Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 711 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2010-жылдын 5-ноябрындагы №266
«Келип түшкөн камсыздандыруу сыйлыктары жана камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп берүү жөнүндөгү маалыматтар» боюнча камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын отчет берүүсүнүн формасын жана мөөнөттөрүн бекитүү тууралуу
«Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, камсыздандыруу уюмдарынын финансылык туруктуулугун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Келип түшкөн камсыздандыруу сыйлыктары жана камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп берүү жөнүндөгү маалыматтар» боюнча камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын отчетунун тиркелген формасы бекитилсин.
2. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдары ай сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын онунан кечиктирбестен «Келип түшкөн камсыздандыруу сыйлыктары жана камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп берүү жөнүндөгү маалыматтар» боюнча отчетту көрсөтүлгөн формада кагаз жана электрондук түрдө Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу көзөмөлү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берип турушсун.
3. Бул токтом расмий ;жарыяланган күндөн тартып 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р.Отунбаева |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-ноябрындагы № 266 токтому менен бекитилген |