Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-ноябры № ХVI-2
Ноокат шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө кодексинин 313-беренесин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-апрелиндеги №120-р буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексин, “Пробация жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу боюнча иш чаралардын планын турмушка ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы №258-токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностар аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобонун 6-пунктунун “б” пунктсасынын экинчи абзацина ылайык, жобону бекитүү жөнүндө Ноокат шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча комиссиясынын берген сунушун карап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 17-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын мэриясынын алдындагы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялар тууралуу Типтүү жобо бекитилсин.(Жобо тиркелет)
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | А. Гафаров |
| Ноокат шаардык кенешинин 2018-жылдын 30-ноябрындагы кезектеги V чакырылыш XVI сессиясынын №2 токтомуна №1 тиркеме
|
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча
комиссиялары тууралуу
ТИПТҮҮ ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1.Ушул Типтүү жобо Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексинде (мындан ары - Кодекс) каралган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияларын (мындан ары - Комиссия) түзүүнүн жана алардын ишинин тартибин аныктайт.
2.Комиссия жергиликтүү кеңеш тарабынан түзүлөт жана туруктуу иштөөчү коллегиалдуу орган болуп эсептелет.
3.Комиссия жөнүндө жобо, анын сандык жана персоналдык курамы жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитилет.
4.Комиссия өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексин, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
5.Комиссия кодексте каралган бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча ыйгарым укуктарга ээ.
6.Комиссия жергиликтүү кеңештин алдында отчет берет. Комиссия жыл сайын, 15-январдан кеч эмес өткөн календарлык жылда аткарган өз иштери тууралуу отчет даярдап жергиликтүү кеңешке киргизет.
7.Комиссиянын ишмердүүлүгүн материалдык-техникалык жактан камсыздоо жергиликтүү бюджетте каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
2. Комиссияны түзүүнүн жана анын ишмердүүлүгүн токтотуунун тартиби
8.Комиссия так санда, 5-11 адамдан, Комиссиянын төрагасынын, төрагасынын орун басарынын, катчысынын жана мүчөлөрүнүн курамында түзүлөт.
9.Жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилүүчү Комиссиянын курамына төмөндөгүлөр киришет: