Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 40 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
2020-жылдын 4-февралы № 29
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 7-октябрындагы № 506 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдѳ ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу жөнүндө» Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн зарыл жана жетиштүү шарттарды камсыз кылууну өркүндөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 14, 22, 27, 29-беренелерин, «Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12, 22, 27, 29-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 7-октябрындагы № 506 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында шайлооллорду жана референдумдарды өткөрүүдѳ ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу жөнүндө» Жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1.1-пункта «Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына» деген сөздөрдөн кийин «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына» деген сөздөр менен толукталсын;
2) 1.3-пункт төмөнкүдѳй редакцияда баяндалсын:
«1.3. Кыргыз Республикасынын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн зарыл жана жетиштүү шарттарды камсыз кылуу ушул Жобонун максаты болуп саналат»;
3) 1.7-пункт «Бул Жободо» деген сөздөрдөн кийин «шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн» деген сөздөр менен толукталсын;
4) 1.8-пунктагы «майыптыгы бар» деген сөздөр «ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү» деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 1.9-пунктта:
- экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулар – активдүү шайлоо укугуна ээ, жалпы шарттарда шайлоо укуктарын толук кандуу жүзөгө ашырууну чектөөгө алып келген угуу, көрүү, таяныч-кыймыл аппаратынын функциялары бузулган, оорулар, жаракаттардын же кемчиликтердин кесепеттери менен шартталган, организм функциялары туруктуу бузулган, ден соолугу начар Кыргыз Республикасынын жарандары»;
- үчүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;