Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 433 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2008-жылдын 23-январындагы № 22
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын шарттары жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-ноябрындагы № 617, 2009-жылдын 29-декабрындагы № 814, 2012-жылдын 16-августундагы № 568, 2013-жылдын 2-октябрындагы № 543, 2014-жылдын 22-октябры № 609, 2017-жылдын 30-декабрындагы № 849, 2020-жылдын 5-февралындагы № 65, Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 103, 2022-жылдын 22-мартындагы № 143 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын шарттарын андан ары өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын техникалык тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын шарттары жана иштеген жылдары үчүн үстөктөрдүн өлчөмдөрү № 1 жана № 2 тиркемелерге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кенже персоналдын (ТКП) кызмат маяналары № 3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлерге төмөнкүлөр төлөнө тургандыгы белгиленсин:
- календардык жылдын аягында - эмгек акынын орточо айлык фондунун өлчөмүндө он үчүнчү эмгек акы;
3-пункттун экинчи абзацына карата КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 2-октябрындагы № 543 токтомунун 2-пунктун караңыз
- отпускага чыкканда - эмгек акынын эки айлык фонду өлчөмүндө ден соолугун чыңдоого пособие.
3-1. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 849 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
32. Республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бул органдарды тейлөөчү кызматкерлердин кызмат маяналарына Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган, шаардык кеңештин чечими менен бекитилген өлчөмдө үстөктөрдү жана төлөмдөрдү белгилөөгө укуктуу экендиги белгиленсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 143 токтомунун редакциясына ылайык)
4. «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик, башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөдө иштеген кызматкерлердин эмгек акы шарттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-декабрындагы № 839 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тиешелүү министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор жана аткаруу бийлигинин башка органдары менен бирдикте Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрүн жана укук коргоо органдарын тейлөөдө иштеген кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун белгиленген тартипте киргизишсин.
6. Бул токтом 2008-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И. Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-январындагы № 22 токтомуна № 1 тиркеме |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз аллынча башкаруу органдарын техникалык тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын шарттары
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-ноябрындагы № 617, 2009-жылдын 29-декабрындагы № 814, 2012-жылдын 16-августундагы № 568, 2013-жылдын 2-октябрындагы № 543 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Инженерлердин, инженер-программисттердин жана администрациялык-чарба бөлүмүнүн башчысынын кызмат маянасы адистин кызмат маянасынын деңгээлинде белгиленет.
2. Секретарь-жетекчинин, чарба башчысынын, машина бюросунун башчысынын жана көчүрүп-көбөйтүүчү бюро башчысынын кызмат маяналары адистин кызмат маянасынан 10 процентке төмөн белгиленет.
3. Иш кагаздарын жүргүзүүчүнүн, архивариустун, коменданттын, кампа башчысынын, секретарь-машинистканын, стенографисттин, диктофон кызматынын машинисткасынын, көчүрүүчү-көбөйтүүчү техниканын, электрондук-эсептөөчү машинанын (ЭЭМ), жеке эсептөөчү машинанын (ЖЭМ) оператору, телефонисттин жана лаборанттын кызмат маяналары адистин кызмат маянасынан 15 процентке төмөн белгиленет.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-ноябрындагы № 617, 2009-жылдын 29-декабрындагы № 814, 2012-жылдын 16-августундагы № 568 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Эскертүү: Адистин кызматтык маянасы мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын эмгек акысынын шарттары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.
КР Өкмөтүнүн 2008.10.11 № 617 токтомуна ылайык 4-пункт менен толукталган
КР Өкмөтүнүн 2013.02.10. № 543 токтомуна ылайык 4-пунктуна өзгөртүүлөр киргизилген (мур. ред. караныз)
4. Башкы бухгалтерлердин кызмат маянасы сектор башчынын деңгээлинде, ал эми бир эле мезгилде ведомстволук мекемелердин эсеби жана отчеттуулугу менен иштеген башкы бухгалтерлердики - башкарманын курамындагы бөлүм башчынын (начальниктин), башкармалык жок учурунда - өз алдынча бөлүмдөрдүн башчыларынын деңгээлинде белгиленет.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-ноябрындагы № 617, 2013-жылдын 2-октябрындагы № 543 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4-1. Бухгалтерлердин кызматтык маяналары жетектөөчү адистердин деңгээлинде белгиленет.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 2-октябрындагы № 543 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кассирлердин кызмат маянасы адистин кызмат маянасынын деңгээлинде белгиленет.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-ноябрындагы № 617 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр |
М. Исмаилов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-январындагы № 22 токтомуна № 2 тиркеме |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын техникалык тейлөөчү кызматкерлерге иштеген жылдары үчүн үстөк
Иш стажы | Проценттер |
Бирден үч жылга чейин | 5 |
Үчтөн беш жылга чейин | 10 |
Бештен он жылга чейин | 15 |
Ондон он беш жылга чейин | 20 |
Он бештен жыйырма жылга чейин | 25 |
Жыйырмадан жыйырма беш жылга чейин | 30 |
Жыйырма беш жылдан жогору | 40 |