Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 07-декабры №24/1
Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндөгү кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процестик кодексин, «Пробация жөнүндө», «Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө» мыйзамдарын ишке ашыруу максатында 2018-жылдын 17-октябрында «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялар тууралуу Типтүү жобону бекитүү жөнүндө » Дөбөлү айылдык кенеш
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүндө 2018-жылдын 17-октябрында «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялар тууралуу жобо бекитилсин. (№1 тиркеме тииркелет)
2. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүндө бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялардын курамы бекитилсин. (№2 тиркеме тиркелет)
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы У. Алсейитовго тапшырылсын.
Тѳрага | Уланбек уулу Ж |
|
|
| Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин 2018-жылдын 7- октябрындагы ХХVII-чакырылышынын кезексиз 24-сессиясынын 24/1 токтомуна №1 тиркеме
|
Дөбөлү айыл аймагынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу
1.Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексинде (мындан ары-Кодекс) каралган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияларын (мындан ары-Комиссия) түзүүнүн жана алардын ишинин тартибин аныктайт.
2. Комиссия жергиликтүү кещеш тарабынан түзүлөт жана туруктуу иштөөчү коллегиялдуу орган болуп эсептелет.
3. Комиссия жөнүндө Жобо, анын сандык жана персоналдык курамы жергиликтүү кещештин чечими менен бекитилет.
4. Комиссия өз ишмердүүлүгүнө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексин, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Комиссия кодексте каралган бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча ыйгарым укуктарга ээ.
6. Комиссия жергиликтүү кещештин алдында отчет берет. Комиссия жыл сайын, 15-январдан кеч эмес, өткөн календарлык жылда аткарган өз иштери тууралуу отчет даярдап жергиликтүү кещешке киргизет.
7 . Комиссиянын ишмердүүлүгүн материалдык-техникалык жактан камсыздоо жергиликтүү бюджетте каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
2. Комиссияны түзүүнүн жана анын ишмердүүлүгүн токтотуунун тартиби
8.Комиссия так санда, 5-11 адамдан, Комиссиянын төрагасынан, төрагасынын орун басарынын, катчысынын жана мүчөлөрүнүн курамында түзүлөт.
9.Жергиликтүү кещеш тарабынан бекитилүүчү Комиссиянын курамына төмөндөгүлөр киришет:
-жергиликтүү кещештин депутаттары;
-муниципалдык кызматчылар;