Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 650 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобо
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 240, 2016-жылдын 17-майындагы № 262, 2016-жылдын 10-августундагы № 438, 2016-жылдын 12-декабрындагы № 653, 2017-жылдын 24-августундагы № 533, 2019-жылдын 30-декабрындагы № 730, 2020-жылдын 13-августундагы № 420, 2020-жылдын 17-сентябрындагы № 489 токтомдорнун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары - Мамагенттик) лицензиялоо жана электр, жылуулук энергиясына жана жаратылыш газына тарифтерди белгилөө аркылуу отун-энергетикалык комплекстин субъекттеринин ишин мамлекеттик жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп эсептелет.
Мамагенттик "Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык отун-энергетикалык комплекс (мындан ары - ОЭК) жаатында ыйгарым укуктуу монополияга каршы орган болуп эсептелет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-сентябрындагы № 489 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Мамагенттик өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Мамагенттик өз ишин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана юридикалык жактар менен өз ара аракетте жүргүзөт.
4. Мамагенттик Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, белгиленген үлгүдөгү башка мөөрлөрү, штамптары жана бланктары бар юридикалык жак болуп эсептелет.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-августундагы № 438 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Мамагенттиктин милдеттери
5. Мамагенттиктин милдеттери:
- керектөөчүлөрдүн жана ОЭКтин субъекттеринин кызыкчылыктарынын теңдемин камсыз кылуу;
- ОЭКтин субъекттеринин ишинин экономикалык натыйжалуулугун жана ишенимдүүлүгүн жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү;