Редакцияот 13.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин кезектеги ХVII сессиясынын (VI чакырылыш)

Жыйналышы

 

2020-жылдын 13-февралы № 17/3

Айыл аймагындагы жайыттарды сарамжалдуу пайдалануу жана иштетүү боюнча Ылай-Талаа айылдык жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2019-жылы жүргүзгөн иштеринин жыйынтыгы жана 2020-жылга каралган бюджетин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамынын 10-беренесинин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 1-пунктунун негизинде жайыттарды сарамжалдуу пайдалануу жана иштетүү боюнча Ылай-Талаа айылдык жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2019-жылы жүргүзгөн иштеринин жыйынтыгы жана 2020-жылга бюджети тууралуу Ылай-Талаа жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасы Ж.Ибраимовдун маалыматын, Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын жыйналышынын берген сунушун угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Ылай-Талаа айылдык жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2019-жылдын жыйынтыгы менен жүргүзгөн иштери айрым кемчилдиктерин эске алуу менен канааттандыраарлык экендиги белгиленсин.

2. Ылай-Талаа жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин 2020-жылга түзүлгөн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү жайыт салыгы ичинде 331 810 сомго бекитилсин.

(тиркеме тиркелет)

3. Айыл аймагындагы алыскы жана жакынкы жайыттарды эрозияга учурашына жол бербей сарамжалдуу пайдалануу, жайытты убактылуу пайдаланууга жайыт пайдалануучулар менен келишим түзүү, жайыт акыларынан чогултуу боюнча кескин чараларды көрүү жана донордук уюмдардан, жеке демөөрчүлөрдөн келип түшкөн акча каражаттарын элдик жыйындарга алып чыгып алар боюнча так маалыматтарды берүү менен максаттуу чыгымдарга жумшоо, 2020-жылга бекитилген бюджетинин аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасы Ж.Ибраимовго милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештинагрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына ( төрагасы Б.Тоотаев ) тапшырылсын.

 

Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин төрагасы :                                                                                                                         Н.Жолдошов

 

 

Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин

13.02.2020-жылдагы кезектеги ХVII сессиясынын

№ 17/3 токтомуна тиркеме

 

Ылай-Талаа айылдык Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин 2020-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү боюнча

 

СМЕТАСЫ

№

Малдын түрү

Малдын саны

ШМБ

Жайыт пайдалануу үчүн 1 башына чегерилген төлөм (сом)

Жайыт пайдалануу үчүн төлөөнүчү суммасы

 

Киреше

Анын ичинен квартал

1

Ийри мүйүздүү мал

2356

2356

50.00

117800

I

II

III

IV

2

Жылкы

2210

2210

50.00

110500

 

 

 

 

3

Кой- эчки

10351

5175

10.00

103510

 

 

 

 

 

Бардыгы

 

9741

 

331810

34601

171086

119623

6500

Чыгаша

 

 

 

№

Көрсөткүчтүн аталышы

Статья

Бардыгы

Анын ичинен квартал

I

II

III

IV

1

Инфраструктураны оңдоо

 

30000

0

15000

15000

0

2

Эмгек акы

 

81000

13500

40500

27000

0

3

Соц. Фонд

 

13972

2329

6986

4657

0

4

Сапар чыгым

 

6000

1500

2000

2000

500

5

Транспорт чыгым

 

18000

3000

7000

5000

3000

6

Инвентарь

 

4000

0

2000

2000

 

7

Жайыт мониторинги

 

3000

0

3000

0

0

8

Канц товар

 

4000

1500

1000

1500

 

9

Мүчөлүк акы

 

0

0

0

0

0

10

Ар түрдүү чыгым

 

16772

2772

5000

6000

3000

11

Жайыт салыгы

 

66694

10000

38600

18094

0

12

Доходдун 1/3 бөлүгүн айыл өкмөткө чегерүү

 

88372

0

50000

38372

0

 

Бардыгы:

 

331810

34601

171080

119623

6500

Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы:                                                                                                                   С. Осмоналиев