Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 24-майы № 239
Мамлекеттик мекемелерде жана уюмдарда "улуттук" статусу же "академиялык" ардактуу наамы болгону үчүн алардын кызматкерлеринин кызматтык маянасына үстөк акылар жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-январындагы N 60, 2016-жылдын 30-августундагы № 468, 2016-жылдын 30-декабрындагы № 711 , 2018-жылдын 10-июлундагы № 318 , 2019-жылдын 4-мартындагы № 98 , 2019-жылдын 3-июнундагы № 275, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-июлундагы № 65, 2022-жылдын 11-мартындагы № 121, 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 523, 2023-жылдын 16-майындагы № 262, 2024-жылдын 24-июнундагы № 333 , 2024-жылдын 20-ноябрындагы № 702, 2025-жылдын 4-июнундагы № 317, 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 286 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Бюджеттик чөйрөдөгү кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Улуттук" статусу же "академиялык" ардактуу наамы бар мамлекеттик мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлеринин кызматтык маяналарына төмөнкүдөй өлчөмдө ай сайынкы үстөк акы (мындан ары - ай сайынкы үстөк акы) белгиленсин:
- негизги персоналга - 1000 сом;
- техникалык жана кенже тейлөөчү персоналга - 500 сом.
"Улуттук" статусу же "академиялык" ардактуу наам үчүн ай сайынкы үстөк акы кызматкерге негизги иштеген жери боюнча, эмгектин нормаларын (эмгек милдеттенмелерин) аткарганда төлөнөт жана аткарылган иштин көлөмүнө көз каранды эмес. Ай сайынкы үстөк эмгек акынын курамына кирет, айлык орточо эмгек акынын эсебине киргизилет, пайдага салынчу салык жана камсыздандыруу взностору алынчу киреше болуп эсептелет.
Ай сайынкы үстөк мамлекеттик мекеменин, уюмдун "улуттук" статусу же "академиялык" ардактуу наамы үчүн эсептелет.
2. Тиркелген "Улуттук" статусу же "академиялык" ардактуу наамы бар мамлекеттик мекемелердин жана уюмдардын тизмеси бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бул токтомду ишке ашыруу үчүн керектүү финансылык каражаттарды бөлсүн.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп эсептелсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 14-февралындагы № 62 "Өзгөчө коомдук мааниси бар жетектөөчү чыгармачыл жамааттардын, маданият жана искусство мекемелеринин кызматкерлеринин кызмат акысына үстөк акы белгилөө жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 28-июлундагы № 443 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 1997-жылдын 6-майындагы "Бишкек шаарындагы № 5 гимназия-мектепти Улуттук компьютердик гимназияга өзгөртүп түзүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" токтомунун 9-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 7-декабрындагы № 799 "Г.Айтиев атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт искусство музейин Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейине өзгөртүп кайра түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 24-октябрындагы Указын ишке ашыруу тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 11-апрелиндеги № 165 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология борбору жөнүндө" токтомунун 6-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 1-июнундагы № 261 "Кыргыз Республикасынын Президентинин "Талас областтык мамлекеттик "Манас Ордо" комплекси жөнүндө" Указын ишке ашыруу тууралуу" токтомунун 3-пункту;