Загрузка документа…
КР Борборшайлоокомунун 2025-жылдын 1-ноябрындагы N 129 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 11-февралындагы № 38 токтому менен бекитилген
|
Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү тутуму жѳнүндѳ
(КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 25-июлундагы № 140 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү тутуму жөнүндө ушул Жобо (мындан ары - Жобо) мамлекеттик маалымат тутумун - шайлоочуларды эсепке алуунун маалыматтарынын корголушун жана сакталышын камсыздоонун, алардын башка маалымат тутумдары менен өз ара аракеттешүүсүнүн Бирдиктүү тутумун пайдалануу аркылуу Кыргыз Республикасында шайлоочуларды, референдумдун катышуучуларын түзүү, жүргүзүү, жаңыртуу жана эсепке алуу тартибин жөнгө салат.
2. Ушул Жобо "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын депутаттарын шайлоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө", "Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө", "Электрондук кол тамга жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.
3.Жободо:
1) төмөндөгүдөй терминдер пайдаланылат:
шайлоочунун инсандыгын ырастоочу документ - Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспортторунун мыйзамдарда белгиленген бардык типтери;
шайлоочунун инсандыгын ырастоочу документ - Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (жарандын паспортундагы жашаган жерин каттоо жөнүндө/электрондук чиптеги жазуу белгиси менен);
Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү тутуму (ШЭБТ) - шайлоочулар, референдумдун катышуучулары (мындан ары - шайлоочулар) тууралуу маалыматтарды түзүү, тутумдаштыруу жана актуалдаштыруу үчүн шайлоолорго жана референдумга катышууга Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарынын кепилдиктерин камсыздоо, шайлоочулардын тизмесин жана референдумга катышуучулардын тизмесин (мындан ары - шайлоочулардын тизмесин) түзүү, шайлоолордун аралыгында статистиканы жана отчетторду түзүү жана Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдум өткөрүү максатында жүзөгө ашырылуучу мамлекеттик маалымат тутуму;
Кыргыз Республикасынын Калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри (КБМК) - Кыргыз Республикасынын жарандары жана Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жарандыгы жок адамдар жөнүндө маалыматтарды жыйноо, сактоо, актуалдаштыруу жана талдоого арналган Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү автоматташтырылган жеке эсептеринин тутуму;
шайлоочулар - жигердүү шайлоо укугу бар Кыргыз Республикасынын жараны;
шайлоо дареги - шайлоочунун туруктуу жашаган жери болуп саналбаган, бирок Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипке ылайык ал добуш берүүнү каалаганын билдирген дареги;
шайлоочунун, референдумдун катышуучусунун жеке маалыматтары - шайлоочунун жеке инсандыгын тастыктаган документте көрсөтүлгөн/электрондук чипте жазылган Кыргыз Республикасынын шайлоочусунун, референдумга катышуучусунун жеке иденттештирүү номери, фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы, туруктуу жашаган жеринин дареги камтылган маалыматтар;