Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн

2011-жылдын 15-июнундагы № 318 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 31-декабры № 749                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ                  Билим берүү уюмдарынын педагогикалык               кызматкерлеринин педагогикалык кадрлардын               квалификациясын жогорулатуу боюнча жумуш                     убактысынын узактыгы жөнүндө      Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 379-статьясына ылайык Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:     1. Билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлеринин педагоги-калык  кадрлардын  квалификациясын жогорулатуу боюнча жумуш убактысынынузактыгы (эмгек акынын ставкасы үчүн  педагогикалык  иштердин  саатыныннормасы) тиркемеге ылайык белгиленсин.     2. Ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык профессордук-окутуучулук курамүчүн  жумуш  убактысынын нормаларын өзгөртүү менен байланышкан чыгымдар2008-жылга квалификацияны жогорулатуу боюнча билим берүү уюмдарына  ка-ралган каражаттардын чегинде жүргүзүлсүн.     3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.      Кыргыз Республикасынын Премьер-министри           И.Чудинов                                         Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн                                          2008-жылдын 31-декабрындагы                                                № 749 токтомуна                                                    тиркеме          Билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлеринин         педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу            боюнча жумуш убактысынын узактыгы (эмгек акынын                 ставкасы үчүн педагогикалык иштердин                           саатынын нормасы)      1. Билим берүү уюмдарынын педагогикалык кадрлардын квалификациясынжогорулатуу  боюнча  профессордук-окутуучулук курамына төмөнкүдөй узак-тыктагы жумуш убактысынын нормалары белгиленет:     - окуу  жылында  окуу иштерине 640 саат - улук окутуучуларга (оку-муштуулук даражасы жок) жана окутуучуларга (ассистенттерге);     - окуу  жылында  окуу иштерине 600 саат - улук окутуучуларга (оку-муштуулук даражасы бар жана доценттерге);     - окуу жылында окуу иштерине 560 саат - профессорлорго.     2. Билим берүү уюмдарынын педагогикалык кадрлардын квалификациясынжогорулатуу  боюнча  окутуучуларынын  педагогикалык иштери төмөнкүлөрдүкамтыйт:     - лекциялык,  семинардык,  лабораториялык, практикалык сабактарды,көчмө семинарларды,  консультацияларды,  зачет жана экзамендерди  кабылалууну,  рефераттарды  текшерүүнү,  булардын  жалпы  көлөмү жылдык окуужүктөмүнүн 70 проценттен кем эмесин түзүүгө тийиш;     - магистранттарды,  аспиранттарды,  докторанттарды, илимий-усулдукишмердикти  жетектөөнү,  курстук  иштерди  жетектөөнү,  булардын  жалпыкөлөмү жылдык окуу жүктөмүнүн 30 процентине чейинкини түзүүгө тийиш.     3. Квалификацияны жогорулатуу курстарын уюштурууда  топтордун  то-лукталышы (угуучулардын саны) 25 адамдан кем эмес белгиленет.     4. Практикалык,   семинардык   жана   лабораториялык    сабактардыөткөрүүдө  окуу топторун саны 10-12 адамдан кем болбогон чакан топторгобөлүүгө уруксат берилет.      Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн     Аппарат жетекчиси - министри                      М.Исмаилов