Загрузка документа…
А.МИРМАХМУДОА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-июлу №17-1
Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча маалыматтын ачыктыгын жана жалпыга жеткиликтүүлүгүн арттыруу, жарандарга жана юридикалык жактарга багытталган муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу максатында, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, “Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр реестрин түзүү тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдагы 03-июнундагы №302 Токтомун, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандарты жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдагы 03-сентябрындагы №603 Токтомун аткаруу максатында, Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн стандарттарын иштеп чыгуу боюнча нускаманын негизинде, ошондой эле А. Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү жамаатынын Уставын” жетекчиликке алуу менен А. Мирмахмудов атындагы айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмеси бекитилси. (№1- тиркеме тиркелет)
2. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмесинин көргөзүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары бекитилсин. (№ 2,3,4,5,6,7,8 тиркемелер тиркелет)
3. Аталган токтом Ноокат районундагы www.Nookat.kg веб-сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы А. Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөөсүн өзүмө калтырам.
Тѳрага | И. Исмаилов |
|
|
| Мирмахмудов айылдык кеңешинин 2018 жылдын "30" июлундагы № 17-1 токтомуна №1-тиркеме
|
Кошумча кызматкөрсөтүүлөрдүн тизмеси
№ | Кызмат көрсөтүүлөрүнүн аталышы | Кызмат көрсөтүүлөрүн стандартташтырууга жооптуу органдардын аты | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнү ишке ашыруучунун аты | Кызмат көрсөтүүнүн шарттары (акылуулук же акысыздык) |
1. | Салыктар жана башка төлөмдөр боюнча карызы жоктугу жөнүндө тактама берүү | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | акысыз |
2. | Жашы улгайган карыларга материалдык жактан жардам берүү | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | акысыз |
3. | Жакыр үй бүлөлөлөргө материалдык жардам көрсөтүү | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | акысыз |
4. | Мектептер арасындагы таймаштардын, олимпиадалардын, сынактардын жана спорттуктаймаштардын катышуучуларынын транспорттук чыгымдарын камсыздандыруу | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | акысыз |
5. | ЧАЭСтин катышуучуларына материалдык жардам көрсөтүү | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | акысыз |
6. | Улуу Ата-Мекендик согуштун, Ооган согушунун жана Баткенокуяларынын катышуучуларына материалдык жардам көрсөтүү | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | акысыз |
7. | Жакшы окуган окуучуларды окуу жылынын жыйынтыгы боюнча сыйлоо | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | акысыз |
8. | Ар кандай кызматтардын кызматкерлерине кесиптик майрам күндөрүнө материалдык колдоо көрсөтүү | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | акысыз |
Айыл окмотунун жооптуу катчысынын м.а: Х.Дадабаев
| Мирмахмудов айылдык кеңешинин 2018 жылдын "30" июлундагы № 17-1 токтомуна №2-тиркеме
|
МУНИЦИПАЛДЫК КЫЗМАТТЫН СТАНДАРТЫ
1. Муниципалдык кызматтын паспорту | |||
1. | Кызматтардын аталыштары, ошондой эле аны көрсөтүү процессинде кызматтарды аткаруучунун аракеттерин кыскача сыпаттоо | Салыктар жана башка төлөмдөр боюнча карызы жоктугу жөнүндө тактама берүү | |
2. | Кызмат көрсөтүүчү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын (муниципалдык мекеменин) толук аталышы | А.Мирмахмудов атындагы айылдык аймагынын айыл өкмөтү | |
3. | Муниципалдык кызмат алуучулар | Салыктар боюнча карызы жоктугу жөнүндө тактамага муктаж болгон айыл өкмөттүн чарба китебинде катталган жарандар | |
4. | Муниципалдык кызмат алуунун укуктук негиздери | 1. – Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2. –“КыргызРеспубликасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 3. - "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 4. - “КыргызРеспубликасында калкка социалдык кызмат көрсөтүүнүн негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; - "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; - “Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр реестрин түзүү тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдагы 03-июнундагы №302 Токтому; - “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандарты жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдагы 03-сентябрындагы №603 Токтому; “Куралдуу күчтөрдүн, согуштардын ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;5. - “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; | |
5. | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн акыркы натыйжасы | Салыктар боюнча карызы жоктугу жөнүндө тактамага зарыл болгондо ала алышат | |
6. | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн шарттары | - жарандын кат жүзүндөгү кайрылуусу; - аныктоо; - тизмеге киргизүү; - ирээти менен кызматты көрсөтүү. Эгерде майыптуулугу бар жаран өзү келүүгө мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда, ошол жарандын үйүнөтактама жеткирилип берилет. | |
7. | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Жыл ичинде канча жолу муктаждык пайда болгон учурларда алышы мүмкүн. Зарылдык келип чыккан учурда | |
2. Муниципалдык кызмат алуучуларды маалымдоо | |||
8. | Керектөөчүгө берилүүчү муниципалдык кызматтар (керектүү маалыматтардын тизмеси), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, стандартташтыруу үчүн жооптуулар жөнүндө маалымдоо | Кызмат көрсөтүүнүн жарыялоо жолдору: - социалдык кызматкерлер тарабынан; - айыл башчылар, жамаат уюмдун башчылары аркылуу; - маалымат тактайчаларында; - айыл жыйындарында. Маалыматтар мамлекеттик тилинде гана берилет. | |
9. | Муниципалдык кызмат жөнүндө маалыматты таратуунун ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларын мүнөздөө же саноо) | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн таратуу ыкмалары: - социалдык кызматкерлер тарабынан; - айыл башчылар, жамаат уюмдун башчылары аркылуу; - маалымат тактайчаларына; - айыл жыйындары аркылуу. Маалыматтар мамлекеттик тилинде гана берилет. | |
3. Муниципалдык кызмат көрсөтүү жана тейлөө | |||
10. | Келүүчүлөр менен сүйлөшүү | Жоопту катчынын кенсесинин эшигинде ФАА жана кызматы жөнүндө, ошондой эле иштөө графиги илинет. Жоопту катчы мыйзамдын негизинде профессионалдык этиканы сактап, кайрылучууларга жооп берет жана өзүнүн функционалдык милдеттерин так аткарат. Сылык жана ачык маанайда сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт, суроолорго жооп берилет. Кайрылуучуларга кабыл алуучу кабинетте, кезегин күтүү учурунда ыёгайлуу санитардык нормаларга жооп берген сырткы туалет, кол жуучу жай, жылычкычтар жана ошондой эле олтуруучу стулдар болушу керек. | |
11. | Жашырындуулукту камсыз кылуу ыкмалары | Жашырындуулук кепилденет. | |
12. | Муниципалдык кызматтарды керектөөчүлөр тарабынан керектүү документтердин жана иш-аракеттердин тизмеси | - паспорт (ID-карта); - жарандын кат жүзүндөгү кайрылуусу; -чарбалык китептен көчүрмө; | |
13. | Акылуу муниципалдык кызматтардын наркы | Акысыз | |
14. | Муниципалдык кызматтын сапатынын параметри | - көрсөтүлгөн мөөнөттөргө ылайык өз убагында көрсөтүү - жеткиликтүүлүк, ачык айкындуулук, актуалдуулук; - жашына, жынысына, улутуна, дин тутумуна карабастан дискриминациялообо; - даттануулар жана каалоолор тууралуу китеп уюштурулуп, каттаган адамдардын ой пикири жазылып турат; - сылык мамиле жасоо, документтерди даярдоодо жардам берүү. | |
15. | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн ыкмалары, электрондук форматта аны көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү | Түздөн-түз кызмат көрсөтүү. Электрондук форматта аталган кызмат көрсөтүлбөйт. | |
4. Муниципалдык кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануунун тартиби | |||
16. | Муниципалдык кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | - 12 пунктта көрсөтүлгөн документтердин тизмеси толук болбосо; - айылдык аймактан каттоодон чыккан мезгилде; - жаран каза болгон учурда. | |
17. | Даттануунун тартиби | Эгерде кайрылуучу тарап нааразы болсо, анда ооз эки же кат түрүндө А.Мирмахмудоватындагы айыл өкмөтүнө кайрылса болот. Кат жүзүндөгү даттануу эркин формада жазылышы мүмкүн жана даттануучунун ФАА, жашаган дареги, телефон номуру, даттануунун мазмуну, күнү жана өз колу коюлушу керек. Кат жүзүндөгү даттануу ошол эле күнү атайын каттоо журналына катталышы керек. Даттанууларды кароо мыйзам чегинде бекитилген тартипте 14 күндөн кеч эмес каралышы керек. Эгерде даттануучу чыгарылган чечимге нааразы болсо, анда ал сот органдарына кайрылуугу укуктуу. | |
18. | Муниципалдык кызматтын стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Жылына бир жолу. | |