Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760
токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-апрелиндеги № 205 токтому менен бекитилген |
Автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын жана/же тамгалардын
өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатуу жөнүндө жобо
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-сентябрындагы № 482, 2018-жылдын 28-мартындагы № 163, 2019-жылдын 28-январындагы № 22, 2020-жылдын 28-августундагы № 453, 2020-жылдын 9-сентябрындагы № 476 , КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 , 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 452, 2024-жылдын 22-февралындагы № 78 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатуу жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатуу менен байланышкан маселелерди жөнгө салат.
2. Мамлекеттик каттоочу цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатуу ушул Жобого ылайык онлайн-аукцион өткөрүү аркылуу, ошондой эле аны өткөрбөстөн жүргүзүлөт.
3. Автоунаа каражаттары үчүн цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилердин тизмеги жана наркы жалпыга таанышуу үчүн расмий сайтында жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жайгаштырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-сентябрындагы № 482 токтомунун редакциясына ылайык)
31. Автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилеринин тизмеги жана наркы (мындан ары - 2-тизмек) ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык аныкталат жана жалпыга маалымдоо үчүн ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында, ошондой эле массалык маалымат каражаттарында жайгаштырылышат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 28-августундагы № 453 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бул Жободо колдонулган негизги түшүнүктөр
4. Бул Жободо төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белги - автоунаа каражатынын цифралардын жана/же тамгалардын атайын топтомун камтыган мамлекеттик каттоочу номердик белгиси;
онлайн-аукцион - ыйгарым укуктуу органдын сайтында өткөрүлүүчү цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик каттоочу номердик белгилерди жеке адамдарга сатуу методу;
баштапкы баа - цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгинин онлайн-аукциондо баштапкы белгиленген баасы;
онлайн-аукциондун кадамы - онлайн-аукциондун жүрүшүндө старттык бааны жогорулата турган кошумча баа жана онлайн-аукционду өткөрүү системасы тарабынан жарыяланган ар бир кийинки баа;
катышуучу - ушул Жобо менен онлайн-аукционго катышуу үчүн аныкталуучу, белгиленген тартипте каттоодон өткөн жеке адам;
жеңүүчү - онлайн-аукциондо жеңип алган катышуучу;
ыйгарым укуктуу орган - Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик;
тастыктама - цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгини сатып алуу фактысын ырастоочу белгиленген формадагы документ/электрондук документ.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 452, 2024-жылдын 22-февралындагы № 78 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Мамлекеттик каттоочу цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин ачык аукцион өткөрүү аркылуу сатуу
5. Тизмектин (ушул Жобонун тиркемеси) 1-4-пункттарында көрсөтүлгөн цифралардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилер онлайн-аукциондо сатылат.