Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2017-жылдын 30-июнундагы № 413 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 16-майы № 224
Бюджеттик мекемелерде бухгалтердик эсепти уюштуруу боюнча жобону бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-ноябры № 624 токтомунун редакциясына ылайык)
«Бухгалтердик эсеп жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу секторундагы бухгалтердик эсепти жана финансылык отчет берүүнү андан-ары өркүндөтүү максатында, Коомдук сектордун финансылык отчет берүүнүн эл аралык стандарттарына өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген Бюджеттик мекемелерде бухгалтердик эсепти уюштуруу боюнча жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги өзүнүн чечимдерин бул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтом 2011-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | А. Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы № 224 токтому менен бекитилген |
КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2017-жылдын 30-июнундагы № 413 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
I бөлүм. Бюджеттик мекемелерде бухгалтердик эсепти уюштуруу боюнча жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти уюштуруунун жана бухгалтердик эсепти түзүүнүн бирдиктүү тартибин белгилейт.
2. Ушул Жобо бухгалтердик эсеп системасын уюштуруу, бухгалтердик кызматтын максаттары менен милдеттерин аныктоо, бухгалтердик мүнөздөгү маалыматтарды өз убагында толук жана туура түзүүгө жана берүүгө анын жоопкерчилиги маселелерин жөнгө салууга багытталган.
3. Бекитилген бюджеттердин аткарылышын эсепке алуу кабыл алынган кирешелер менен чыгашалардын классификациясына, ошондой эле каржылоо булактары боюнча (бюджеттик каражаттар жана атайын каражаттар) активдер жана милдеттенмелер менен аткарымдар (операциялар) классификациясына ылайык жүргүзүлөт.
4. Министрликтер жана ведомстволор Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен макулдашуу боюнча (мындан ары - Минфин) өз иштеринин өзгөчөлүктөрүн эсепке алуу менен ушул Жобону колдонуунун тартиби жөнүндө усулдук көрсөтмөлөрдү басып чыгарышы мүмкүн.
2-глава. Бухгалтердик эсепти уюштурууга коюлган негизги талаптар
§1. Бухгалтердик кызматтын аткарган иштери менен милдеттери
5. Бюджеттик мекемеде бухгалтердик кызматтын (бухгалтердин) негизги иштери төмөнкүлөр болуп саналат:
а) бюджеттерди жана сметаларды аткаруу боюнча отчеттун жана финансылык отчеттун формаларын даярдоо аркылуу мекемелердин финансылык-чарбалык ишмердиги, анын мүлктүк абалы жөнүндө толук жана туура маалыматты өз убагында түзүү;
б) чарбалык аткарымдарды жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышын контролдоо үчүн зарыл маалыматтар менен камсыздоо;
в) чарбалык аткарымдарды жүргүзүүдө бекитилген ченемдердин сакталышынын үстүнөн контролдоо, алар үчүн мындай чектөөлөр каралган;
г) бекитилген бюджеттерге жана сметаларга ылайык мекемеде болгон активдердин сакталышынын жана максаттуу пайдаланышынын үстүнөн контролдоо (эсеп жүргүзүү жол-жоболору аркылуу).
6. Бюджеттик мекеменин бухгалтердик кызматынын (бухгалтердин) милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
а) колдонуудагы мыйзамдардын талаптарына ылайык эсеп жүргүзүү;
б) жетекчиликти бекитилген бюджеттердин жана сметалардын каржылоо булактары боюнча иш жүзүндө аткарылышынын көлөмү жана максаттуу мүнөзү тууралуу маалымат менен камсыздоо;
в) бухгалтердик эсептин туура уюштурулушунун жана жүргүзүлүшүнүн жана ведомстволук мекемелерде бекитилген бюджеттердин жана сметалардын аткарылышынын эсеби үстүнөн контролдоо;
г) колдонуудагы мыйзамдарга, жалдоо келишимдерине, ишке кабыл алуу боюнча ички документтерге, жумуш убактысын эсепке алуу боюнча документтерге ылайык кызматкерлерге эмгек акы эсептөө жана төлөө;
д) эмгек үчүн сый акылардан салык мыйзамдарына жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча мыйзамдарга ылайык салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында жана толук кармап калуу;
е) эсептешүүлөргө байланыштуу эсеп-чоттогу акча каражаттарынын кыймылын жана калдыктарын тастыктоо максатында чарба жүргүзүүчү субъекттер менен мезгилдүү салыштырууларды жүргүзүү үчүн жетекчиге бардык зарыл маалыматты даярдоо;
ж) каржылоо булактары: бюджеттик каражат жана атайын каражат боюнча бухгалтердик эсепти жүргүзүү (кирешелер, чыгашалар, активдер, милдеттенмелер, таза активдер, акча агымдары);
з) мекеменин активдерин инвентарлаштырууну жүргүзүү үчүн бардык зарыл маалыматты даярдоо, инвентарлаштыруу натыйжасын тариздөөгө жана жүргүзүүгө катышуу, эсеп-кысапта инвентарлаштыруунун натыйжасын көрсөтүү;
и) отчеттун бардык түрүн (бухгалтердик, бюджеттерди аткаруу боюнча отчет, салык, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчет, статистикалык) жетекчинин бекитүүсүнө даярдоо;
к) архив ишин жөнгө салган ченемдик-укуктук актыларга, мекеменин ички жол-жобосуна ылайык документ жүгүртүүнү жүргүзүү;
л) эсеп-кысап жана салык салуу маселелерин жөнгө салган ченемдик документтердин реестрин жүргүзүү.
