Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-ноябрындагы № 747 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
2015-жылдын 27-январы № 24
Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин түзүү,
колдонулушу жана токтотуу, ошондой эле аларды
мамлекеттик каттоо жана жарыялоо маселелери жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин каттоонун жана эсепке алуунун бирдиктүү мамлекеттик тутуму жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин күчүнө кирүүсү, колдонулушун токтото туруу же денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу), ошондой эле жарыялоо жөнүндө билдирүү тартиби 2-тиркемеге ылайык.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
2-тиркеме