Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-сентябрындагы № 572 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
2023-жылдын 25-октябры № 571
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-мартындагы № 152 токтомунун редакциясына ылайык)
"Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-январындагы № 2 "Кыргыз Республикасында дары-дармек каражаттарына рецепт жазуу жана аларды берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Рецепт менен берилүүчү дары-дармек каражаттары эл аралык патенттелбеген аталышы менен бекитилген үлгүдөгү рецепттин бланктарында - электрондук форматта жана/же кагаз жүзүндө жазылат деп белгиленсин.";
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Дары-дармек каражаттарына рецепт жазуу эрежелеринде:
- 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Бейтап стационардан чыгарылгандан кийин баңги каражаттарды, психотроптук заттарды алуу зарыл болгон учурларда саламаттык сактоо уюму бейтапка беш күндүк керектөөнүн өлчөмүндө баңги каражаттарды, психотроптук заттарды берүүнү камсыз кылууга милдеттүү. Баңги каражатты, психотроптук затты берүү фактысы стационардык оорулуунун медициналык картасынын көчүрмөсүндө чагылдырылат.";
- 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Рецепттер ушул токтом менен бекитилген форма боюнча басмакана ыкмасы менен басылган, саламаттык сактоо уюмунун штампы бар бланктарга жазылууга тийиш. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен бекитилген дары каражатына электрондук рецептти тариздөө эрежелерине ылайык рецепттерди электрондук форматта жазууга жол берилет. Рецептте бейтаптын курагы, дары каражатын чыгаруу формасы көрсөтүлүүгө тийиш.
Толук наркы үчүн дары-дармек каражаттарына рецепттер ЛС-1 формасындагы рецепттик бланктарда жазылат. Дайындалган дарылоо медициналык документтерде чагылдырылат.";
- 7-пунктта "латын тилинде" деген сөздөр алып салынсын;