Редакцияот 29.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Казыбек айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8 - шайланышынын 19 - кезексиз сессиясы

2021-жылдын 29-ноябры № 4

Казыбек айыл өкмөтүнүн аскерге каттоо столунун адисин сатып алуулар боюнча адисине которуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат” жөнүндө Мыйзамынын 14-беренесине жана КР “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө” Жарлыктын тиркемесинин 2-пунктуна, 6-пунктуна ылайык, Казыбек айыл өкмөтүнүн аскерге каттоо столунун адисин сатып алуулар боюнча адисине которуу максатында, айылдык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Казыбек айыл өкмөтүнүн аскерге каттоо столунун адисин айыл өкмөтүнүн сатып алуулар боюнча адистигине которулсун .

2. Которулган адисти штаттык бирдикке киргизүү жана функционалдык бирдигин бекитип берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевго суралсын.

 

Төрага:

Д.Кайыпов