Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Таш айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХI сессиясы
2018-жылдын 19-декабры № 28
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндөгү” кодексинин 313-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-апрелиндеги №120-р буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын “Жазык” кодексин, Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндө” кодексин, Пробация жөнүндө”, “Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын турмушка ашыруу максатында 2018-жылдын 17-октябрында “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялар тууралуу Типтүү жобону бекитүү жөнүндө” Кара-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Таш айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу типтүү жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин. 2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, укук тартибин чындоо боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.Максутов |
Кара--Таш айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча
Комиссиялары тууралуу
ТИПТҮҮ ЖОБО
1 .Жалпы жоболор
1.Ушул типтүү жобо Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексинде (мындан ары –кодекс) каралган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялардын (мындан ары –комиссия) түзүүнүн жана алардын ишинин тартибин аныктайт.
2.Комиссия жергиликтүү кеңеш тарабынан түзүлөт жана туруктуу иштөөчү коллегиалдуу орган болуп эсептелет.
3.Комиссия жөнүндө жобо,анын сандык жана персоналдык курамы жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитилет .
4.Комиссия өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын конституциясын, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексин,башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
5.Комиссия кодексте каралган бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча ыйгарым укуктарга ээ.
6.Комиссия жергиликтүү кеңештин алдында отчет берет. Комиссия жыл сайын, 15-январдан кеч эмес өткөн календарлык жылда аткарган өз иштери тууралуу отчет даярдап жергиликтүү кеңешке киргизет.
7.Комиссиянын ишмердүүлүгүн материалдык-техникалык жактан камсыздоо жергиликтүү бюджетте каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт
2.Комиссияны түзүүнүн жана анын ишмердүүлүгүн
токтотуунун тартиби
8.Комиссия так санда, 5-11 адамдан, комиссиянын төрагасынын, орун басарынын,катчысынын жана мүчөлөрүнүн курамында түзүлөт.
9.Жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилүүчү комиссиянын курамына төмөндөгүлөр киришет: -жергиликтүү кеңештин депутаттары; -муниципалдык кызматчылар; -шаардын,айыл аймагынын чегинде жашаган жарандык коомдун жана жергиликтүү жаматтын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча ). -шаардын,айыл аймагынын чегинде жашаган жаранрдык коомдун жана жергиликтүү жаматтын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча ) Комиссиянын төрагасы комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен,ал эми комиссиянын катчысы мэриянын (айыл өкмөтүнүн) муниципалдык кызматчысы болгон комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен дайындалат.