Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2015-жылдын 4-марты № 97
“Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад жана Ош облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
“Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр жактырылсын:
- “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад жана Ош облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад жана Ош облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
1-берене
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Т.Балтагулов айыл аймагынын Кажар калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Т.Балтагулов айыл аймагынын Кажар айылы деп аталсын.