Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-январы №3
Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча маалыматтын ачыктыгын жана жалпыга жеткиликтүүлүгүн арттыруу, жарандарга жана юридикалык жактарга багытталган муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу максатында, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, “Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр реестрин түзүү тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдагы 03-июнундагы №302 Токтомун, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандарты жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдагы 03-сентябрындагы №603 Токтомун аткаруу максатында, Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн стандарттарын иштеп чыгуу боюнча нускаманын негизинде, ошондой эле “Ноокат мэриясынын жергиликтүү жамаатынын Уставын” жетекчиликке алуу менен Ноокат шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча комиссиясынын берген сунушун карап чыгып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмеси бекитилсин (№1 тиркеме).
2. Муниципалдык кызмакөрсөтүүлөрдүн кошумча тизмесинин көргөзүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары бекитилсин (№2,3,4,5,6,7,8,9,10,11,12,13,14,15,16,17,18-тиркемелер).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |
| Ноокат шаардык кеңешинин 2019-жылдын 23-январындагы V чакырылыш XIX сессиясынын №XIX-3 токтомуна №1 тиркеме
|
Кошумча кызматтардын тизмеси
№ | Кызмат көрсөтүүлөрүнүн аталышы | Кызмат көрсөтүүлө-рүн стандарт-таштырууга жооптуу органдар-дын аты | Муници-палдык кызмат көрсөтүүнү ишке ашыруучу-нун аты | Кызмат көрсөтүүнүн шарттары (акылуулук же акысызды) |
| Салыктардан карызы жоктугу жөнүндө тактама берүү | Мэрия | Мэрия | акысыз |
| Аз камсызданган, жакыр үй бүлөлөрдүн балдарын керектүү кийим кечектер менен камсыздандыруу | Мэрия | Мэрия | акысыз |
| Аз камсызданган, жакыр үй бүлөлөрдүн балдарын жайкы эс алуу жайларга жолдомолор менен камсыздандыруу. | Мэрия | Мэрия | акысыз |
| Квартал сайын ДМЧЖ, улгайган жарандарга материалдык жардам көрсөтүү | Мэрия | Мэрия | акысыз |
| Улгайган жалгыз бой жашаган кары-картаң жарандарды кышкы маалга, көмүр менен камсыздандыруу | Мэрия | Мэрия | акысыз |
| Мектептер арасындагы таймаштардын, олимпиадалардын, сынактардын жана спорттун таймаштардын катышуучуларын унаа менен камсыздандыруу | Мэрия | Мэрия | акысыз |
| Көп балалуу энелерге материалдык жардам көрсөтүү | Мэрия | Мэрия | акысыз |
| Улуу ата-мекендик согуштун ардагерлерине жана башка согуштардын катышуучуларына кыш мезгилине көмүр менен жардам көрсөтүү | Мэрия | Мэрия | акысыз |
| 16 жашка чейинки, ДМЧЖ – окуучуларына ден соолукту чыңдоочү жайларга, эс алуу жайларга (санаторийлерге, легерлерге) жолдомолорду берүү. | Мэрия | Мэрия | акысыз |
| Баткен окуясынын, Афган согушунун ардагерлерине жылына бир жолу материалдык жардам көрсөтүү. | Мэрия | Мэрия | акысыз |
| ВИЧ-СПИД инфекциясына кабылгандарга жардам көрсөтүү. | Мэрия | Мэрия | акысыз |
| Ата-энесинен экөөнөн тең ажыраган балдарга материалдык жардам көрсөтүү | Мэрия | Мэрия | акысыз |
| Баатыр энелерге материалдык жардам көрсөтүү | Мэрия | Мэрия | акысыз |
| Кургак учук жана онколог ооруларга жардам берүү | Мэрия | Мэрия | акысыз |
| Балалыгынан майып болгондорго материалдык жардам көрсөтүү | Мэрия | Мэрия | акысыз |
| Көрүүсүнөн жана угуусунан майып болгондорго материалдык жардам көрсөтүү | Мэрия | Мэрия | акысыз |
| Жалпы оорудан майып болгондорго жардам берүү | Мэрия | Мэрия | акысыз |
Ноокат шаардык кеңешинин жооптуу катчысы | М.Ярматов |
| Ноокат шаардык кеңешинин 2019-жылдын 23-январындагы V чакырылыш XIX сессиясынын №3 токтомуна №2 тиркеме
|
МУНИЦИПАЛДЫК КЫЗМАТТЫН СТАНДАРТЫ
1. Муниципалдык кызматтын паспорту | |||
1. | Кызматтардын аталыштары, ошондой эле аны көрсөтүү процессинде кызматтарды аткаруучунун аракеттерин кыскача сыпаттоо | Салыктардан карызы жоктугу жөнүндө аныктама берүү | |
2. | Кызмат көрсөтүүчү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын (муниципалдык мекеменин) толук аталышы | Ноокат шаардык мэриясы | |
3. | Муниципалдык кызмат алуучулар | Салыктардан карызы жоктугу жөнүндө аныктамага муктаж болгон жараандар | |