§2. Жетекчинин жана башкы бухгалтердин жоопкерчилиги
7. Мекеменин жетекчиси бухгалтердик эсептин уюштурулушуна, чарбалык аткарымдарды аткарууда, мыйзамда белгиленген учурларда милдеттүү аудитти жүргүзүүнү камсыз кылууда мыйзамдуулуктун сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат. Жетекчи ички эсеп-кысап системасын, отчеттуулук жана контролдоону камсыз кылууга, чарбалык аткарымдарды контролдоо тартибин, тышкы пайдалануучулар үчүн финансы отчетун даярдоону, салыктык отчетторду жана башка финансы документтерин даярдоону, отчеттордун өз убагында берилишин камсыз кылууга милдеттүү.
8. Башкы бухгалтер же финансы-экономикалык кызматтын жетекчиси (мындан ары - башкы бухгалтер) түздөн-түз мекеменин жетекчисине баш иет, анын алдында бухгалтердик кызмат ишинин уюштурулушуна, бухгалтердик эсепте документ жүгүртүү, финансылык отчеттун сапаттуу даярдалышы жана өз убагында берилиши, бюджеттердин аткарылышы боюнча отчеттун, салык отчеттун, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча отчеттун, статистикалык отчеттун жана бугалтердик эсептин маалыматтарына негизделген отчеттун башка түрлөрүнүн уюштурулушу үчүн жоопкерчилик тартат.
9. Мекеменин жетекчиси бухгалтердик кызматтын кызматкерлери үчүн кызматтык нускаманы бекитет.
10. Бухгалтерияда кызматтык милдеттерди бөлүштүрүүнү функционалдык белгиси боюнча башкы бухгалтер жүргүзөт: иш көлөмүнө жараша ар бир кызматкерге белгилүү бир участок бекитилип берилет. Башкы бухгалтер бухгалтердик кызматтын кызматкерлеринин ортосунда жана бекитилген бюджеттерди аткаруунун эсебин алуу жагында да милдеттерди бөлүштүрүүгө укуктуу.
11. Башкы бухгалтер ички документтерге ылайык өзүнүн ведомстволук баш ийүүдөгү мекемелеринен контролдоо жана отчетторду түзүү максаты үчүн керектүү кошумча маалыматта талап кылууга укуктуу.
12. Бухгалтердик кызматта иштин белгилүү бир участогу бекитилип берилген топтор бөлүнүп чыгышы мүмкүн: финансылык топ, эсепчилер тобу, материалдык топ жана ушул сыяктуу. Мындай бөлүнүп чыгуу жүргүзүлгөн функционалдык белгилер, ошондой эле мындай топтордун саны жана алардын ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү башкы бухгалтер тарабынан аныкталат.
13. Баштапкы эсеп-кысап документтеринин, бухгалтердик эсептин жана бухгалтердик отчеттун каттоолорун сактоонун уюштурулушу үчүн жоопкерчиликти мекеменин жетекчиси тартат.
14. Баштапкы эсеп-кысап документтери жоголгон же жок кылынган учурда мекеменин жетекчиси буйрук менен алардын жоголушунун же жок кылынышынын себептерин териштирүү боюнча комиссияны дайындайт.
15. Комиссиянын иш натыйжасы акты менен таризделет, ал мекеменин жетекчиси тарабынан бекитилет. Актынын көчүрмөсү жогору турган уюмга жөнөтүлөт.
16. Бюджеттик мекемелерде, ошондой эле чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар тарабынан каржылануучу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жооп берген (мындан ары - ОРП) министрликтердин жана ведомстволордун түзүмдүк бөлүктөрүндө бухгалтердик эсептин регистри функционалдык валютада, ошондой эле берилген валютада жүргүзүлө берет. Функционалдык валюта - бул бюджеттик мекеме өз ишин жүзөгө ашыруучу негизги экономикалык чөйрөдө колдонулуучу валюта. Берилген валюта Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы - кыргыз сому болуп саналат.
17. Бухгалтердик эсептин регистринде эсепке алынган чет өлкөлүк валютада аткарымдар Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - КРУБ) ошол аткарым жасалган күндөгү эсептик курсу боюнча улуттук валютага кайра эсептелет. Ар бир отчеттук датага чет өлкөлүк валютадагы акча статьясы ошол датага карата колдонулган КРУБдун эсептик курсу боюнча кайра эсептелет. Акча статьялары боюнча кайра эсептөөдө келип чыккан курстук айырма киреше же чыгаша деп табылат.
18. Акча статьясы - бул активдердин же милдеттенмелердин статьясы, аларга карата акча каражаттарын алуу же төгүү чет өлкөлүк валютада жүргүзүлөт.
19. Борборлошкон бухгалтериялар тарабынан тейленүүчү мекемелердин курамына кирген бардык түзүмдүк бөлүмдөр бухгалтерияга бухгалтердик эсеп жана контролдоо үчүн керектүү документтерди өз убагында тапшырууга милдеттүү.
20. Бухгалтерияга керектүү документтер менен маалыматтарды тариздөөнүн жана тапшыруунун тартиби бөлүгүндө башкы бухгалтердин койгон талаптары мекеменин бардык кызматкерлери үчүн, ал эми эсеп-кысапты борборлоштурууда - бардык тейленүүчү мекемелер үчүн милдеттүү болуп саналат.
