НАЙМАН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Найман айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХIII сессиясы
2018-жылдын 07-декабры № ХIII-1
Найман айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясын жана комиссиянын жобосун бекитүү жөнүндө
Найман айыл өкмөтүндө Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 313-беренесин,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-апрелиндеги №120-р буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексин, «Пробация жөнүндө», «Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын турмушка ашыруу максатында,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы №258-токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобонун 6- пунктунун «б» пунктчасынын экинчи абзацына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 17-октябрындагы №01-18/26 буйругуна ылайык түзүлгөн комиссия курамын жана жобосун бекитүү максатында Найман айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Найман айыл өкмөтүндө түзүлгөн бузуулар боюнча комиссия курамы жана жобосу бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2. Түзүлгөн комиссия курамы мыйзам чегинде иш алып баруусу милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Найман айылдык кенешинин мыйзамдуулук,этика,соода,транспорт жана байланыш,курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | Ш.Эрматов |
Найман айыл өкмөтүндө бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча түзүлгөн
Комиссия курамы:
МҮЧӨЛӨРҮ:
Найман айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы: Д.Таирова
Найман айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу
ТИПТҮҮ ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Типтүү жобо Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексинде л (мындан ары - Кодекс) каралган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияларын (мындан ары - Комиссия) түзүүнүн жана алардын ишинин тартибин аныктайт.
2. Комиссия жергиликтүү кенеш тарабынан түзүлөт жана туруктуу иштөөчү коллегиалдуу орган болуп эсептелет.
3. Комиссия жөнүндө жобо, анын сандык жана персоналдык курамы жергиликтүү кенештин чечими менен бекитилет.