Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

   КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 433 токтомуна ылайык                                КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 10-ноябры № 617

 

               КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

          "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана

          жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү

        кызматкерлердин эмгек акысынын шарттары жөнүндө" Кыргыз

         Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-январындагы

     № 22 токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

 

     Кыргыз Республикасынын  мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз

алдынча башкаруу  органдарын  тейлөөчү кээ бир категориядагы кызматкер-

лердин эмгек  акысынын  шарттарын  тартипке  келтирүү максатында Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

     1. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү

өз алдынча  башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын

шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-янва-

рындагы №  22  токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизил-

син:

     аталган токтомго № 1 тиркемеде:

     - 3-пункттагы  "секретарь-машинистканын, стенографисттин, диктофон

кызматынын машинисткасынын" деген сөздөр "секретарь-машинистканын, сте-

нографисттин, диктофон  кызматынын  машинисткасынын, телефонисттин жана

лаборанттын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

     - төмөнкүдөй мазмундагы 4-5-пункттар менен толукталсын:

     "4. Башкы  бухгалтерлердин  кызмат маянасы сектор башчынын дењгээ-

линде, ал эми бир эле мезгилде ведомстволук мекемелердин эсеби жана от-

четтуулугу менен  иштеген башкы бухгалтерлердики - башкарманын курамын-

дагы бөлүм башчынын (начальниктин) дењгээлинде белгиленет.

     5. Кассирлердин  кызмат  маянасы адистин кызмат маянасынын дењгээ-

линде белгиленет.".

     2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Эм-

гек жана  социалдык өнүктүрүү министрлигине жана Кыргыз Республикасынын

Финансы министрлигине жүктөлсүн.

 

     Премьер-министри                                    И.Чудинов