21. Борборлошкон бухгалтерияларда эсеп жүргүзүүдө тейленүүчү мекемелердин жетекчилеринде анын карамагына кирген бардык чарбалык аткарымдардын өз убагында жана туура таризделишине милдеттүүлүгү сакталат.
22. Бухгалтердик эсепти автоматташтыруу эсеп-чоттун бекитилген планына ылайык балансты түзүү менен эсеп-кысаптын бардык бөлүмдөрү боюнча документтерди иштеп чыгуунун бирдиктүү өз ара байланышкан технологиялык процессине негизделет.
23. Бухгалтердик эсепти комплекстүү автоматташтыруу, мекеменин чыгашалар сметасын аткаруу шартында синтетикалык жана аналитикалык эсепке алуунун маалыматтары программалык комплексте пайдаланылган маалыматтар базаларында түзүлөт жана ай сайын документтердин чыгарылыш түрүндө (мемориалдык ордерлер, карточкалар, ведомосттор, башкы китеп, отчет ж.у.с.) кагаз жүзүндө чыгарылат. Мында документтердин чыгарылыш түрлөрүндө көрсөткүчтөрдүн мазмуну ушул бухгалтердик эсепти каттоолор үчүн жободо каралган талаптарга ылайык болууга тийиш.
3-глава. Бухгалтердик эсепте документтин жүгүртүлүшү
24. Бухгалтерияга баштапкы эсеп документтерин тапшыруу башкы бухгалтер түзгөн жана мекеменин жетекчиси бекиткен документ жүгүртүү графиги менен жөнгө салынат. Борборлошкон бухгалтерияда көрсөтүлгөн график ошол бухгалтерия түзүлгөн, мекеменин жетекчиси тарабынан бекитилет. Материалдык жооптуу адамга документ жүгүртүү графигинен көчүрмө тапшырылат.
25. Бухгалтердик эсептин каттоолоруна жазып калтыруу үчүн негиз болгон документтер бухгалтерияга документ жүгүртүү графигинде белгиленген мөөнөттө берилиши керек.
26. Мекеме жүргүзгөн бардык чарбалык аткарымдар актануу документтери менен таризделүүгө тийиш. Актануу документтери ошонун негизинде бухгалтердик эсеп жүргүзүлө турган баштапкы эсеп документи болуп кызмат кылат. Баштапкы документ аткарым жүргүзүлүп жаткан учурда, эгерде мындай мүмкүнчүлүк болбосо, түздөн-түз ал аяктагандан кийин түзүлүүгө тийиш.
27. Бухгалтерияга келип түшкөн баштапкы эсеп документтери милдеттүү түрдө формасы боюнча да (баштапкы эсеп документтеринин толуктугу жана туура таризделиши, реквизиттердин толтурулушу), ошондой эле мазмуну боюнча да текшерүүдөн өтөт. Бухгалтердик кызматтын кызматкерлеринин компетенциясынын алкагында документтелүүчү аткарымдын мыйзамдуулугу жана айрым көрсөткүчтөрдүн логикалык ырааттуулугу текшерилет.
28. Баштапкы эсеп документтерине юридикалык күч берүү үчүн аларда төмөнкүдөй реквизиттер болууга тийиш: документтин аталышы, түзүлгөн датасы, документ түзүлүп жаткан уюмдун аталышы, чарбалык аткарымдын мазмуну, натуралай жана акчалай туюнтуудагы чарбалык аткарымдын өлчөмдөрү, чарбалык аткарымды жасоого жооптуу кызмат адамдарынын аты-жөнү жана анын туура таризделиши, өзүнүн колу жана анын чечмелениши (автоматташтыруу каражатын колдонуу менен документтер түзүлгөн учурда жана аларды телекоммуникациялар системаларында берүүнү кошкондо).
29. Башкы бухгалтердин же анын орун басарынын колу коюлбаган документтер жараксыз деп эсептелет жана аткарууга кабыл алынбайт. Кассалык кириш ордери башкы бухгалтердин же анын орун басарынын жана кассирдин коюлган колу болгондо гана жарактуу.
30. Эсептөө маалыматын иштетүү технологиясына жараша баштапкы эсеп документтерине кошумча реквизиттер (коддор, контролдук белгилер ж.б.) киргизилиши мүмкүн, алар бухгалтердик эсеп боюнча ченемдик актылардын жана усулдук документтердин талаптарын бузууга тийиш эмес.
31. Документтерде камтылган маалыматтардын тактыгы үчүн, ошондой эле баштапкы эсеп документтеринин өз убагында жана талаптагыдай түзүлүшү үчүн жоопкерчилик ошол документтерди түзгөн жана колун койгон жооптуу адамдарга жүктөлөт.
32. Материалдык баалуулуктарды алууга документтерде ошол баалуулуктарды алууга материалдык жооптуу адамдын тил каты, ал эми иштин аткарылышынын фактысын тастыктаган документтерде - жооптуу адамдын иштин натыйжасын кабыл алуу жөнүндө колу болууга тийиш.
33. Айрым чарбалык аткарымдарды жүргүзүү боюнча мекеме жетекчиси менен башкы бухгалтердин ортосунда пикир келишпестиктер болгон учурда баштапкы эсеп документтери алар боюнча мекеменин жетекчисинин жазуу түрүндө буйругу менен аткарууга кабыл алынышы мүмкүн, анткени ал мындай аткарымдардын ишке ашырылышынын натыйжасы үчүн жана алар боюнча маалыматтын бухгалтердик эсепке жана бухгалтердик отчеттуулукка киргизилиши үчүн бүткүл жоопкерчиликти тартат.
