Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-мартындагы № 152 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-февралындагы №54 токтому менен бекитилген |
Дарыканаларда баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду сактоо жана эсепке алуу ЭРЕЖЕЛЕРИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы № 571 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Баңги каражаттардын негизги запасы сейфтерде сакталыш керек, ички эшиктеринде бир жолку жогорку жана суткалык дозалардын тизмеги болуш керек, психотроптук заттардын запасы кулпуланган шкафтарда сакталыш керек. Күнүмдүк иш үчүн негизги сактоо ордунан (ассистент бөлүмү, рецептурдук бөлүм) берилген баңги каражаттары жана психотроптук заттар жумуш күндүн ичинде бөлмөнүн сейфтеринде сакталат.
2. Жумуш убагында ассистент бөлүмүндөгү, рецептурдук бөлүмдөгү баңги каражаттар жана психотроптук заттар бар сейфтин ачкычы провизор-технологдор болуш керек. Сейфтер жумуш күнү бүткөндөн кийин мөөр басылып чапталат жана пломбаланат, алардын ачкычтары, мөөрү жана пломбасы дарыкана боюнча буйрук менен ыйгарым укук берилген материалдык жооптуу адамда болушу керек.
Баңги каражаттар, психотроптук заттар жана прекурсорлор сакталган материалдык бөлмөлөрдүн терезелеринде металл торчолор болуп, эшиктери темир менен капталышы керек. Жумуш бүткөндөн кийин бул бөлмөлөр материалдык жооптуу адам тарабынан кулпуланат жана мөөр басып чапталат.
Ишенимдүү сакталышын камсыз кылуу үчүн I, II тизмектердеги баңги каражаттар жана II тизмектеги психотроптук заттар сейфтерде, III тизмектеги баңги каражаттар жана III, IV тизмектердеги психотроптук заттар жана прекурсорлор атайын бөлүнгөн бөлмөлөрдө, ачкыч менен жабыла турган шкафтарда же атайын жабдууланган текчелерде сакталыш керек, алар төмөнкү талаптарга жооп бериш керек:
- негизги тышкы дубалдары, бекем жабылган шыбы жана полу бар;
- бекем жана ишенимдүү бекиткичи менен эки эшиги бар, сырткы эшиги калыңдыгы 40 мм ден кем эмес тактай жана эки жагынан цинктелген темир менен капталууга, ички эшиги 15 мм ден кем эмес чыбык болоттон жасалган тор болушу керек;
- бөлмөнүн терезе оюктарында ички жагынан же рамалар ортосунда темир тор болуш керек;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 543 "Кыргыз Республикасында контролдонууга тийиш болгон баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор жөнүндө" токтому менен бекитилген I, II, III тизмектердеги баңги каражаттарды жана II тизмектеги психотроптук заттарды сактоо жана сатуу үчүн арналган бөлмөлөр Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин (мындан ары - ИИМ) күзөт кызматы же ИИМ тарабынан берилген күзөтүү ишин жүргүзүү укугуна лицензиясы бар мамлекеттик эмес күзөтүү уюму тарабынан сөзсүз түрдө кайтарылат;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кыргыз Республикасында контролдонууга тийиш болгон баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор жөнүндө" токтому менен бекитилген III, IV тизмектердеги баңги каражаттарды жана прекурсорлорду сактоо жана сатуу үчүн арналган бөлмөлөр ИИМдин күзөт кызматы же ИИМ тарабынан берилген күзөтүү ишин жүргүзүү укугуна лицензиясы бар мамлекеттик эмес күзөтүү уюму тарабынан сөзсүз түрдө кайтарылат;
- өрт сигнал системасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык келиш керек;
- бөлмөлөрдүн периметринин курулуш конструкциясы милдеттүү корголууга тийиш;
- терезе жана эшик оюктары, люктар, желдетүүчү каналдар, жылуулук коммуникациясынын кирүүлөрү, жука дубалдар жана башка элементтер сырт жагынан кирүү үчүн ылайыктуу болуш керек.