Загрузка документа…
С.ЮСУПОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-декабры №6-4
Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча маалыматтын ачыктыгын жана жалпыга жеткиликтүүлүгүн арттыруу, жарандарга жана юридикалык жактарга багытталган муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу максатында, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мызамын, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, “Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр реестрин түзүү тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдагы 03-июнундагы №302 Токтомун, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандарты жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдагы 03-сентябрындагы №603 Токтомун аткаруу максатында, ошондой эле Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн стандарттарын иштеп чыгуу боюнча нускаманын негизинде депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С.Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ:
1. Муниципалдык кызмат көрсөтуулөрдүн кошумча тизмеси бекитилсин (№1- тиркеме).
2. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмесинин көргөзүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары бекитилсин (№2,3,4,5,6,7,8,9,10,11,12,13,14,15,16,17- тиркемелер).
3. Аталган токтом С.Юсупова айыл өкмөтүнүн “yusupova.aravan.kg” веб-сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы С.Юсупова айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Тѳрага | К.Нарматов |
| С. Юсупова айылдык кеңешинин 2018-жылдын 18-декабрындагы 6-чакырык 6-сессиясынын №6-4 токтомуна №1-тиркеме |
Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча
№ | Кызмат көрсөтүүлөрдүн аталышы | Кызмат көрсөтүүлөрүн стандартташтырууга жооптуу органдардын аты | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнү ишке ашыруучунун аты | Кызмат көрсөтүүнүн шарттары (акылуулук же акысыздык) |
1. | Жер үлүшүнүн бардыгы туралуу аныктама берүү | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | акысыз |
2. | Үй – бүлөнүн курамы жөнүндө тактама берүү | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | акысыз |
3. | Чарбадагы малдын саны жана түрү жөнүндөгү тактама (аныктама) | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | акысыз |
4. | Тоголок жетим балдарга мектеп формасы менен камсыз кылуу | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | акысыз |
5. | Салыктар боюнча карызы жоктугу жөнүндө аныктама берүү | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | акысыз |
6. | Ижара жери боюнча жана карызы жоктугу жөнүндө аныктама берүү | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | акысыз |
7. | Аз камсызданган, жакыр үй бүлөлөрдүн балдарын жайкы эс алуу жайларга жолдомолор менен камсыздандыруу. | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | акысыз |
8. | ДМЧЖ, улгайган жарандарга материалдык жардам көрсөтүү. | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | акысыз |
9. | Улуу ата-мекендик согуштун ардагерлерине жана башка согуштардын катышуучуларына материалдык жардам көрсөтүү | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | акысыз |
10. | Жарым жана тоголок жетим балдарга жылына бир жолу “балдар күнүнө” карата материалдык жардам менен камсыздоо | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | акысыз |
11. | Спорттук беттештердин жана мектеп олимпиадаларынын катышуучуларынын транспорттук чыгымдарын каржылоо | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | акысыз |
12. | Жалгыз бой кары адамдарды, 16 жашка чейинки 5 баласы бар аз камсыз үй-бүлөөлөрдү жана жетим балдарды кышкы мезгилде көмүр менен камсыз кылуу | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | акысыз |
13. | Көп балалуу жалгыз бой энелерге кышкы мезгилге жыгач отун менен камсыздоо | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | акысыз |
14. | Ден-соолугунан мумкунчулугу чектелуу балдарга майыптар кунуно белектерди тапшыруу | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | акысыз |
15. | Аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө сөөк койууда отун жагынан жана башка жардам берүү | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | акысыз |
16. | Аз камсыз үй-бүлөөдөгү ден-соолугунан мүнкүнчүлүгү чектелген адамдарды кышкы мезгилге көмүр менен камсыздоо | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | акысыз |
С.Юсупова айыл өкмөтүнүн
жооптуу катчысы: Г.Мамытова
| С. Юсупова айылдык кеңешинин 2018-жылдын 18-декабрындагы 6-чакырык 6-сессиясынын №6-4 токтомуна №2-тиркеме |
Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесинин муниципалдык кызматтын
СТАНДАРТЫ
1. Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн паспорту | |||
