Редакцияот 11.05.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2022-жылдын 11-майы №236-VII

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 11-майындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 11-майындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:

"Сырткы видеобайкоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

"2021-жылдын 21-декабрында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында кредиттик таржымалдын курамына кирген маалыматтар менен алмашуу тартиби жөнүндө макулдашуу ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

"2008-жылдын 20-февралында Женева шаарында кол коюлган Жүктөрдү эл аралык жолдордо ташуу келишими жөнүндө конвенциянын электрондук коштомо кагазга тийиштүү кошумча протоколуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

"Эл аралык чукул жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

"Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

"Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин үстүбүздөгү жылдын май айында болуп өткөн табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндөгү маалыматы;

"Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

"Оюн-зоок ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары

 

Н.Сыдыгалиев