Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
2015-жылдын 23-марты № 142
"Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.Ю.Абдылдаев, К.Абдиев, А.А.Калмаматов жана Н.А.Айдаров тарабынан демилге кылынган "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-мартындагы № 142 токтому менен жактырылган |
"Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.Ю.Абдылдаев, К.Абдиев, А.А.Калмаматов жана Н.А.Айдаров тарабынан демилге кылынган "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып төмөнкүлөрдү билдирет.
Мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумун реформалоо боюнча иш-чаралар комплексин аткаруунун алкагында "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 6-февралындагы № 23 Жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.
Ушуга байланыштуу "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык Куралдуу Күчтөр аскердик башкаруу органдарынан, жөө аскерлер бирикмелеринен, бөлүктөрдөн жана мекемелерден (уюмдардан), Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнөн, Улуттук гвардиядан жана чек ара кызматынан турат.
Куралдуу күрөштүн каражаттарын колдонуу менен коргоого мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдардын аскердик түзүлүштөрү жана аймактык коргоо милдеттерин чечүү үчүн түзүлүүчү резервдик түзүлүштөр (башка аскердик түзүлүштөр) тартылат.
Мында, "аскерлер" деген түшүнүк Куралдуу Күчтөрдүн негизин түзүүчү аскерлердин түрлөрүн, ошондой эле Куралдуу Күчтөрдүн аскердик бөлүктөрүнүн жана кошуундарынын топторун билдирет.