Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2004-жылдын 25-февралы № 103
Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүкчөлөрү тарабынан берилүүчү Уруксат берүүчү документтердин реестрин бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-декабрындагы № 887 2006-жылдын 11-январындагы № 8, 2006-жылдын 22-сентябрындагы № 688, 2007-жылдын 24-августундагы № 369, 2009-жылдын 5-июнундагы № 367, 2009-жылдын 15-июлундагы № 453, 2012-жылдын 26-сентябрындагы № 653, 2012-жылдын 11-декабрындагы № 827, 2013-жылдын 21-январындагы № 22, 2013-жылдын 7-майындагы № 256, 2013-жылдын 1-июлундагы № 395, 2015-жылдын 23-июлундагы № 524, 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 576, 2017-жылдын 18-декабрындагы № 819, 2019-жылдын 29-июлундагы № 372, 2019-жылдын 31-декабрындагы № 746, Министирлер кабинетинин 2022-жылдын 11 мартындагы №124, 2025-жылдын 2-июлундагы № 393, 2025-жылдын 25-декабрындагы № 832, 2026-жылдын 2-апрелиндеги № 218 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 25-апрелиндеги № 100 "Инвестициялык жана башка ишкерлик иш-аракеттерин жөнгө салуу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты өркүндөтүү боюнча чаралар тууралуу" Жарлыгын аткаруу, ошондой эле 2010-жылга чейин Кыргыз Республикасынын өнүктүрүүнүн комплекстүү негиздеринде аныкталган ишкерликке ыңгайлуу ишкер чөйрө түзүү жана аны колдоо жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу максаттарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы № 395 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүкчөлөрү тарабынан берилүүчү Уруксат берүүчү документтеринин тиркелген реестри бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр:
- бул Реестр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган уруксат берүү документтеринен башкача түзүлө тургандыгы;
- аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүкчөлөрү тарабынан берилүүчү уруксат берүүчү документтердин наркы белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик менен макулдашылаары;
- аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык подразделениелери тарабынан ушул токтом менен бекитилген Уруксат берүү документтеринин реестрине киргизилбеген уруксат кылуу документтерин берүүгө тыюу салына тургандыгы белгиленсин.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнунун № 367 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, мамлекеттик комиссиялар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын структуралык бөлүкчөлөрү:
- бир айлык мөөнөттө өзүлөрүнүн ченемдмк-укуктук актыларын ушул токтомго ылайык келтирсин;
- уруксаттарды берүү боюнча жүргүзүлгөн иштер тууралуу бекитилген формада Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине үзгүлтүксүз статистикалык отчетторду (жарым жылда бир жолу) берип турушсун;
- уруксат кылуу документтеринин наркынын прейскурантында каралбаган уруксат кылуу документтерин берүү үчүн акы алууга тыюу салышсын;
- берилүүчү уруксат кылуу документтери жана алардын наркы тууралуу коомчулукка кабарлоо боюнча иштерди жүргүзүшсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы № 395 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Уруксат кылуу документтеринин жаңы түрлөрүнүн реестрин киргизүү милдеттүү түрдө Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен макулдашылсын.