Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2021-жылдын 5-сентябры № 684
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү боюнча шайлоо округдарынын схемасы жана чек аралары жөнүндө |
(В редакции постановления Центризбиркома КР от 15 сентября 2021 года № 695)
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-августундагы ПЖ № 370 Жарлыгына, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы № 4 токтому менен бекитилген "Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө" Жобосуна ылайык, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 2, 4, 5-бөлүктөрүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү боюнча округдарынын схемасы жана чек аралары тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага | Н.Шайлдабекова |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 5-сентябрындагы № 684 токтомунун тиркемеси |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын СХЕМАСЫ
(В редакции постановления Центризбиркома КР от 15 сентября 2021 года № 695)
1. Саясий партиялар көрсөткөн талапкерлердин тизмелери боюнча Жогорку Кеңештин 54 депутатынын пропорционалдуу шайлоо тутуму боюнча шайлоолорду өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагы бирдиктүү шайлоо округу болуп саналат. Ошол эле учурда, Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашаган шайлоочулар бирдиктүү шайлоо округуна катталган болуп эсептелет.
2. Бир мандаттуу шайлоо округдары:
№ 1 Лейлек шайлоо округу
№ 2 Баткен шайлоо округу
№ 3 Кадамжай шайлоо округу