34. Бюджеттик каражаттар жана атайын каражаттар боюнча кирешелер менен чыгашалар сметаларынын аткарылышына байланыштуу бардык бухгалтердик документтерге мекеменин жетекчиси жана башкы бухгалтери же алар тарабынан ыйгарым укук берилген адамдар кол коюшат.
35. Баштапкы эсеп документтериндеги жазуулар жазманын сакталышын камсыз кылган ыкмада жүргүзүлөт: сыя, шарик калемсабынын пастасы, жазма машиналардын жана автоматташтыруу каражаттарынын жардамы менен. Баштапкы эсеп документтериндеги бош саптар сызылып ташталат.
36. Баштапкы эсеп документтеринде (текст бөлүгүндө болсун, сандык маалыматтарында болсун) өчүрүп жазууларга жана эскертилбеген оңдоп-түзөөлөргө жол берилбейт. Баштапкы эсеп документинде каталарды оңдоо «Оңдолду» деген жазуу менен эскертилиши керек жана документке кол койгон адамдын колу менен оңдолгон датаны көрсөтүп, ырасталууга тийиш. Кассалык жана банктык документтерде оңдоолорго жол берилбейт.
37. Кириш жана чыгыш кассалык ордерлерге тиркелген бардык документтер, ошондой эле эмгек акы төлөө үчүн негиз болгон документтер штамп менен датасы көрсөтүлгөн (айы, жылы, күнү) «Алынды» же «Төлөндү» деген жазуу менен милдеттүү жокко чыгарылууга тийиш.
38. Карточкалар картотекаларда сакталат, алар ич ара материалдык жооптуу адамдар боюнча бөлүштүрүлүүчү элементтер боюнча жайгаштырылат, ал эми борборлошкон бухгалтерияларда - тейленген мекемелер боюнча да жайгаштырылат.
39. Материалдардын, баалуулугу анча болбогон буюмдардын жана башкалардын эсеп карточкасы карточкалардын каттамы, бухгалтердик эсептин каттамы жана башка бухгалтердик документтер менен бирге тиркелген түрүндө жыл сайын же эки жылда бир жолу архивге тапшырылып турат. Ушундай эле мөөнөттө архивге жыл ичинде чыгарылган негизги каражаттар эсебинин карточкалары да тапшырылат.
40. ОС-10 формасынын негизги каражаттар эсеби боюнча инвентардык карточкалардын жазмасы архивге тапшырылат, анда формалар ОС-6 бюджет, ОС-8, ОС-9 акыркы инвентардык карточка боюнча инвентарды жараксызга чыгаруу жөнүндө белги коюлат. Инвентардык карточкаларды эсепке алуу тизмесиз архивге тапшыруу 442 формасында документтерди тапшыруу реестри боюнча жүргүзүлөт, анда карточканын номуру жана эсептен чыгарылган инвентардын аталышы көрсөтүлөт, ал эми борборлошкон бухгалтерияларда мындан тышкары, тейленүүчү мекеменин аталышы да көрсөтүлөт.
41. Бухгалтердик эсеп китеби аларда жыл аяктаганда актай барактар артып калган болсо, кийинки жылдын аткарымдарын жазуу үчүн пайдаланылышы мүмкүн. Мындай болгон учурда китептер эки жылда бир жолу архивге тапшырылат.
42. «Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык белгиленген мөөнөт ичинде мекеме баштапкы эсеп документтерин, бухгалтердик эсептин жана бухгалтердик отчеттун каттамдарын сактап турууга милдеттүү. Ишти сактоо мөөнөтү өткөндөн кийин белгиленген тартипте тийиштүү мамлекеттик архивге тапшырылат. Архивге ишти тапшырууну күбөлөндүргөн документтер дайыма бухгалтерияда сакталат.
43. Баштапкы эсеп документтери ай ичиндеги таңгак номурлары боюнча хронологиялык тартипте эсепке алуу участкалары боюнча бухгалтерияда китепче болуп тиркелет. Документтердин чыгаруу формалары өзүнчө сакталат.
44. Баштапкы эсеп документтери, бухгалтердик эсептин каттамдары бухгалтердик отчеттор жана баланстар аларды архивге тапшырганга чейин бухгалтерияда атайын бөлмөдө же жабык шкафтарда сакталууга тийиш. Баштапкы эсеп документтерин, бухгалтердик эсептин жана бухгалтердик отчеттун каттамдарын сактоо мөөнөтү мекемеде 6 жыл, «Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык 6 жыл өткөндөн кийин документтер архивге тапшырылат.
45. Баштапкы документтерди алып таштоо колдонулган мыйзамдарга ылайык териштирүү, алдын ала тергөө, прокуратура, сот органдары, салык кызматы жана финансылык полиция тарабынан алардын чечимдеринин (токтомдорунун) негизинде жүргүзүлүшү мүмкүн.
46. Алып таштоо протокол менен таризделет, анын көчүрмөсү мекеменин тийиштүү кызмат адамына тил кат алынып тапшырылат. Алып таштоону жүргүзгөн органдардын өкүлдөрүнүн уруксаты менен жана алардын катышуусунда мекеменин тийиштүү кызмат адамы алып коюлган документтерден аларды алып коюнун негиздерин жана датасын көрсөтүп көчүрмөсүн алышы мүмкүн.
