Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин2025-жылдын 10-ноябрындагы № 733 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2013-жылдын 3-майы №230
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы№301 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин жергиликтүү каттоо органдары тарабынан жана Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системасынан кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүү тартиби тууралуу жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо органдары тарабынан кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүү жол-жоболорун өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы№301 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин жергиликтүү каттоо органдары тарабынан жана Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системасынан кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүү тартиби тууралуу жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин жергиликтүү каттоо органдары тарабынан жана Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системасынан кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүү тартиби тууралуу жободо:
6-пунктта:
- үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системанын (КМБМС) маалыматы боюнча Кыргыз Республикасынын аймагындагы кыймылсыз мүлккө мурда катталган укуктар тууралуу маалымкат (9-тиркеме)";
- төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү жана бешинчи абзацтар менен толукталсын:
"- Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системанын (КМБМС) маалыматы боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында кыймылсыз мүлкүнүн жоктугу тууралуу маалымкат (10-тиркеме);
- Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системанын (КМБМС) маалыматы боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында катталган укуктар тууралуу маалымкат (11-тиркеме);";
төмөнкүдөй мазмундагы 6-1, 6-2-пункттар менен толукталсын:
"6-1. Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системанын (КМБМС) маалыматы боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында кыймылсыз мүлкүнүн жоктугу тууралуу маалымкат (10-тиркеме) Кыргыз Республикасынын аймагында кыймылсыз мүлккө катталган укук жок болгон учурда Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системанын маалыматтары боюнча берилет;