Загрузка документа…
АНАНЬЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-майы № 27/22-2
Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын негизинде жана жайыт комитеинин төрагасы Ж.Орозакуновдун билдирүүсүн угуп, талкуулап Ананьев айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайытты башкаруу планы, жайыт комитетинин бюджети жана жайытты колдонууга байланыштуу ички эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөттүн башчысы Т.Кубат уулуна тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы курорттук зонаны өркүндөтүү, туризм, экология, маданият, спорт, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар иштери, социалдык маселелр жана этика комиссиясына тапшырылсын.
4. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Ананьев айылдык Кеңештин 03.07.2015-жылдын №7-токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.
Төрага | Окенаев Т.М |
Ананьев айыл аймагынын Айыл Кеңешинин
23.05.2019-жыл. ХХVII чакырылыштын
ХХIIсессиясында №27/22-2 токтому менен бекитилди
1.Ананьев айыл аймагынын жайыт акы төлөму:
1).Бодо малга бир башка -60 сом
2).Жаш бодо малга бир башка -48 сом
3).Жылкы бир башка -60сом
4). Кой-эчкиге бир башка -12 сом
5). Жайытты башка максаттарга пайдаланганы үчүн 1сотыхка 10 сом
Жайытты колдонууга байланыштуу ички эрежелер
1. Малдардын жазгы жайытка 1-апрелден, жайкы жайытка 1-июндан чыгарылат.
2. Көрсөтүлгөн убакта жайытка малды чыгарбагандыгы үчүн малчыга 5000 сом өлчөмүндө айып пул салынат.