Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
2015-жылдын 21-майы № 310
"Ош облусунун Кара-Суу районундагы Нариман айыл аймагынын чек араларынын баяндалышын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "Ош облусунун Кара-Суу районундагы Нариман айыл аймагынын чек араларынын баяндалышын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- "Ош облусунун Кара-Суу районундагы Нариман айыл аймагынын чек араларынын баяндалышын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин короосуна кечиктирилгис катары кезексиз тартипте киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
1-берене.
Ош облусунун Кара-Суу районундагы Нариман айыл аймагынын чек араларынын баяндалышы ушул Мыйзамдын тиркемесине ылайык бекитилсин.