Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 40 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 7-октябрындагы № 506 токтому менен бекитилген | ||
|
|
| |
|
|
|
|
"Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу жөнүндө" ЖОБО
(КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 4-февралындагы № 29 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1.1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.
(КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 4-февралындагы № 29 токтомунун редакциясына ылайык)
1.2. Кыргыз Республикасынын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жараны Кыргыз Республикасынын Конституциясында кепилденген тикелей жана жашыруун эрк билдирүү аркылуу бирдей негиздерде шайлоого жана шайланууга укуктуу, шайлоого жана референдумдарга катышууга укуктуу.
1.3. Кыргыз Республикасынын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн зарыл жана жетиштүү шарттарды камсыз кылуу ушул Жобонун максаты болуп саналат
(КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 4-февралындагы № 29 токтомунун редакциясына ылайык)
1.4. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу шайлоо комиссияларына жүктөлөт.
1.5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (мындан ары - ЖӨБО), мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер, социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери, ошондой эле алардын кызмат адамдары ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды камсыз кылууда Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын өкүлдөрүнө жана шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтөт.
1.6. Бул багыт боюнча иштерди координациялоо региондордо Борбордук шайлоо комиссиясынын аймактык шайлоо комиссияларынын алдындагы атайын өкүлдөрүнө жүктөлөт.
1.7. Бул Жободо шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын төмөнкүдөй категорияларына карата шайлоо комиссияларынын, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши жөнгө салынат:
- сокур жана начар көргөн шайлоочулар өзүнүн шайлоо укуктарын өз алдынча ишке ашырышына тоскоолдук кылган көрүүсү бузулган адамдар;
- дүлөй жана начар уккан шайлоочулар - өзүнүн шайлоо укуктарын өз алдынча ишке ашырышына тоскоолдук кылган угуусу бузулган адамдар;