4. | Муниципалдык кызмат алуунун укуктук негиздери | - Кыргыз Республикасынын Конституциясы - “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мызамы; -“Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; - “Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр реестрин түзүү тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдагы 03-июнундагы №302 Токтому; - “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандарты жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдагы 03-сентябрындагы № 603 Токтому | |
5. | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн акыркы натыйжасы | Салыктардан карызы жоктугу жөнүндө аныктамага зарыл болгон жараандар ала алышат | |
6. | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн шарттары | - аныктоо; - тизмеге киргизүү; Ирээти менен кызматты көрсөтүү. Эгерде майыптуулугу бар жаран өзү келүүгө мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда, ошол жарандын жакындарына берилет. | |
7. | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Керек болгон учурда | |
2. Муниципалдык кызмат алуучуларды маалымдоо | |||
8. | Керектөөчүгө берилүүчү муниципалдык кызматтар (керектүү маалыматтардын тизмеси), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, стандартташтыруу үчүн жооптуулар жөнүндө маалымдоо | Кызмат көрсөтүүнүн жарыялоо жолдору: -салыкчы кызматкерлер тарабынан; -квартал башчылары, жамаат уюмдун башчылары аркылуу. Маалыматтар мамлекеттик тилинде жана расмий тилде берилет. | |
9. | Муниципалдык кызмат жөнүндө маалыматты таратуунун ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларын мүнөздөө же саноо) | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн таратуу ыкмалары: -салыкчы кызматкерлер тарабынан; -квартал башчылары, жамаат уюмдун башчылары аркылуу; Маалыматтар мамлекеттик тилинде жана расмий тилде берилет. | |
3. Муниципалдык кызмат көрсөтүү жана тейлөө | |||
10. | Кайрылган жараандар менен сүйлөшүү | Жооптуу кызматкердин кеңсесинин эшигинде ФАА жана кызматы жөнүндө, ошондой эле иштөө графиги илинет. Жоопту кызматкер мыйзамдын негизинде профессионалдык этиканы сактап, кайрылучууларга жооп берет жана өзүнүн функционалдык милдеттерин так аткарат. Сылык жана ачык маанайда сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт, суроолорго жооп берилет. Кайрылуучуларга кабыл алуучу кабинетте, кезегин күтүү учурунда ыңгайлуу санитардык нормаларга жооп берген сырткы туалет, кол жуучу жай, жылычкычтар жана ошондой эле олтуруучу стулдар болушу керек. | |
11. | Жашырындуулукту камсыз кылуу ыкмалары | Жашырындуулук кепилденет. | |
12. | Муниципалдык кызматтарды керектөөчүлөр тарабынан керектүү документтердин жана иш-аракеттердин тизмеси | - паспорт (ID-карта) - салыктардын төлөнгөндүгү туралуу тастыкточуу иш кагаздар (патент, квитанция ж.б.) | |
13. | Акылуу муниципалдык кызматтардын наркы | Акысыз | |
14. | Муниципалдык кызматтын сапатынын параметри | - көрсөтүлгөн мөөнөттөргө ылайык өз убагында көрсөтүү - жеткиликтүүлүк, ачык айкындуулук, актуалдуулук; - жашына, жынысына, улутуна, дин тутумуна карабастан дискриминациялообо; - даттануулар жана каалоолор тууралуу китеп уюштурулуп, каттаган адамдардын ой пикири жазылып турат; - сылык мамиле жасоо, документтерди даярдоодо жардам берүү. | |
15. | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн ыкмалары, электрондук форматта аны көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү | Түздөн-түз кызмат көрсөтүү. Электрондук форматта аталган кызмат көрсөтүлбөйт. | |
4. Муниципалдык кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануунун тартиби | |||
16. | Муниципалдык кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | - 12 пунктта көрсөтүлгөн документтердин тизмеси толук болбосо; - шаардык аймактан каттоодон чыккан мезгилде; - жаран каза болгон учурда. | |
17. | Даттануунун тартиби | Эгерде кайрылуучу тарап нааразы болсо, анда ооз эки же кат түрүндө шаардын мэрине кайрылса болот. Кат жүзүндөгү даттануу эркин формада жазылышы мүмкүн жана даттануучунун ФАА, жашаган дареги, телефон номуру, даттануунун мазмуну, күнү жана өз колу коюлушу керек. Кат жүзүндөгү даттануу ошол эле күнү атайын каттоо журналына катталышы керек. Даттанууларды кароо мыйзам чегинде бекитилген тартипте 14 күндөн кеч эмес каралышы керек. Эгерде даттануучу чыгарылган чечимге нааразы болсо, анда ал сот органдарына кайрылуугу укуктуу. | |
18. | Муниципалдык кызматтын стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Жылына бир жолу. | |