Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XX СЕССИЯСЫ (IV ЧАКЫРЫЛЫШ)
2019-жылдын 14-майы № 178
Ош шаарынын мэриясынын 2018-жылдын 2-апрелиндеги “Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2019-жылга карата иш планын жана бюджетин бекитип берүү жөнүндөгү” №261/08-13 катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын 8- жана 10-беренелерине ылайык, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 8-майындагы № 26 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жыл үчүн Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жамааттарынын жайыттарды башкаруу, мал чарбасын өнүктүрүү планы № 1 тиркемеге, жайыт комитетинин бюджети № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Баймурат уулу) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Төрага |
| Ж.Ормонов |
Ош шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 14-майындагы
кезектеги XX сессиясынын (IV чакырылыш)
№178 токтомуна №1 тиркеме
Жайыт башкаруу жана мал чарбасын өнүктүрүү боюнча Жапалак аймактык айылдык башкармалыгынын жамаатынын 2019-жылга карата иш планы
Ош шаары, Жапалак айылы, 2019–жыл
Кыскартуулар:
ААБ –айылдык аймактык башкармалыгы
КӨ – климаттын өзгөрүшү
ИММ – ири мүйүздүү мал
ТЧ –токой чарбасы
МММ – майда мүйүздүү мал
ЖК – жайыт комитети
ЖУП – жасалма уруктандыруу пункту
КФ-коомдук фонд
ШМБ – шарттуу мал башы
ЖПБ – Жайыт пайдалануучулар бирикмеси.
Киришүү
Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмеси тарабынан жайыттарды башкаруу боюнча түзүлгөн планы аталган жайыт комитетинин Жапалак айылдык аймактык башкармалыгына караштуу жайыттарды жакшыртуу боюнча жумушчу пландарын ишке ашырууга багытталган.
Жапалак айылдык аймактык башкармалыгы :
Республиканын борборунан Облустун борборунан Райондун борборунан Жакынкы темир жол бекетинен Аэропорттон | 700 км, 7 км, 30 км, 10 км, 15 км аралыкта жайгашкан. |
Физико-географиялык мүнөздөмө
Жапалак айылдык аймактык башкармалыгы жайгашкан чөлкөмдүн климаты мелүүн, жумшак болуп эсептелет. Жайкы ысык аба жеңил кыш менен алмашат. Эң жогорку суук мезги январь айына, эң ысык мезгил июль айларына туш келет. Абанын жылуулугунун абсолюттук минимуму -20 до -150 С, абсолюттук максимуму от +70до+400С.
Жапалак аймактык айылдык башкармалыгынын социалдык-экономикалык мүнөздөмөсү
№ | Көрсөткүчтөрдүн аталышы | Өлчөө бирдиги | Көрсөткүчтөр |
1 | Калктын саны | адам | 30887 |
2 | Кожолуктардын саны | кожолук | 5285 |
3 | ААБнын жалпы аянты | ч.км | 103 |
4. | Айдоо жерлердин жалпы аянты | га | 2927 |
Анын ичинен: сугат жерлер | га | 1172 | |
кайрак жерлер | га | 1755 | |
5. | /лүш жерлердин жалпы аянты | га | 2036 |
Анын ичинен: сугат жерлер | га | 305 | |
кайрак жерлер | га | 585 | |
6. | Кожолуктарга тиешелүү жер тилкелер | ч.м | 52550 |
5 | Жайыттардын жалпы аянты: | гa | 2281 |
Анын ичинен: | |||
Кышкы жайыттар | гa | - | |
Жазгы-күзгү жайыттар | гa | 220 | |
Жайкы жайыттар | гa | 2061 | |
6 | Айыл чарба эгин аянттары | га | 1949 |
Анын ичинен: | |||
Жаздык буудай | гa | 260 | |
Күздүк буудай | га | 158 | |
Жаздык арпа | гa | 447 | |
Күздүк арпа | га | 238 | |
Жүгөрү | гa | 636 | |
Табигый чөптөр | гa | 10 | |
Жана башкалар | га | 200 | |
7 | Ири мүйүздүү мал | баш | 9481 |
8 | Майда мүйүздүү мал (кой-эчкилер) | баш | 16174 |
9 | Жылкы | баш | 502 |
Пландын максаты
Жайыт башкаруу планы жайыттардын табигый комплексине келтирилип жаткан зыяндарды жана жоготууларды азайтуу, алардын баалуулугун арттыруу максатында түзүлгөн. План кызыкдар тараптардын иш аракетин жөнгө салуу үчүн колдонулат. Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмеси тарабынан жайыттарды башкаруу боюнча түзүлгөн планы аталган жайыт комитетинин Жапалак айылдык аймактык башкармалыгына караштуу жайыттарды жакшыртуу боюнча жумушчу пландарын ишке ашырууга багытталган
Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамына ылайык Жапалак аймактык айылдык башкармалыгынын жайыт комитети 2010-жылдын 27-январында Ош облустук Юстиция башкармалыгында Юридикалык жак катары каттоодон өткөн.
Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Жайыт пайдалануучулар бирикмеси жөнүндө кыскача маалымат.
Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Жайыт пайдалануучулар бирикмеси коомдук башталыштагы өз алдынча башкаруу органы болуп саналат.