1. | Кызматтардын аталыштары, ошондой эле аны көрсөтүү процессинде кызматтарды аткаруучунун аракеттерин кыскача сыпаттоо | Жер үлүшү тууралуу аныктама берүү | |
2. | Кызмат көрсөтүүчү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын (муниципалдык мекеменин) толук аталышы | С.Юсупова айыл өкмөтү | |
3. | Муниципалдык кызмат алуучулар | Жер үлүшү тууралуу аныктамага муктаж болгон жараандар | |
4. | Муниципалдык кызмат алуунун укуктук негиздери | 1. - КРнын Жер кодекси; 2. - КРнын Конституциясы 3. - "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамы; - "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" мыйзамы | |
5. | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн акыркы натыйжасы | Жер үлүшү тууралуу аныктамага зарыл болгондо ала алышат | |
6. | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн шарттары | - жарандын кат жүзүндөгү кайрылуусу; - аныктоо; - тизмеге киргизүү; - ирээти менен кызматты көрсөтүү. Эгерде майыптуулугу бар жаран өзү келүүгө мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда, ошол жарандын үйүнө жеткирилип берилет. | |
7. | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Жылына бир канча жолу алышы мүмкүн. | |
2. Муниципалдык кызмат алуучуларды маалымдоо | |||
8. | Керектөөчүгө берилүүчү муниципалдык кызматтар (керектүү маалыматтардын тизмеси), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, стандартташтыруу үчүн жооптуулар жөнүндө маалымдоо | Кызмат көрсөтүүнүн жарыялоо жолдору: - жер адис кызматкерлери тарабынан; - айыл башчылар аркылуу; - маалымат тактайчаларында; - айыл жыйындарында. Маалыматтар мамлекеттик тилинде гана берилет. | |
9. | Муниципалдык кызмат жөнүндө маалыматты таратуунун ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларын мүнөздөө же саноо) | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн таратуу ыкмалары: - жер адис кызматкерлери тарабынан; - айыл башчылар аркылуу; - маалымат тактайчаларына; - айыл жыйындары аркылуу. Маалыматтар мамлекеттик тилинде гана берилет. | |
3. Муниципалдык кызмат көрсөтүү жана тейлөө | |||
10. | Кайрылган жараандар менен сүйлөшүү | Жоопту кызматкердин кенсесинин эшигинде ФАА жана кызматы жөнүндө, ошондой эле иштөө графиги илинет. Жоопту кызматкер мыйзамдын негизинде профессионалдык этиканы сактап, кайрылучууларга жооп берет жана өзүнүн функционалдык милдеттерин так аткарат. Сылык жана ачык маанайда сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт, суроолорго жооп берилет. Кайрылуучуларга кабыл алуучу кабинетте, кезегин күтүү учурунда ыңгайлуу санитардык нормаларга жооп берген сырткы туалет, кол жуучу жай, жылычкычтар жана ошондой эле олтуруучу стулдар болушу керек. | |
11. | Жашырындуулукту камсыз кылуу ыкмалары | Жашырындуулук кепилденет | |
12. | Муниципалдык кызматтарды керектөөчүлөр тарабынан керектүү документтердин жана иш-аракеттердин тизмеси | - паспорт (ID-карта); - жарандын кат жүзүндөгү кайрылуусу; -чарбалык китептен көчүрмө; -комиссия курамынын корутундусу. | |
13. | Акылуу муниципалдык кызматтардын наркы | Акысыз | |
14. | Муниципалдык кызматтын сапатынын параметри | - көрсөтүлгөн мөөнөттөргө ылайык өз убагында көрсөтүү - жеткиликтүүлүк, ачык айкындуулук, актуалдуулук; - жашына, жынысына, улутуна, дин тутумуна карабастан дискриминациялообо; - даттануулар жана каалоолор тууралуу китеп уюштурулуп, каттаган адамдардын ой пикири жазылып турат; - сылык мамиле жасоо, документтерди даярдоодо жардам берүү. | |
15. | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн ыкмалары, электрондук форматта аны көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү | Түздөн-түз кызмат көрсөтүү; Электрондук форматта аталган кызмат көрсөтүлбөйт. | |
4. Муниципалдык кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануунун тартиби | |||
16. | Муниципалдык кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | - 12 пунктта көрсөтүлгөн документтердин тизмеси толук болбосо; - айылдык аймактан каттоодон чыккан мезгилде; - жаран каза болгон учурда. | |
17. | Даттануунун тартиби | - Эгерде кайрылуучу тарап нааразы болсо, анда ооз эки же кат түрүндө С.Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысына кайрылса болот; - Кат жүзүндөгү даттануу эркин формада жазылышы мүмкүн жана даттануучунун ФАА, жашаган дареги, телефон номуру, даттануунун мазмуну, күнү жана өз колу коюлушу керек; - Кат жүзүндөгү даттануу ошол эле күнү атайын каттоо журналына катталышы керек; - Даттанууларды кароо мыйзам чегинде бекитилген тартипте 14 күндөн кеч эмес каралышы керек; - Эгерде даттануучу чыгарылган чечимге нааразы болсо, анда ал сот органдарына кайрылуугу укуктуу. | |
18. | Муниципалдык кызматтын стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Жылына бир жолу | |