Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2007-жылдын 24-августу № 365
Мамлекеттик статистика органдарынан статистикалык маалыматты акысыз алууга укугу бар пайдалануучулардын тизмесин бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-октябрындагы № 261, 2011-жылдын 13-июнундагы № 305 2012-жылдын 28-майындагы № 324, 2017-жылдын 20-декабрындагы № 826 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Мамлекеттик статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-статьясынын талаптарын аткаруу максатында жыл сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү Статистикалык иштердин программасынын алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик статистика органдарынан статистикалык маалыматты акысыз алууга укугу бар пайдалануучулардын тиркелген тизмеси бекитилсин.
2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине жүктөлсүн.
Премьер-министри | А.Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы № 365 токтому менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-октябрындагы № 261, 2011-жылдын 13-июнундагы № 305 2012-жылдын 28-майындагы № 324, 2017-жылдын 20-декабрындагы № 826 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси
Кыргыз Республикасынын Президентинин Мамлекеттик кеңешчиси
Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчилери
Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз-кызматы
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин Аппараты
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын бөлүмдөрү
Материалдарды талдоо жана иштеп чыгуу тобу
Коомчулук менен байланышуу боюнча кызмат
Кыргыз Республикасынын Президентинин архиви