Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 4-декабры № 778
Иш сапардык чыгымдардын ченемдерин белгилөө
жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-августундагы № 584 , 2025-жылдын 9-октябры № 684 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 115-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кызматкерлерди иш сапарга жиберүү менен байланышкан чыгымдардын ордун толтуруунун төмөнкүдөй ченемдери белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын чегинде:
- суткалык төлөм – республиканын региондорунда иш сапарда болуунун ар бир күнү үчүн 1000 сом; Бишкек шаарында – 1200 сом;
- турак жайды ижаралоо боюнча төлөм – тиешелүү документтер менен ырасталган иш жүзүндөгү чыгымдар боюнча. Ырастоочу документтер жок болгон учурда турак жайды ижаралоо боюнча чыгымдардын орду суткалык чыгымдардын ченеминен 50 пайыз өлчөмүндө толтурулат;
- иш сапар өтүүчү жерге чейин барууга жана кайтып келүүгө жол кире чыгымдары, анын ичинде транспортто жүргүнчүлөрдү милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу боюнча төлөмдөр иш жүзүндөгү чыгымдар боюнча жүргүзүлөт, мында бул чыгымдар тиешелүү документтер менен ырасталат. Ырастоочу документтер жок болгон учурда жол кире боюнча чыгымдардын орду 1-тиркемеге ылайык өлчөмдөрдө толтурулат;
2) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары:
- турак жайды ижаралоо боюнча суткалык чыгымдарды жана чектик чыгымдарды төлөө – ырастоочу документтерди бербестен 2-тиркемеге ылайык өлчөмдөрдө;
- иш сапар өтүүчү жерге чейин барууга жана кайтып келүүгө жол кире чыгымдары, анын ичинде транспортто жүргүнчүлөрдү милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу боюнча төлөмдөр, ошондой эле барган өлкөсүндөгү транспорттук чыгымдар иш жүзүндөгү чыгымдар боюнча жүргүзүлөт, мында бул чыгымдар тиешелүү документтер менен ырасталат.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- кызматкерди Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары иш сапарга жиберүү иш сапардык күбөлүктү тариздебестен иш берүүчүнүн буйругунун (тескемесинин) негизинде жүргүзүлөт;
- иш сапардык чыгымдардын ченемдерин көбөйтүү менен байланышкан кошумча чыгымдар мамлекеттик мекемелер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн тиешелүү жылга бюджетте каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөт.