Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2013-жылдын 3-июлу № 397
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Н.В.Никитенко, А.А.Сасыкбаева, Э.С.Иманалиева, Д.Д.Бекешов, Б.С.Кадыров демилге кылган "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-июлундагы № 397 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Н.В.Никитенко, А.А.Сасыкбаева, Э.С.Иманалиева, Д.Д.Бекешов, Б.С.Кадыров демилге кылган "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкү корутундуга келди.
Сунушталган Мыйзамдын долбооруна негиздеме-маалымкатка ылайык, мыйзамдын бул долбоору ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн билим алууда укуктарын жана кепилдиктерин камсыз кылуу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук базасын өркүндөтүүгө багытталган, тактап айтканда, инклюзивдик билим берүүнүн кепилдиктери киргизилет, ошондой эле сырттан жана дистанциялык окутуу формаларын жөнгө салган ченемдер алып салынат.
Ушуга байланыштуу, Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгү менен "жекече окутуу", "инклюзивдик билим берүү" жана "окутуунун (тарбиялоонун) атайын шарттары" сыяктуу терминдердин түшүндүрүү аппараттарын ачып көрсөтүү сунуш кылынат. Алсак, тактап айтканда жекече окутуу деп, ден соолугунун абалына байланыштуу билим берүү уюмуна туруктуу же убактылуу бара албаган адамдын жалпы билим берүү жана кесиптик билим берүү программаларын өздөштүрүү процесси түшүнүлөт, бул көрсөтүлгөн билим берүү программаларын үй-шартында тиешелүү билим берүү уюмдарынын окутуучуларынын катышуусунда, анын ичинде дистанциялык билим берүү технологияларын колдонуу менен өздөштүрүүдө турат.
Ошону менен бирге "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды окутуу, кесиптик даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу ар кандай формада, анын ичинде күндүзгү, күндүзгү-сырттан жана дистанттык формада, экстернат, атайын топтордо, класстарда окутуу аркылуу жана жекече окуу планын, үйдө окутууну кошо алганда жүзөгө ашырылаарын белгилеп кетүү керек.
Өз кезегинде үйдө окутуу формасы көрсөтүлгөн Мыйзамдын 39-беренеси менен регламенттелет, ага ылайык ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды жалпы типтеги билим берүү уюмдарында же атайын билим берүү уюмдарында тарбиялоону жана окутууну жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда, ата-энелердин каалоосун эске алуу менен тарбиялоо жана окутуу үйүндө жүргүзүлөт. Билим берүүнүн башкаруу органдары жана билим берүү уюмдары ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды жалпы билим берүүчү же жекече программа боюнча үйүндө окутууну камсыз кылат.