Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-ноябрындагы № 733 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы №301 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын жергиликтүү каттоо органдары тарабынан жана Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системасынан кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүүнүн тартиби тууралуу ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 230, 2017-жылдын 2-июнундагы № 340 , 2019-жылдын 9-августундагы № 407, Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 114 токтомдорунун редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Бул жобо Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин жана "Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде иштелип чыккан жана Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системадан (мындан ары - КМБМС) кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүүнүн тартибин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын (мындан ары - Департамент) жергиликтүү каттоо органдары тарабынан кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүүнүн тартибин аныктайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 114 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыймылсыз мүлктүн бирдигине болгон укуктар жана татаалдыктар (чектөөлөр) жөнүндө маалыматтар "Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык берилет.
II. КМБМСтан кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүүнүн тартиби
3. Катталган кыймылсыз мүлккө укуктар жөнүндө маалыматтар КМБМСтан онлайн режиминде Интернет-порталы аркылуу берилет, мында идентификациялоо системасы, суроо-талаптарды аутентификациялоо жана ыйгарым укуктарды текшерүү колдонулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 114 токтомунун редакциясына ылайык)
4. КМБМС - кыймылсыз мүлккө укуктардын автоматташтырылган реестри.
5. Катталган кыймылсыз мүлккө укуктар жөнүндө маалыматтар КМБМСтан бир жолку жана келишимдик негизде, колдонуучуну автордоштуруу жолу менен берилет.
6. КМБМСтан онлайн режиминде төмөнкүдөй маалымат берилиши мүмкүн:
- Кыймылсыз мүлккө болгон укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмө, бул көчүрмөдө "Кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык маалыматтар камтылат (4-тиркеме);
- Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системанын (КМБМС) маалыматы боюнча Кыргыз Республикасынын аймагындагы кыймылсыз мүлккө мурда катталган укуктар тууралуу маалымкат (9-тиркеме);