47. Эгерде документтердин толук таризделбеген тому алынып жатса (көктөлбөгөн, номуру коюлбаган ж.б.), анда алып таштоону жүргүзгөн органдардын өкүлдөрүнүн уруксаты менен жана алардын катышуусунда мекеменин тийиштүү кызмат адамы ошол томду жеткире тариздеши (эсепке алуу тизме, барактарын номерлөө, көктөө, мөөр коюуп чаптоо, коюлган колду мөөр басып күбөлөндүрүү) мүмкүн.
48. Баштапкы эсеп документтери жоголгон же жок кылынган учурда мекеменин жетекчиси буйрук менен алардын жоголуу же жок кылынуу себептерин териштирүү боюнча комиссия түзөт.
49. Зарыл учурда комиссиянын ишине катышууга тергөө, күзөт органдарынын, мамлекеттик көзөмөл органынын өкүлдөрү чакырылат.
50. Комиссиянын ишинин натыйжасы акты менен таризделет, ал мекеменин жетекчиси тарабынан бекитилет. Мындай актынын көчүрмөсү жогору турган уюмга жиберилет.
4-глава. Бухгалтердик эсептин каттоолору
51. Мекемелерде бухгалтердик эсеп ушул Жобого ылайык бухгалтердик эсептин мемориалдык-ордердик же журналдык-ордердик форма боюнча ишке ашырылат.
52. Бюджеттик мекеме бухгалтердик эсептин каттоосун бюджеттик каражаттар үчүн өзүнчө жана атайын каражаттар үчүн өзүнчө жүргүзөт.
53. Бухгалтердик эсептин каттоолору синтетикалык жана аналитикалык эсеп-чот боюнча жыл башына өткөн жыл ичиндеги корутунду баланска жана бухгалтердик эсептин каттоолоруна ылайык калдыктар суммасынын жазуусу менен ачылат.
54. Текшерилген жана эсепке кабыл алынган баштапкы эсеп документтери аткарым жүргүзүлгөн даталар боюнча (хронологиялык) тартипте системалаштырылат жана өзүнчө мемориалдык ордерлер - бюджеттик каражаттар жана атайын каражаттар эсебинен операциялар боюнча топтоочу ведомосттор менен таризделет, аларга төмөнкүдөй туруктуу номурлар ыйгарылат: 1, 2, 3, 4, 5, 8, 9, 10, 11, 12, 13, 14 жана 15.
55. «Сторно» аткарымы боюнча 274-формада өзүнчө мемориалдык ордер түзүлөт, аларда ар бир ай үчүн 16-номурдан баштап номур коюлат.
56. Аналитикалык эсеп бухгалтердик эсептин каттоолорунда (карточкаларда, топтоочу ведомосттордо, китептерде, анын ичинде бухгалтердик эсепти жүргүзүүнүн прикладдык программалар пакеттерин колдонуу менен) жүргүзүлөт.
57. Бухгалтердик китепте жазуу башталганга чейин бардык бетине (барагына) номур коюлат. Барактардын акыркы бетинде башкы бухгалтердин колу коюлуп, жазуу жазылат: «Ушул китепте бардыгы болуп ____ бетке (баракка) номур коюлду». Ар бир китепте мекеменин аталышы жана китеп ачылган жыл жазылат. Китепте анда ачылган элементтердин мазмуну болууга тийиш. Китептин башка бетине жазууну алып чыкканда ошол элементтер боюнча мазмунда жаңы барактын номурун көрсөтүп жазуунун алынып чыгышы жөнүндө белги коюлат.
58. Бухгалтердик эсептин каттоолорунда жазуулар сыя менен шариктүү калем сап пастасы же жазуу машиналары жана автоматташтыруу каражаттарынын жардамы менен жүргүзүлөт, алар баштапкы эсеп документтеринде алар алынгандан кийинки күндөн кечиктирилбестен жазылат.
59. Ар бир ай бүткөндөн кийин бухгалтердик эсептин каттоолорунда жүгүртүүлөрдүн жыйынтыгы эсептелинет жана элементтер боюнча калдыктар чыгарылат.
60. Мемориалдык ордерде жазуулар аткарымдардын жасалышынын өлчөмүнө жараша жүргүзүлөт (бирок, баштапкы эсеп документи алынгандан кийинки күндөн кечиктирбестен), жазуу айрым документтердин негизинде да, ошондой эле топтолгон бир тектүү документтердин негизинде да жүргүзүлөт. Мемориалдык ордерде элементтер корреспонденциясы бир элемент дебети жана башка элементтин кредити боюнча же бир элементтин дебети жана бир нече элементтердин кредити боюнча аткарымдардын мүнөзүнө жараша жазылат.
61. Мемориалдык ордердин суммасы адегенде «Ордер боюнча сумма» графасына, андан кийин тийиштүү элементтердин дебет жана кредитине жазылат. Дебет боюнча болсун, ошондой эле кредит боюнча болсун бардык элементтер боюнча ай ичиндеги жүгүртүүлөр суммасы «Ордер боюнча сумма» графасынын жыйынтыгына барабар болууга тийиш. Ай ичинде жүгүртүүлөрдөн кийинки экинчи сап менен ар бир элемент боюнча кийинки айдын башталышында калган калдык чыгарылат.
