Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 4-майы № 275
Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча программанын алкагында курулган турак жайды Кыргыз Республикасынын жарандарына берүү тартиби жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-майындагы № 313, 2012-жылдын 19-июнундагы № 427, 2013-жылдын 4-июнундагы № 313, 2013-жылдын 19-декабрындагы № 686 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча программанын алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча программанын алкагында курулган турак жайды Кыргыз Республикасынын жарандарына бөлүштүрүү боюнча мамлекеттик комиссия (мындан ары Мамлекеттик комиссия) 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 22-ноябрындагы № 295 "Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында 2010-жылдын июнь окуяларында жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын жарандарына биринчи кезекте турак жай берүү тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен түзүлгөн Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында 2010-жылдын июнь окуяларында жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын жарандарына турак жай бөлүштүрүү боюнча мамлекеттик комиссия турак жай берүү жөнүндө түшкөн бардык документтерди жаңы түзүлгөн мамлекеттик комиссияга өткөрүп берсин.
3. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча программанын алкагында курулган турак жайды Кыргыз Республикасынын жарандарына берүү тартиби жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;
- Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча программанын алкагында курулган турак жай алууга укугу бар Кыргыз Республикасынын жарандарынын категорияларынын тизмеси 3-тиркемеге ылайык.
4. Мамлекеттик комиссиянын ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 4-июнундагы № 313 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 22-ноябрындагы № 295 "Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында 2010-жылдын июнь окуяларында жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын жарандарына биринчи кезекте турак жай берүү тартиби жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |
Тиркеме-1
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-майындагы № 313, 2012-жылдын 19-июнундагы № 427, 2013-жылдын 4-июнундагы № 313 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Сарпашев Тайырбек Дүйшекеевич | - Кыргыз Республикасынын вице-премьер- министри, комиссиянын төрагасы; |
Мамырова Бөдөш Аманбаевна | - "Ар-Намыс" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, комиссиянын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Нарбаев Каныбек Жайчиевич | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору, комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Комиссия мүчөлөрү:
Жолдошова Жылдызкан Айтибаевна | - "Ата-Журт" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Султанов Акылбек Шакирович | - КСДП фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Бекматов Абдыжапар Гапырович | - "Республика" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Маматов Абдимуктар Маматович | - "Ата-Мекен" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Тезекбаев Кушбак Тезекбаевич | - Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу; |
Эгембердиева Жумагүл Шариповна | - Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу; |
Матраимов Тилекбек Исмаилович | - Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрация башчысы - аким; |
Байгазаков Алимжан Топчубаевич | - Ош шаарынын биринчи вице-мэри; |
Маматов Урмат Самаганович | - Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри; |
Эрматов Нурдин Манапович | - Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Курманалиева Гүлсара | - жабыр тарткан жарандардын өкүлү (макулдашуу боюнча); |
Абдукааров Мамасабыр | - жабыр тарткан жарандардын өкүлү (макулдашуу боюнча); |
Ормонова Авазкан Чымбердиевна | - "ДиА" коомдук бирикмесинин жетекчиси (ма- кулдашуу боюнча); |
Жолдошов Абдимомун Рысбаевич | - Ош шаары жана Ош облусу боюнча Германия техникалык борбору Эл аралык уюмунун өкүлү (макулдашуу боюнча); |
Бакиров Назаридин Кадырович | - Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Ош өкүлчүлүгүнүн Инспектору (макулдашуу боюнча); |
Кадыров Алимбай Ураимович | - Ош шаарынын Муниципалдык менчик башкармалы- гынын начальниги, комиссиянын жооптуу катчысы. |
Тезекбаев Кушбак Тезекбаевич | - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары; |
Көчкөнова Дилбар | - жабыр тарткан жарандардын өкүлү (макулдашуу боюнча). |