Редакцияот 25.06.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2012-жылдын 25-июну № 439

2012-жылга Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Ош шаарлары жана облустар боюнча иммиграциялык квотаны аныктоо жөнүндө

«Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2012-жылга Кыргыз Республикасына, Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Ош шаарлары жана облустары боюнча иммиграцияга чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын санынын чегин белгилеген иммиграциялык квота тиркемеге ылайык аныкталсын.

2. Ушул токтом менен аныкталган 2012-жылга Кыргыз Республикасына, Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Ош шаарлары жана облустары боюнча иммиграцияга чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын санынын чегин белгилеген иммиграциялык квота Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бекитүүсүнө жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри 2012-жылга Кыргыз Республикасына, Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Ош шаарлары жана облустары боюнча иммиграцияга чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын санынын чегин белгилеген иммиграциялык квотаны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бекиткен учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Ө. Бабанов

 

Тиркеме

 

2012-жылга Кыргыз Республикасына, Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Ош шаарлары жана облустары боюнча иммиграцияга чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын санынын чегин белгилеген иммиграциялык квота

 

Региондун аталышы

Саны (адам)

Бишкек шаары

370

Ош шаары

92

Баткен облусу

128

Жалал-Абад облусу

250

Ысык-Көл облусу

50

Нарын облусу

39

Ош облусу

91

Талас облусу

17

Чүй облусу

300

Бардыгы

1337