62. Кыргыз Республикасынын бюджетинин чыгашаларынын экономикалык классификация коддору боюнча чыгашаларды көрсөтүү үчүн 803-формасындагы мемориалдык ордерге карата чечмелөөлөр колдонулат.
63. Мемориалдык ордерге башкы бухгалтер же анын орун басары кол коет, ал эми эсепти жүргүзүү борборлошкон болсо булардан тышкары эсеп тобунун жетекчиси да кол коет.
64. Ар бир отчеттук ай өткөндөн кийин мемориалдык ордерлер - топтоочу ведомосттор аларга таандык документтер менен бирге хронологиялык тартипте топтолууга жана китепче болуп көктөлүүгө тийиш. Документтердин саны азыраак болсо, китепче кылып көктөөнү эки-үч айда бир жүргүзүүтө жана бир папкага жасоого болот. Сыртына төмөнкүчө жазылат: мекеменин аталышы; папканын, делонун аты жана катар номуру; отчеттук мезгил - жылы жана айы; мемориалдык ордерлердин башталган жана акыркы номуру; делодогу барактардын саны.
65. «Башкы журнал» китеби (308-форма) өткөн жыл ичиндеги корутунду балансага ылайык жыл башындагы калдыктар суммасынын жазуусу менен ачылат. «Башкы журнал» китебинде бюджеттик эске алуу бюджеттик мекемелер үчүн эсеп-чоттун бекитилген планына ылайык каражаттар жагында өзүнчө эсеп-чоттор боюнча жүргүзүлөт.
66. 308-формасында жазуулар мемориалдык ордерлерди түзүүгө жараша жүргүзүлөт, ал эми мемориалдык ордерлерди - топтоочу ведомостторду жеткирүүдө айына бир жолу жүргүзүлөт.
67. Карточкалар (негизги каражаттар боюнча карточкалардан тышкары) 279-формасындагы карточкалар тизмегинде катталат, ал ар бир эсеп-чот үчүн өзүнчө жүргүзүлөт. Негизги каражаттын эсеби үчүн карточкалар ОС-10 формасында негизги каражаттар эсеби боюнча инвентардык карточкалар жазуусунда катталат.
68. Бухгалтердик эсептин каттоолорунун негизги түрлөрү ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык белгиленген.
5-глава. Ички контролдоо системасына коюлган талаптар
69. Колдонуудагы мыйзамдарда каралган акча каражаттардын жана товардык материалдык баалуулуктардын сакталышы үчүн жооптуу адамдар менен белгиленген тартипте толук жеке материалдык жоопкерчилик жөнүндө келишим түзүлөт (523-форма).
70. Материалдык баалуулуктарды алуу ишеним кат менен ыйгарым укугу тастыкталган адамдар тарабынан ишке ашырылат.
71. Материалдык жооптуу адам документтерди тапшырууну каттоодо товардык-материалдык баалуулуктардын кириши жана чыгышы боюнча баштапкы эсептик документтерди көрсөтөт (кириштөө жана чыгыштоо документтери боюнча). Материалдык жооптуу адамдын катышуусунда берилген баштапкы эсептик документтердин туура таризделишин текшерүү жүргүзүлгөндөн кийин бухгалтериянын кызматкеринин колу коюлуу менен реестр материалдык жооптуу адамга кайтарылып берилет.
72. Бухгалтердик эсептин жазууларында табылган жаңылыштыктарды оңдоо төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:
а) мемориалдык ордердин маалыматтарын өзгөртүүнү талап кылбаган бухгалтердик балансты бергенге чейинки учурда ошол отчеттук мезгил ичинде табылган каталар туура эмес суммаларды жана тексти ичке сызык менен сызуу жолу менен оңдолот, мында ошол сызылып ташталган жана сызылган тексттин үстүндөгү жазуу жана оңдолгон текст менен сумма окулгандай болушу керек. Ошол эле мезгилде ошол жердин ачык талаасында башкы бухгалтердин колу коюлгандан кийинки тийиштүү сапка «Оңдолду» деген эскертме коюлат;
б) бухгалтердик балансты берген учурга чейин мемориалдык ордердеги жаңылыштыктан улам табылган ката жазуу анын мүнөзүнө жараша кошумча мемориалдык ордер менен же «Кызыл сторно» ыкмасы боюнча оңдолот; баланс берилген ошол отчеттук мезгилдин ичинде бухгалтердик эсептин жазууларында табылган каталар бардык учурларда дал ушундай түрдө оңдолот;
в) жаңылыштыкты оңдоолор боюнча, ошондой эле «Кызыл сторно» ыкмасы менен оңдоолор боюнча кошумча бухгалтердик жазуулар (433 форма) бухгалтердик маалымат кагазы менен таризделет, анда оңдолуучу мемориалдык ордердин номуруна жана датасына, оңдоону киргизүүнү негиздеген документке да шилтеме жасалат. Бухгалтердик маалымкаттын (433-форма) негизинде мемориалдык ордери (274-форма) түзүлөт.
73. Эгерде мекеме тарабынан эсепке алууда жаңылыштык табылса, анда жазуу жүзүндө тийиштүү буйруктун негизинде бухгалтердик эсептин каттоосуна ушундай эле бухгалтердик жазууга каттоо жолу менен оңдоолор киргизилет, бирок ага минус белгиси коюлат. Эгерде жаңылыштык өткөн отчеттук жылдарга таандык болсо, анда мындай жаңылыштыкты оңдоолор 41111 100 «Финансылык натыйжа» элементи аркылуу жүргүзүлөт.
