчү” 2019-жылдын 19-февралындагы Кадамжай шаардык мэриясынын 12.10.2018-жылдагы №241-буйругунун негизинде түзүлгөн туруктуу комиссиянын 2019-жылдын 19-февралындагы Чал Таш айылындагы муниципалдык менчите турган 1,24 га. жер аянттагы курулушу бутпөй турган имаратты жана 0,30 га дан турган 2 даана жер тилкесин ижарага берүү үчүн өткөрүлгөн конкурстун протоколунун, Кадамжай шаардык Кеңешинин ______ токтомунун Кадамжай шаардык мэриясынын ______ токтомунун негизинде акы төлөтүү менен жер тилкесин жана имаратты баштапкы жыйырма төрт жылдык мөөнөткө ижарага берет, ал эми “Ижарачы” жер тилкесин жана имаратты 2019-жылынан баштапкы _____жылдык мөөнөт менен убактылуу пайдаланууга алат жана 1,24 га жер тилкесиндеги имаратты 7 (жети) жылда толугу менен бүткөрүп Ислам университетин жана жогорку профилдештирилген кесиптик-техникалык окуу жай ачат, ошондой эле айланасындагы жер аянттарды көртктөндүрүп багытын өзгөртпөстөн пайдаланат.
1.2. Келишимде көрсөтүлгөн имарат курулуш нормаларын так аткаруу менен толук жана заманбап болуп бүткөрүлөт жана көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштерин гана жүргүзөт.
1.3. Келишимдин тиркемеси болгон “жумуштарды аткаруу графиги” келишимдин ажыратылгыс бөлүгү болуп саналат.
1.4. Имаратка автотранспорттун эркин кириши камсыз болунат.
1.5. Имаратка жана жер тилкесине мындан башка мыйзамда каралган шарттар жана талаптар болушу мүмкүн.
2. Жер тилкесинин ижара акы баасы, акы төлөөнүн мөөнөттөрү жана тартиби
2.1.Келишим боюнча комиссиянын чечимине ылайык имарат толугу менен ишке киргенге чейин ижара акысы жылына 5000 (беш миң ) сомду түзөт.
2.2. Имарат толугу менен бүткөндөн кийин ижара акысы эки тараптын макулдашуусу менен кайрадан каралат.