Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-мартындагы № 152 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-февралындагы №54 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасында баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду эсепке алуу, сактоо жана колдонуу ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы № 571 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Бул Тартип Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-ноябрындагы №543 "Кыргыз Республикасында контролдонууга тийиш болгон баңги каражаттар, психотроптук заттар жана прекурсорлор жөнүндө" токтому менен бекитилген Баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду, ведомстволук караштуулугуна жана менчигинин түрүнө карабай, дарыкана уюмдарында жана саламаттык сактоо уюмдарында, ошондой эле илимий-изилдөө уюмдарында жана окуу жайларда эсепке алууга, сактоого жана колдонууга талаптарды белгилейт.
2. Дарыкана уюмдары жана саламаттык сактоо уюмдары, ошондой эле илимий-изилдөө уюмдары жана окуу жайлары, ведомстволук караштуулугуна жана менчигинин түрүнө карабай, баңги каражаттар, психотроптук заттар жана прекурсорлор менен иштөө үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык баңги заттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлүүчү Баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамдуу жүгүртүү субъектилердин мамлекеттик реестрине белгиленген тартипте кирүүсү керек.
3. Дарылоочу врачтар баңги каражаттарды жана психотроптук заттарды дайындоону жана колдонууну оору баянына жана дайындоо баракчасына баңги каражатынын жана психотроптук заттын дарылык формасынын аталышын, анын өлчөмүн жана дозасын көрсөтүп жазышат.
4. Стационарлардын жана медициналык тез жардам кызматынын дарылоочу же дежур врачтары баңги каражаттардын колдонулган ампулаларын ошол эле күнү, дем алыш же майрам күндөрдөн тышкары, саламаттык сактоо уюмунун буйругу менен дайындалган баңги каражаттарды, психотроптук заттарды эсепке алуу жана сактоо боюнча материалдык-жооптуу адамга тапшырышат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы № 571 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Колдонулган ампулаларды жок кылуу уюмдун жетекчисинин төрагалыгы менен комиссия аркылуу, Баңги каражаттарды, психотропттук заттарды жана атайын рецепттерди эсептен чыгаруу жана жок кылуу жөнүндө жобого ылайык айына бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт.
6. Дарыкана уюмдарынын жана саламаттык сактоо уюмдарынын, ошондой эле илимий-изилдөө уюмдарынын жана окуу жайлардын жетекчилери баңги каражаттарга, психотроптук заттарга керектөөнү аныктоодо баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды чыгымдоо нормаларын жетекчиликке алышат (ушул Тартипке 1-тиркеменин 1, 2 жана 3-таблицалары).
7. Баңги каражаттарды жана психотроптук заттарды алуу, сактоо, эсепке алуу жана берүү боюнча ишке уруксат берилген адамдарды дайындоо дарыкана уюмдарынын жана саламаттык сактоо уюмдарынын, ошондой эле илимий-изилдөө уюмдарынын жана окуу жайлардын жетекчилеринин буйругу менен жүргүзүлөт. Баңги каражаттар жана психотроптук заттар менен иштөөгө адамдарды дайындоо жана уруксат берүү тартиби бузулганы аныкталган учурда саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
| Кыргыз Республикасында баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду эсепке алуу, сактоо жана колдонуу тартибине 1-тиркеме |
Стационардык жана амбулатордук бейтаптар үчүн баңги дары-дармек каражаттарын керектөө ЧЕНЕМДЕРИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы № 571 токтомунун редакциясына ылайык)
1-таблица