74. Документтердин чыгыш формаларында каталар табылганда бухгалтерия ката маалыматтардын диагностикасын жүргүзөт, тийиштүү маалыматтар базасына оңдоолорду киргизет жана оңдоолорду эске алуу менен документтердин чыгыш формаларын алууну жүргүзөт. Оңдоолорду киргизүү сторндоочу салыштырууларда өзгөрүлгөн документтерди милдеттүү түрдө тариздөө жолу менен ката маалыматтар табылган датада жүргүзүлөт. Документтик тастыктоону тариздебестен ар кандай оңдоолорду маалыматтардын электрондук базаларына түздөн-түз киргизүүгө жол берилбейт.
75. Синтетикалык жана аналитикалык эсептин эсеп-чоту боюнча бухгалтердик жазуулардын тууралыгын контролдоо үчүн жүгүртүү ведомосттору түзүлөт: 285-формасы (эсеп-чоту боюнча жүгүртүү ведомосту), М-44-формасы (материалдык запастар боюнча жүгүртүү ведомосту) жана 326-формасы (негизги каражаттар боюнча жүгүртүү ведомосту) аналитикалык эсеп-чоттун ар бир тобу жана тийиштүү синтетикалык эсеп-чотто бириктирилген материалдык жооптуу адамдар боюнча түзүлөт.
76. Жүгүртүү ведомосттору негизги каражаттар жана баалуулугу аз заттардан тышкары ай сайын түзүлөт, ал эми булар боюнча жүгүртүү ведомосту квартал сайын түзүлөт.
77. Жүгүртүүлөрдүн жыйынтыгы жана жүгүртүү ведомостторунун ар бир элементи боюнча калдыктар жүгүртүүлөрдүн жана «Башкы журнал» китебиндеги ошол элементтердин калдыктары 308-формасы менен салыштырылып текшерилет. Жүгүртүү ведомостторундогу жазуулар зарыл болсо, бир нече жыл бою жүргүзүлүшү мүмкүн.
78. Бюджеттик каражаттын жана бюджеттен тышкаркы булактардын эсебинен алынган каражаттардын сакталышын контролдоо жана бухгалтердик эсептин маалыматтарынын тактыгын камсыз кылуу үчүн мекеме мүлктү жана финансы милдеттенмелерин инвентарлаштырууну жүргүзөт.
79. Инвентарлаштырууну жүргүзүүнүн тартиби (отчеттук жылда инвентарлаштыруунун саны, аларды өткөрүүнүн күндөрү, алардын ар бириндеги текшерилген мүлк менен милдеттенмелердин тизмеги ж.б.) инвентарлаштырууну жүргүзүү милдеттүү болгон учурларды кошпогондо, мекеменин жетекчиси тарабынан аныкталат.
80. Инвентарлаштырууну жүргүзүү төмөнкү учуларда милдеттүү:
- мүлктү ижарага бергенде, ошондой эле сатып алууда, сатууда;
- жылдык бухгалтердик отчетту түзүү алдында (инвентарлаштыруу отчеттук жылдын 1-октябрынан кийин жүргүзүлгөн мүлктөн тышкары);
- материалдык-жооптуу адамдар алмашканда;
- уурдап жок кылуулар, кыянаттык менен керектөө фактылары табылганда же мүлккө зыян келтирилгенде;
- табигый кырсыктар, өрт болгондо же экстремалдуу шарттардан улам келип чыккан өзгөчө кырдаалдарда;
- мекеме кайра уюшулганда же жоюлганда;
- колдонулуудагы мыйзамдарда каралган башка учурларда.
Негизги каражаттарды инвентарлаштыруу үч жылда бир жолу, ал эми китепкана фондуларыныкы - беш жылда бир жолу өткөрүлүшү мүмкүн.
81. Мүлктү жана финансы милдеттенмелерин инвентарлаштырууну жүргүзүү үчүн мекеменин жетекчисинин буйругу менен инвентарлаштыруу комиссиясы дайындалат.
82. Инвентарлаштыруунун натыйжасын тариздөө үчүн төмөнкү документтер керек:
- негизги каражаттар объекттери, баалуулугу аз шайман буюмдары, материалдык запастар жана даяр продукциялар боюнча 401-формасындагы инвентарлаштыруу алуу тизмеси (салыштырма ведомосту);
- накталай акча каражатын инвентарлоо актысы (форма - накталай акча каражаты боюнча);
- баалуу кагаздар менен бекем отчеттуулуктагы документтер бланктарынын инвентарлоо тизмеси (форма - баалуу кагаздар жана бекем отчеттуулуктагы документтердин бланктары боюнча);
- сатып алуучулар, жеткирип берүүчүлөр жана башка дебиторлор жана кредиторлор менен эсептешүүлөр инвентардык актысы (форма - эсептешүүлөр боюнча);
- инвентарлаштыруу натыйжасы боюнча айырмачылыктар ведомосту (836-форма) тиркелген инвентарлаштыруу натыйжасы жөнүндө акты (835-форма).
