Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-марты № 5/3
Дөбөлу айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган объектилердин каттоо жана Реестрин жүргүзүүнү уюштуруу тууралуу Жобосун жана Дөбөлу айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк объектилерин узак мөөнөттүү инвестициялык ижарага берүү Эрежелерин бекитүү тууралуу
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексине жана Дөбөлү айыл өкмөтүнүн Уставына ылайык, Дөбөлү айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган муниципалдык менчикти башкаруунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу жана кыймылсыз мүлк объектилеринин узак мөөнөттүү ижарага берүү тартибин иретке келтирүү максатында Дөбөлү айылдык кеңеши чечим кылат :
1. Дөбөлү айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган объектилердин каттоо жана Реестрин жүргүзүүнү уюштуруу тууралуу Жобосу бекитилсин (№1 Тиркеме )
2. Дөбөлү айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк объектилерин узак мөөнөттүү инвестициялык ижарага берүү Эрежелери бекитилсин. (№2-тиркеме)
3. Бул токтом массалык маалымат каражаттарында жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилсин.
4. Бул токтомду аткаруу көзөмөлү Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага | Бектемиров А.Т. |
| Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин ХХVII-чакырылышынын 2017-жылдын 10-мартындагы 5- сессиясынын 5/3 Токтомуна №1тиркеме |
Дөбөлү айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк объектилерин узак мөөнөттүү инвестициялык ижарага берүү
Эрежелери
Дөбөлү айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк объекттерин узак мөөнөттүү инвестициялык ижарага берүүнүн ушул Эрежелери (мындан ары – Эрежелер) «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» жана «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан жана айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк объектилерин узак мөөнөттүү инвестициялык ижарага берүүнүн тартибин карайт.
Айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк объекттерин узак мөөнөттүү инвестициялык ижарага берүү сынак түрүндө ачык соода-сатык өткөрүү жолу менен жүргүзүлөт (мындан ары – сынак), анда ар кандай жеке адамдар жана юридикалык жактар катыша алат.
Кыймылсыз мүлк объектисине узак мөөнөттүү инвестициялык келишимин түзүүгө укук сынактын заты болуп эсептелет, ага ошол кыймылсыз мүлк объектисин тейлөөчү жер тилкеси да (курулуш салынган жер жер тилкеси) же айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган бош жер тилкеси кирет.
Айыл өкмөттүн муниципалдык менчигинде турган узак мөөнөттүү инвестицияларды талап кылган кыймылсыз мүлк объектилери физикалык жана юридикалык тараптарга узак мөөнөттүү инвестициялык ижарага берилет.
Муниципалдык менчикте турган кыймылсыз мүлк объектилеринин тизмеси ал сынакка коюлушу ыктымал болсо, Комиссия тарабынан түзүлөт, айылдык кеңеш тарабынан бекитилет.
Сынакка даярдануунун жана өткөрүүнүн айылдык кеңештин чечими менен түзүлгөн Комиссия (мындан ары – Комиссия) ишке ашырат.
Комиссиянын курамына айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештин депутаттары, архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик органдын жергиликтүү структуралык бөлүктөрүнүн жетекчиси, ошондой эле коомчулуктун өкүлдөрү кирет. Комиссиянын курамын айыл өкмөтүнүн сунушу менен кеңеш бекитет.
Комиссиянын чечимдери комиссия мүчөлөрүнүн жалпы санынын кеминде үчтөн экисинин катышуусунда көпчүлүк добуш менен кабыл алынат. Комиссиянын протоколу комиссиянын төрагасы тарабынан бекитилет.
Комиссия төмөнкү иш милдеттерди жүргүзөт:
- кыймылсыз мүлк объектисине ижара укугун берүү боюнча сынак өткөрүүгө чечим кабыл алат;
- ижара акысынын баштапкы өлчөмүн белгилейт;