Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 24 январы № 2/6
Кара-Суу шаарында үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу боюнча жергиликтүү комитетин түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Мыйзамынын 1-беренесинин 2-пунктунун талаптарына ылайык Кара-Суу шаарынын аймагында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча сунушту угуп жана талкуулап Кара-Суу шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кара-Суу шаарынын аймагында үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу боюнча жергиликтүү комитети түзүлсүн. (№1 тиркеме тиркелет).
2. Кара-Суу шаарынын аймагында үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу боюнча жергиликтүү комитетинин Жобосу бекитилсин. (тиркелет).
Түзүлгөн үй-бүлөлүк зомбулуктуу токтотуу боюнча жергиликтүү комитет өз ишин бекитилген Жобонун негизинде жүргүзүшсүн.
Бул токтомдун аткарылышы шаардык кеңешинин социалдык маданий маселелер, маалымдуулук жаштар жана аялдар саясаты, спорт, илим, билим, саламаттыкты сактоо боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы | А.О. Назаров |
Кара-Cуу шаардык кеңешинин 2022-жылдын 24-январындагы II сессиясынын №2/6 токтомуна 1 тиркеме
Кара-Суу шаарында үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу боюнча жергиликтүү комитетинин курамы
Ш.Осмоналиев – вице-мэр, комитеттин төрагасы;
Т.Абдураимова – шаар мэриясынын адиси, комитеттин катчысы
№ | Ф.А.А. | Ээлеген кызматы | Байланыш телефону | |
№1 ҮБЗТК | ||||
1. | Атабаева Д. - | Аялдар кеңешинин төрайымы | 0558 04-74-74 | |
2. | Бакыева С. - | Шаардык кеңешинин депутаты | 0555856095 | |
3. | Урманов Х.- | Шаардын тургуну | 0551210121 | |
4. | Исраилов С.- | №134 нег. мектебинин соц. педагогу | 0552275007 | |
5. | Тургунова Э.- | К.Рахимов о.м соц педагогу | 0559000616 | |
6. | Султаналиева З.- | Кара-Суу шаардык YДТ башчысы | 0557005788 | |
7. | Изакеева Р.- | Шаардык кеңештин депутаты | 0553030382 | |
8. | Сатвалдиева Д.- | Шаардык кеңештин депутаты | 0557290172 | |
9. | Касирова Я.- | Шаардык кеңештин депутаты | 0553717122 | |
№2 ҮБЗТК | ||||
1. | Бегматова А. | Шаардык кеңештин депутаты | 0777366687 | |
2. | Абдиева М.- | YБДТ фельдшер-акушер | 0550892309 | |
3. | Алайчиев М.- | Аксакалдар кеңешинин төрагасы | 0557114344 | |
4. | Бегалы к Р | З.Бабур о.м соц педагогу | 0558251075 | |
5. | Сайдрахманова А.- | №2 кв комитетинин төрайымы | 0556066262 | |
6. | Абакулов М.- | КААБ башчысы | 0550262158 | |
7. | Амирбекова З.- | Шаардык кеңештин депутаты | 0559302799 | |
8. | Тургунбаева А.- | Шаардык кеңештин депутаты | 0555818030 | |
№3 ҮБЗТК | ||||
1. | Орозмаматова В.- | Шаардык кеңештин депутаты | 0550146329 | |
2. | Маматкаримов И. | Мэриянын башкы адиси | 0772020209 | |
3. | Абдураимова Т. | Мэриянын адиси | 0557096066 | |
4. | Шакеева К.- | Шаардык кеңештин депутаты | 0556090982 | |
5. | Турдиева Х.- | Х.Турсунов о.м соц.педагогу | 0551104705 | |
6. | Калматова Н.- | №3 балдар бакчасынын башчысы | 0554223201 | |
7. | Закирова Ч.- | Шаардык кеңештин депутаты | 0771377337 | |
8. | Толубаева Д.- | Кара-Суу РИИБүнүн кызматкери | 0551287600 | |
Жооптуу катчы А.К.Кебекбаева
Кара-Cуу шаардык кеңешинин 2022-жылдын 24-январындагы II сессиясынын №2/6 токтому менен бекитилди
Үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу боюнча жергиликтүү комитети жөнүндө ЖОБО
Жалпы жоболор
1.1. Үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу боюнча жергиликтүү комитети (мындан ары кыскача ҮБЗТК деп аталат) Кыргыз Республикасынын "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Мыйзамынын 19-беренесинин 6-пунктунун талаптарына ылайык үй-бүлөлүк зомбулукту, аялдарга жана кыздарга карата зомбулукту токтотууга салым кошуу максатында курамы мамлекеттик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун, дин кызматкерлеринин өкүлдөрүнөн жана жергиликтүү жамааттардын башка мүчөлөрүнөн турган ведомстволор аралык координациялоо жана өз ара аркеттенишүү үчүн коомдук башталышта түзүлгөн дайыма иштей турган коллегиялык орган.
1.2. Үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу боюнча жергиликтүү комитети өзүнүн ишмердүүлүгүн жергиликтүү мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, өкмөттүк эмес, коомдук уюмдар жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен тыгыз байланышта ишке ашырат.
1.3. Үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу боюнча жергиликтүү комитети өзүнүн ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын буюртмаларына жана ушул Жобого ылайык ишке ашырат.
Үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу боюнча жергиликтүү комитетинин максаттары
2.1. Үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу боюнча жергиликтүү комитети өзүнүн маселелерин аткаруу үчүн кийинки функцияларды ишке ашырат:
- Үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу боюнча жергиликтүү комитетинин иш пландарына үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоо, үй-бүлө институтун бекемдөө жана үй-бүлөлүк зордук зомбулукту токтотуу маселелерин камтуу менен иштеп чыгышат жана шаардык кеңешинин сессиясына бекитүүгө алып чыгат;