83. Инвентарлаштырууда табылган мүлктүн иш жүзүндө болушу менен бухгалтердик эсептин маалыматынын ортосунда айырмачылык ушул Жободо каралган тийиштүү элементтерде чагылдырылат:
а) материалдык баалуулуктардын ашыгы комиссиянын корутундусуна ылайык инвентарлаштыруу жүргүзүлгөн датага базар наркы боюнча кириштелет жана тийиштүү сумма дебет боюнча негизги фонддор менен запастардын тийиштүү элементтеринде, кредит боюнча 14511 500 «Запастардын бекер келип түшүүсү» жана 14511 400 «Негизги фонддордун бекер келип түшүүсү» элементтеринде чагылдырылат;
б) табигый кемүү ченеминин чегинде материалдык запастардын кем чыгуусу балансалык наркына карата дебет боюнча 28213 100 «Башка статьяларга таандык болбогон башка чыгымдар» элементине жана кредит боюнча запастар элементине (312-бөлүм) кирет;
в) материалдык баалуулуктардын кем чыгуусу жана алардын бузулушу балансалык наркына карата дебет боюнча 32171 120 элементинде жана кредит боюнча финансылык эмес активдердин (31-категория) жана финансылык активдердин (32-категория) эсебин алуу боюнча элементтерде күнөөлүү адамдарга таандык болот.
84. Учурдагы базар наркы мүлктү кириштөө датасында ошол мүлккө же ошого окшош мүлк түрүнө колдонулган баанын негизинде түзүлөт. Мүлктүн колдонулуудагы баасы жөнүндө маалымат документалдуу же эксперттик жол менен тастыкталууга тийиш.
85. Күнөөлүү адам аныкталбай калган учурда же күнөөлүү адамдардан зыянды өндүрүп алуу боюнча сот тарабынан баш тартылганда дебет боюнча 28213 100 «Башка статьяларга таандык болбогон башка чыгымдар» элементинде жана кредит боюнча 32171 120 «Кем чыгуулар, уурдоолор жана негизсиз сарптоолор» элементи боюнча жазуу жүргүзүлөт.
II бөлүм. Эсеп-чот планы жана аны пайдалануу боюнча колдонмо
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-ноябрындагы № 624 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
III БӨЛҮМ. БУХГАЛТЕРДИК ОТЧЕТТУУЛУКТУН ФОРМАЛАРЫ ЖАНА АЛАРДЫ ТҮЗҮҮ БОЮНЧА КОЛДОНМО
1-глава. Бухгалтердик отчеттун формалары
§1-форма. «Баланс»
1-форма . Баланс
Мекеме: __________________________________________________________
Отчеттук күн: ____________________________________________________
Отчеттук мезгил: _________________________________________________
Ченөө бирдиги: ___________________________________________________
Ведомстволук классификация: ______________________________________
Функционалдык классификация: _____________________________________
Аталышы | Код | Тиркеме | Жыйынтыгы | Бюджеттик каражат | Атайын каражат |
| |||
Аягына | Башт. |
| |||||||
Аягына | Башт. | Аягына
| Башт. |
| |||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 |
|
АКТИВДЕР |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Финансылык эмес активдер |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Негизги фонддор | 010 | 1 |
|
|
|
|
|
|
|
Запастар | 020 | 2 |
|
|
|
|
|
|
|
Баалуулуктар | 030 | 3 |
|
|
|
|
|
|
|
Өндүрүштүк эмес активдер | 040 | 4 |
|
|
|
|
|
|
|
Финансылык эмес активдердин жыйынтыгы | 050 |
| 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 |
|
Финансылык активдер |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Ички финансылык активдер |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Валюта жана депозиттер | 060 | 5 |
|
|
|
|
|
|
|
Акциялардан тышкары, баалуу кагаздар | 070 | 6 |
|
|
|
|
|
|
|
Кредиттер жана зайымдар | 080 | 7 |
|
|
|
|
|
|
|
Акциялар жана капиталга катышуунун башка формалары | 090 | 8 |
|
|
|
|
|
|
|
Башка ички дебитордук карыз | 100 | 9 |
|
|
|
|
|
|
|
Үмүт үздүргөн карыздарга резерв | 110 |
|
|
|
|
|
|
|
|
Тышкы финансылык активдер |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Валюта жана депозиттер | 120 | 5 |
|
|
|
|
|
|
|
Акциялардан тышкары, баалуу кагаздар | 130 | 6 |
|
|
|
|
|
|
|
Кредиттер жана зайымдар | 140 | 7 |
|
|
|
|
|
|
|
Акциялар жана капиталга катышуунун башка формалары | 150 | 8 |
|
|
|
|
|
|
|
Башка тышкы дебитордук карыз | 160 | 9 |
|
|
|
|
|
|
|
Финансылык активдердин жыйынтыгы | 170 |
| 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 |
|
Активдердин жыйынтыгы | 180 |
| 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 |
|
Милдеттенме жана таза активдер |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Милдеттенме |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Ички милдеттенме |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Акциялардан тышкары | 190 | 10 |
|
|
|
|
|
|
|
Ички карыз алуулар | 200 | 11 |
|
|
|
|
|
|
|
Башка ички милдеттенме | 210 | 12 |
|
|
|
|
|
|
|
Тышкы милдеттенме |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Тышкы карыз алуулар | 220 | 11 |
|
|
|
|
|
|
|
Башка тышкы милдеттенме | 230 | 12 |
|
|
|
|
|
|
|
Милдеттенмелердин жыйынтыгы | 240 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 |
| |
Таза активдер |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Активдердин таза наркы | 250 | 13 |
|
|
|
|
|
|
|
Таза активдердин жыйынтыгы | 260 |
| 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 |
|
Милдеттенмелердин жана таза активдердин жыйынтыгы | 270 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 |
| |