Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-сентябрындагы № 590 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
5-тиркеме
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы № 346 токтому менен бекитилген |
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын (мындан ары - ЖОЖ) студенттерди которуунун, окуудан чыгаруунун жана окууга калыбына келтирүүнүн процедураларына жалпы талаптарды белгилейт.
2. Бул Жобо мамлекеттик аккредитациясы (аттестациясы) бар жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү жогорку уюмдарына колдонулат.
3. Мамлекеттик аккредитациясы (аттестациясы) бар жогорку окуу жайлардын студенттерин которуу жайкы же кышкы каникул маалында студентти кызыктырган адистик/багыт боюнча тийиштүү курста ваканттык орундар болсо окутууга кеткен чыгымдарды толугу менен компенсациялоонун келишимдик негизинде ишке ашат.
4. Студент которулуп жаткан курска жана окутуунун формасына, негизги билим берүү программасынын түрүнө байланыштуу чектөөлөрдү ЖОЖ белгилебейт.
5. Студенттин мамлекеттик бюджеттин эсебинен билим алуусунун жалпы узактыгы негизги билим берүү программасын өздөштүрүү үчүн кабыл алуучу ЖОЖдун окуу планында белгиленген мөөнөтүнөн ашпоосу керек.
6. Аккредитацияланбаган (аттестацияланбаган) жогорку окуу жайларда билим алган жарандарды аккредитацияланган ЖОЖго окутуунун каалаган формасына которуу экстернат формасындагы аттестациялоо укуктары ишке ашканда жүргүзүлөт, экстернат формасында окутуу жол берилбеген жогорку кесиптик билим берүүнүн адистиктери/багыттары буга кирбейт.
7. Билим берүү уюму кайрадан түзүлүп же жоюлган учурунда студенттерди которуу Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министрлиги менен бирдикте, карамагына ЖОЖ кирген уюштуруучу тарабынан камсыздалат.
8. Окутуунун биринчи жана акыркы курстарында студенттерди которуу жүргүзүлбөйт.
9. Акы төлөө негизинде окуп жаткан студенттерди мамлекеттик бюджеттин (гранттар боюнча) эсебиндеги орундарга которуу жүргүзүлбөйт.
10. Бир ЖОЖдон экинчи ЖОЖго билим алуусун улантуу үчүн которуу, анын ичинде бул которуу окутуунун бардык формасы боюнча бир адистиктин/багыттын негизги билим берүү программасынан башкасына өтүү, ошондой эле аларды алмаштыруу менен коштолсо, студентти которуу анын жеке арызы боюнча ишке ашат (1-тиркеме).